www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Базар-Коргон милициясы баңгизатын сактап жана колдонуп жүргөн жарандарды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Базар-Коргон РИИБдин Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын (БМЖККК) кызматкерлери тарабынан район аймагында 2 жаран баңгизатын сактап жүргөндүгү боюнча ыкчам маалымат алынган.
Бул факты Базар-Коргон РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо) негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.
Жалал-Абад ОИИБдин жана Базар-Коргон РИИБдин БМЖКККнын, ошондой эле кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, кылмыш ишине шектелип Ноокен районунун тургундары 1999-ж.т. Т.Т. жана 2003-ж.т. Т.Р. кармалган. Шектүүлөрдү кармоодо жана үйүн тинтүү учурунда өзгөчө кескин жыты бар баңгизаттары табылып алынган.
Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында шектүүлөрдүн жанынан жана үйүнөн чыккан баӊгизатынын жалпы салмагы 204,525 гр (18,925 гр марихуна, 185,6 гр солома каннабиса) экендиги аныкталган.
Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: NazarNews.kg