www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эл аралык издөөдө жүргөн бир катар жарандар кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-августта Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Интерпол УББсы Түркия Республикасынын укук коргоо органдары менен биргеликте атайын операция өткөрдү. Натыйжада, Бишкек шаарынын аймагынан 1979-жылы туулган О.Г. кармалган. Ал түрк полиция кызматкеринин денесине оор залал жана мамлекетке материалдык зыян келтиргендиги үчүн Түркиянын Интерполу тарабынан издөөдө жүргөн.

15-августта Казакстандын чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда кыргызстандын жараны 1991-жылы туулган М.у.Д. кармалган. Ал курал-жарак жана физикалык күч колдонуу менен  адамдардын тобу тарабынан каракчылык кол салуу жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн. Кылмышкерлер Ж.К. жана К.М. аттуу жарандарга таандык 395 миң сом акча каражатын ээлеп алышкан.

Мындан тышкары, ИИМдин Интерпол УББнын кайрылуусунун негизинде, Алматы шаарынын аэропортунан Кытай Эл Республикасынын жараны 1978-жылы туулган С.Г. кармалып, ал Кыргызстанда мыйзамсыз ишкердик менен алектенип жүргөн. Ошондой эле ал 2008-жылы республиканын финансы полициясы тарабынан издөөгө жарыяланган. Ошол учурда мамлекетке келтирилген зыян 3 миллион сомдон ашкан.

Ошондой эле, ИИМдин Интерпол УББсы менен КР Башкы прокуратурасынын биргелешкен ишинин натыйжасында Мадагаскар аралында 1983-жылы туулган С.А., аттуу жарандын өздүгү такталып, Кыргызстанга жеткирилген. Ал республикада жайгашкан банктарынын биринин кызматкерлери аркылуу, 4 адамдан турган кылмыштуу топ түзүшүп, өлкөдөн мыйзамсыз түрдө акча каражатын алып чыгып кетишкен. Мамлекеттин мыйзамдуу корголгон кызыкчылыктарына 23 000 000 доллар өлчөмүндө зыян келтирген.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары тарабынан кармалган жарандарды экстрадициялоо маселелери боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 
 

Последние новости