www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажик аскерлери Баткендин Максат айылындагы мектепти кайрадан өрттөп, талкалашты. Бул тууралуу Кулунду айылдык кеңешинин депутаты Сабриниса Надырова билдирди.

Аталган билим берүү мекемесин тажик тарап ушуну менен экинчи ирет талкалап жатат. 2021-жылдын апрель айында болгон чыр-чатакта да тажик аскерлери мектепти жараксыз кылып талкалап, өрттөшкөн. 

Бирок Кыргызстандын бийлиги аны оңдоп-түзөп, ошол эле жылдын сентябрь айында пайдаланууга берген.

Мындан сырткары, айылдагы 2021-жылы эле салынган "Сейтек" бала бакчасы да талкаланган. Айыл башчы 16-сентябрда ага снаряд түшкөнүн айтып, бакчанын имараты так ортосунан ураганын кошумчалады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости