www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Таластагы филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз аракеттеринин фактысы аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Талас районунун аймагында "Кыргызавтожол" мамлекеттик ишканасынын Талас филиалынын кызмат адамдарынын мыйзамсыз иш-аракеттеринин фактысы аныкталды.
Тиешелүү адистерди тартуу менен текшерүү иштери учурунда, Суусамыр - Талас - Тараз автожолунун айрым участокторунда курулуш-монтаждоо иштерин жүргүзүү учурунда, мамлекетке 10 миллион сомдон ашык келтирилген зыян аныкталды.
Азыркы учурда, бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүгү "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" боюнча кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын ордун толтурууга жана бул ишке тиешеси бар адамдарды кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Булак: NazarNews.kg