www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

БШКнын мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимовго карата соттун өкүмү чыкты. Абдраимов "Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренеси боюнча кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп табылып, ага 2 млн сом айып салынды. Абдраимов БШКнын төрагасы болуп турганда, өзүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, кызматтык абалын жана саясий байланыштарын колдонуу менен мыйзамсыз баюу максатында, 2015-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата райондук мамлекеттик администрациясынын кызмат адамдары менен алдын ала сүйлөшүп алуу аркылуу муниципалдык жер тилкени таштанды таштоочу жай катары 95% акциясы Т. Абдраимовго тиешелүү “Кайнар” ЖАКка ижарага берүү боюнча иштерди жүргүзгөн.

Кылмыш ишин андан ары иликтөөнүн жүрүшүндө Т.Абдраимов өзүнүн мыйзамсыз аракеттерин түшүнүп, кылган ишине өкүнүп, жазасын жеңилдетүү максатында 11,2 гектар жер тилкесин (таштанды таштоочу жай) Чүй облусунун Ысык-Ата райондук администрациясынын балансына өткөрдү, иш боюнча белгиленген 15 млн 300 миң сом зыяндын ордун толук толтурду, ошондой эле Ысык-Ата курортунун аймагында жайгашкан конок имаратын өз ыктыяры менен КР Кыргызстан профсоюздар федерациясынын балансына өткөрүп берген.

Туй акенин 3 уулу бар — 32-35 жана 40 жашта, үчөө тең жеткен көпөстөр, машина деген саман. Балдарынын ыксыз көпкөндүгү Туй акенин камалышына себеп болду. Геббельс деген немецтин, мындайча айтканда Гитлердин оң колу болгон. Ал канчалык укмуштуудай калп болсо, ошончолук эл абдан ишенип калат деп айткан. Бирок жомоктогудай мүлккө ээ болгондор арабызда жок эмес. Кайсы жерге барбасын туйлап жүргөн Туй аке элдин канын кене малдын канын соргондой соргон. «Ат оонаган жерде түк калат» Туй аке оонаган жерде атасынын башы да калган эмес. БШКнын мурдагы бир нече жолку жетекчиси Туй аке Абдраимов үй камагына чыгарылды. Абдраимовдун иши боюнча тергөө уланып жатканы белгилүү. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал мамлекетке 14 миллион сом өлчөмүндө зыян төлөп берген. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарды. Адвокат Самарбек Болотбеков Туй аке Абдраимовдун баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу маалыматты тастыктады. Бирок жактоочу тергөөнүн сырына таянып, айыпталуучу тарап келтирилген зыянды төлөгөн-төлөбөгөнүн билдирген жок. Атайын кызмат өкмөттүн Чүй облусундагы мурдагы ыйгарым укуктуу өкүлү Туй аке Абдраимовдун кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныктаган. Ал Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы болуп турганда кызматтык абалынан пайдаланып, Ысык-Ата районунун Жээк айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин “Кайнар” ЖАКсына 11,2 гектар таштанды төгүүчү жай аянтын бекер бөлүп берүүгө мажбурлаган. Май айында ал УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.

 Туй аке Абдраимов минтип шыпшынып жатат: «Менин ушунча мүлкүм барбы деп өзүм да таң калдым» -деп. Анын айтымында, УКМК анын мүлктөрү тууралуу маалымат тараткандан кийин өзү да таң калган. Туй аке белгилегендей, жер тилкесин жер реформасы жүргөн 1990-жылдары алышкан.

Аялынын Көк-Жарда батири жана да килтейген үйү бар, аны алар 1995-жылы сатып алышкан. Ал эми Туй акенин хансарайы  жана мал сарайы бар 2005-жылдары Март революциясынан соң пайда болгон. Азыр Туй аке Ысык-Ата курортунда реабилитациялык борбор куруп жатат, инвесторлор бар жана 400 миң доллар насыя алган. Бул менчик клиника экенине документалдуу далилдер бар.

Туй аке мамлекеттик кызматта иштесе да өмүр бою бизнес менен алектенип келет. Ал тургай чоң кызматта иштеп турса дагы Кытайга, Иранга, Түркияга барып соодалашып жүргөн. Туй акенин Ивановка айылындагы «Кайнар» ЖАКта акциялары бар. Туй аке аны 2000-жылдары Орусияга жана АКШга туруктуу жашоого кеткен досторунан сатып алган. Мамлекеттик кызматта иштесе кайсы акчаларына сатып алат?  Бул тууралуу Ивановка айылынын тургундары эмес Кыргызстан бүт билишет. Туй аке кыймылсыз мүлктү, автоунааларды, жер үлүштөрүн сатып алып, кайра сатканга уста. Мунун баарын УКМКнын маалыматында жерден чукуп табышып көзүнө сайып көрсөтүшкөн.

Туй аке Абдраимов мыйзамсыз байыган фактылар аныкталганын УКМКнын басма сөз кызматы тараткан. Андагы расмий маалыматта: «Абдраимов жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир, 18 жер тилкеси, 2 унаа токтотуучу жай, 5 турак жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа жана ошондой эле «Ысык-Ата» курортунун территориясында бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган». Туй аке Абдраимов мурда Борбордук шайлоо комиссиясын эки ирет башкарган, 2018-2019-жылдары өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү болуп иштеген. Ал губернатор кезинде манчыркап, журналисттин келбетине асылып, коомчулуктун кескин сынынан кийин кызматтан алынган.

«Супсулуу» губернатор күзгүдөн каранса эле  21 турак-жайы (16 элиталык батир), 16 автоунаасы, 18 жер «участогу»,  3 фермердик чарбасы, 250 млн сомдук активи  бар экен. 2019-жылдын 5-июнунда майрамдык намаздан соң Чүй облусунун Орок айылында кыргыздар менен түрктөрдүн ортосунда улуттар аралык жаңжаал чыгат. Бул жаңжаалдан улам 15 үй жапа чеккен. Көпчүлүгү терезелери талкаланып, үймөк чөптөр өрттөлгөн, милиция кызматкерлери 25-30 уюштуруучуларды кармап кеткен. Эки жаш жигит бирөө кыргыз, бирөө түрк-месхет экөөнүн ортосундагы чыр-чатак ушундай оор кырдаалга алып келген. 6-июнь күнү бул жерге келген ал кездеги Чүй облусунун губернатору Туйгунаалы Абдраимов бир гана телеканалга маек берерин айткан.  Бирок, ал ошол жерде турган журналисттердин биринин өңү суук экен, эч ким менен сүйлөшпөйм деп айнып кеткен. Ошондон соң «сулуу» губернатор социалдык тармактарда катуу талкууга алынып кызматынан кетүүгө аргасыз болгон. Атамбаевди жамандап жүрүп бул мансапка жеткен Абдраимов Атамбаевдин туулган күнүнө карата үч жылкы союп, 110 миң кишини митингге чогултмак. Кишилер чогулса керек, бирок 110 миң эмес.

УКМК Чүй облусунун мурдагы жетекчисинин ишин тергеп жатканда төмөнкүлөр аныкталды деп билдирди.Тергөө учурунда Туйгунаалы Абдраимов жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп жаткан учурунда кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланып, мыйзамсыз баюу жана материалдык пайдалар менен артыкчылыктарга ээ болуу үчүн активдерин көбөйткөн. Легалдаштыруу максатында Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун аймагында өзүнүн расмий кирешесинен бир нече эсе жогору турган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктүн кымбат объектилерин сатып алгандыгы аныкталды. Ошондой эле Кыргызстандын бир катар коммерциялык банктарына финансылык инвестицияларды салганы белгилүү болду. Ошол эле учурда кылмыш жоопкерчилигинен качуу үчүн бул активдерди башка адамдардын атына каттаган.

УКМК 16 батирден тарта бир нече автоунаа, "Ысык-Ата" курортунун аймагындагы чала бүткөн курулуш объектилерине чейин жарыялады. Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында, Туйгунаалы Абдраимов жакын туугандарына жана аффилирленген адамдарга 16 батир +5 турак-жай, 18 жер тилкеси, унаа токтотуучу 2 жай, 3 дыйкан чарба, 16 автоунаа, "Ысык-Ата5 турак жай, " курортунун аймагындагы бүтпөгөн курулуш объектилерди каттаган. УКМК кармалган мурдагы облус башчынын жана анын жакын туугандарынын активдери киреше жок болгон учурда да кескин көбөйүп, 250 миллион сомдон ашык бааланды деп кошумчалаган. Иш чогулткан материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 323-беренесинин 2-бөлүгүнүн 1-пункту ("Мыйзамсыз баюу") боюнча сотко чейинки өндүрүшкө катталган. Мунун алкагында бул кылмышты жасоого тиешеси бар адамдарды жана алар мыйзамсыз алган мүлктү аныктоого багытталган ыкчам-тергөө иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүп жатканы айтылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости