www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын 71 жаштагы тургуну 2022-жылдын аягында Өзбекстандын эки жараны үйүндө иштетем деп 200 долларга сатып алган. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттарына таянуу менен Podrobno.uz сайты жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, кулчулукка Россияда мыйзамсыз жашаган 31 жаштагы эркек менен 27 жаштагы аял кабылган. Алар полиция келгенге чейин 6 айга жакын бакчада иштешкен.

Пенсионер-кул ээси кармалып, "Адамды уурдоого байланышпаган мыйзамсыз түрдө эркиндигинен ажыратуу" жана "Мыйзамсыз миграцияны уюштуруу" беренелери боюнча кылмыш иши козголуп, учурда ал СИЗОдо.

Өзбек жарандарын сатып жиберген белгисиз сатуучулар издөөгө алынды. 

Булак: NazarNews.kg 
 

 

Последние новости