www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Контрабанда күчөп кетти. Бул майлардын АЗСтерден айырмасы болгону- 2 сом. АЗСтерде 60 сом болсо 58 сомдон сатышат, ал эми АЗСтерде 58 сомго түшсө, булар 56 сомго түшүрүп коюшат. Эмне кымбат сатасыңар десем, бизден үлүш алчулар көп жогоруда деп жооп беришти. Эми карап туруңуздар. Биз АЗСтерден 600 сомго 10 литр май куйсак, анын 13% салык катары мамлекеттин чөнтөгүнө кетет. Мындайча айтканда- 80 сом. Ошондо АЗС бизге майды- 520 сомго саткан болот. А бул контрабандачылар бизге таптаза эле 580 сомго сатып жатышат. Мамлекетке 1 тыйын төкпөй туруп эле. Сапаты да бир топко начар. 2-3 жыл мурун, май АЗСтерде 35 сом болсо булар 28 сомдон сатышчу. Мейли элге арзан, жумушчу орундуктар дедик. А жок, эми булар таптакыр болбой күчөп, эми минтип кетишти. Эмнени айткым келип турат? 2 сомдон качпай эле АЗСтерден куюшубуз керек го дейм, мамлекетибизге пайда болсун десек!

Жакында депутат Алишер Козуев Бажы кызматы жыйымдарды 24 млрд сомго аз чогултуп жатканын айтып, Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп дайындалган Улан Кимсанов тууралуу сөз кылган: «Улан Кимсанов тууралуу коомчулукта жакшы сөз жок. Канчалаган бизнесмендер арасында сөз болуп жатат. Кайсы критерий менен кайра алып келдиңиздер? Ал киши иштеп жатканда план түшүп жатыптыр. Үч айда туруктуу болуп жатканда, эмнеге кайра алып келдиңиздер? Ал кишинин «крышасы» башкачабы?», — деди ал.

Суроого жооп берип жатып минкаб Бажы кызматынын жетекчилигинин жоопкерчилиги караларын белгилеген: «Салык инспекциясында иштегем, бажы тармагын да билем. Ал жакта иштеп жаткандардын 80-90%ы ак дили менен маянага иштеп жатат. Жетекчи боюнча айтып жаткан талабыңызды колдойм. 20-декабрга чейин алардын жоопкерчилигин карайбыз. Жанымда кесиптештерим турат, «тиги орун басарларыңды ал» деп эч кимге айтпайм. 20-декабрларда бажы боюнча чечимдерге күбө болосуз», – деди ал. Мүмкүн бул элге сүт эмизип койгонудур.

Сөзүн улай ал бажы жыйымдары боюнча пландын аткарылбай калышынын объективдүү себептери бар экенин билдирди: «12-14 млрд сомго объективдүү факторлор бар. Бирок 10-12 млрд сомду жакшы иштесе, чогулта алмак. Ошондуктан алардын жоопкерчилиги каралат. Эч кимди эч ким коргобойт. Жанымда отурган бир да кесиптешим «крышам» бар деп айта албайт. Анын ичинде мен да айта албайм. Мен планды аткарып, жакшы иштесем иштейм. Жакшы иштей албасам, түнү болсо түнү, эртең менен болсо, эртең менен мени кетирип коюшат», — деди ал.

 Министрлер кабинетинин төрагасы учурда бажы тармагы эң чоң көйгөй болуп жатканын айткан. Парламенттин Экономика, бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитетинин жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Бажы кызматынын төрагасы Самат Исабековдун ишине нааразычылыгын билдирген: "Баарыбыз чогулуп бажы инспекциясында тартипти орнотушубуз керек. Бизде азыр эң талылуу көйгөй Бажы кызматында болууда. Керек болсо мекен үчүн күйгөн балдарды алып келебиз. Урматтуу Садыр Нургожоевич менен дагы сүйлөштүм, керекпи, бүт бажычыларды бир күндө иштен бошотуп туруп, алардын ордуна жаңы институтту бүткөн балдарды киргизгенге биз даярбыз. Азыр ошого системаны даярдап жатабыз", — деген Жапаров.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости