www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-августта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча Дүйнө кубогунун биринчи күнү жыйынтыгында улуттук курама команда 7 медаль жеңди. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, мелдештин алгачкы күнү спорттук самбо боюнча эркектер арасында 58, 64, 71, 79, 88, 98, 98+ килограмм салмак даражаларында, ал эми күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 59, 65, 72 килограмм салмак даражаларында беттештер өттү.

Улуттук курама команда күндүн жыйынтыгы менен жалпы 7 медаль жеңди; 1 алтын 1 күмүш жана 5 коло медаль.

98 килограммдан жогоркулар арасында Бекболот Токтогонов алтын, күжүрмөн самбо боюнча кыздар арасында 65 килограмм салмак даражада Мираида Медетбек кызы күмүш медалга ээ болду.

Ошондой эле, 58 килограмм салмак даражасында Кайрат Жусуп уул, Темирлан Уланбек уулу, 88 килограмм салмак категориясында Фарух Мамажанов, 98 килограмм салмак даражасында Артур Сансызбеков, +98 килограмм салмак даражасында Сыймык Жапаров коло медалдардын ээлери болушту.

Белгилей кетсек, мелдеш “Газпром-балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда өтүүдө. Ага Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Болгария, Азербайжан, Армения, Кытай, ФИАС 1 (Россия), ФИАС 2 (Беларусия) жана Израилден келген спортчулар катышууда.

Беттеш бүгүн, 23-августта жыйынтыкталат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости