www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алдамчылык фактысы боюнча К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин 3-бөлүгүндө каралган алдамчылык фактысы боюнча кылмыштын негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, 22-августта Ысык-Көл районунун Бостери айылынын аймагынан криминалдык чөйрөлөрдө "Мокинтош" каймана аты менен белгилүү оор жана өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолгон аталган айылдын "смотрящийи" аталган К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү Майрамбек Мусадаров кармалды.

2020-жылы М.Мусадаров Чолпон-Ата шаарынын ипподромунун жанынан жер тилкесин берүү шылтоосу менен ишенимге кирип, КР жаранынан 5 миң доллар жана "Ауди С4" үлгүсүндөгү унаасын тартып алган. Бирок, акырында жогоруда көрсөтүлгөн жер тилкесин К.Асанбекке өткөрүп берген.

Ыкчам-тергөө иш-чаралары көрүлгөндөн кийин М.Мусадаров Жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМКнын Чүй облусу боюнча башкармалыгы тарабынан бул ишке тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости