www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Уйгур, кытай, кыргыздар байыркы элдер, муну уйгурдун күйөө баласы Феликс Кулов билет, балким ошондуктан уйгурга үйлөндү. Кыргыздар еврейлерден кийинки экинчи орунда турат, эки миң жылдан же көөнө байыркы кылымдан бери өз атын өзгөртпөгөн калк. Кыргыздар жөнүндө биздин заманга чейин миң жыл мурун кытай санжырасында жазылып калса, биздин заманга чейин 99 жылы кытай тарыхчысы Сим Цзянь «Историческая записка» аттуу эмгегинде: «Императоры пытались покорить кыргызов, однако высших их успехом стала выдача дочери своего замуж за кагана кыргызов» деп жазган. Кыргыздар Борбордук Азиядан Атилланы (Адыл) ээрчип 440-455 жылдары Европага барышып, ал кездеги эң күчтүү империя Рим империясынын таш-талканын чыгарышкан. Атилла жеңиштен соң Дунайдын чыгыш жээгине жайланышып, талкаланган Батыш Рим империясынын аймагы Франция, Германия, Италияга ээлик кылган. Кыргыздардын негизги тукуму Венгрияда калганы менен Германияда да тукумдары калыптыр. Немецтерди улут катары 843 жылы император Оттон баш коштурса, Франция Гуго Капета башкарган 987 жылдан баштап айтыла баштаган. Атилла учурунда Константинополь (азыркы Стамбул) башында турган Чыгыш Рим империясына жортуулга чыгат. Атилла басып аларын сезген үчүн алар сулуу аялды салып берип, уу бердирип өлтүрүшкөн.
Түрктөрдө байыртадан бери мындай накыл кеп бар: «Кыргыз бабам, казак кандашым, өзбек жээним, түркмөн түбү биргем, каракалпак карындашым, татар тагдырлашым» деген. Мында катылган терең тарых жана философия бар. Өзбектер кыргыздарды «тага», казактар болсо «боорум» дешет. Бул дагы байыркы тарых, санжырада өзбектердин түпкү энеси кыргыз, ал эми казактар менен бир атадан тараган.
Негизи казактардын кыргыздан чыкканы тууралуу бир ооз кеп. Байыркы замандарда көчмөн кыргыздардын бир тобу колго түшкөн кытайлыктарга көз салып, чөл тарапта жашап калышкан. Ал кезде көчмөн кыргыздар кытайлыктар бири-бири менен так талашып алсыраган учурда каптап киришчү, туткундарын,мал-салын айдап барышып чөлгө алып барып багышкан. Ал жерде кайтарган кыргыздардан улам кыргыз тилинде сүйлөшкөн, бирок кытайлыктардан жуккан дифтонгдору кала берген. Казак тилинде дифтонгдор көп кездешет. Чыңгызхандын убагында чөлдөгү кыргыздарды монголдор басып алышкан да өздөрүн ак сөөк жарыялаган. Ал эми чөлдөгү кыргыздарды кара сөөк дешкен. Ак сөөк монголдор казакташып кеткен. Жоочу хандын тукуму Жаныбек хан болгон соң ак сөөк жана кара сөөк кыргыздарды казактар атаган. Казак –бул көчмөн, жоо чабар деген сөз, орус, украин менен чектеш жерлерде да чачыранды казактар бар. Дон казактарыбыз, кубан казактарыбыз, урал казактарыбыз, сибир казактарыбыз да алар ушул наамга сыймыктанышат. Бирок алар бул казактарга кошулбайт, бул да монголдор менен кыргыздардан ошол жакка барып «Алтын Ордо», «Ак Ордону» түзүшүп, калып калгандары. Мурун түрк тилинде сүйлөшчү экен, Шолоховдун «Тынч Донунда» баса жазылган, кийин орусташтырып, орус тилине XVII - XVIII дарда биротоло өткөн. Өңдөрү кара келет, буларды кыргыз эли чаташтырып албайлы деп орус-казак дешет.
Чөлдүк кыргыздар кыргыз экенин биздин убакка чейин унуткан жок. Орус жана башка коңшулары аларды «киргиз» деп келишкен. Чокан Валихановду «великий киргизский поэт» дешкен, Пушкин да «киргиздерге» арнап ыр жазган. Совет маалында казактарда «Кыргыз АССРи» түзүлгөн, алардан айырмалаш үчүн чыныгы кыргыздарга Кара-Кыргыз деген наам беришкен.
Көөнө кылымдарда эле кыргыздардан коргонуп кытайлыктар биздин заманга чейинки IV –III кылымдарда калканыч кылып сепилдерди кура баштаган. Көчмөн кыргыздар түндүктөн кытайлыктарга кол салып турган. Сепилди салыш үчүн канча миллиондогон адамдардын өмүрү кетпеди, муну кытайлар да өздөрү моюнуна алышып, түндүктөгү көчмөн элдерден жашынуу үчүн сепил курушканын айтышат.