www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Рождество майрамына карата Улуу Британиянын 1952-жылдан 2022-жылга чейин королевасы Елизавета II сый тамак уюштуруп, бул салтанаттуу тамагына Кыргызстандан  Аскар Салымбековду чакыра турган.  Эмки королу сый конок тууралуу кабар бере элек, болсо керек. АКШ президенти Джо Байден да Рождество күнүнө карата семиз үндүктү баш кылып, сый тамак уюштуруп, Кыргызстандан Аскар Салымбековду сый тамагына чакыра турган. Орусияда согуш башталып кетип, мындан да кур калды. Таң калычтуусу Аскар Салымбеков экиге бөлүнүп кетпей, экөөнө тең барып жетишчү. Рождество майрамы дүйнөнү учурда чимирип турган католиктердин крестке кадап өлтүрүлгөн Иса пайгамбарды  эскерүү күнү. Ал эми православие дини Иса пайгамбарды 7-январда эскеришет. 25-декабрь күнү дүйнөнүн белгилүү мамлекеттери АКШ, Канада, Улуу Британия, Франция, Германия, Италия, Бельгия, Швеция, Швейцария, Дания, Финляндия, Австрия, Польша сыяктуу көптөгөн мамлекеттерде майрам.

Аскар Салымбековдун атбашылык Камчыбек Жолдошбаев деген олигарх жердеш иниси бар. Бул адам түн ичинде уктап жатса да, Аскар Салымбековго окшошом деп түшүнөн ойгонот. Аскар Салымбековду жамандаса «ак эткенден, так этет». Камчыбек Жолдошбаевдин Аскар Салымбековго болгон ичиндеги уйгу-туйгусу ичине батпай, анын агаларына кара бойок сүртүп гезит беттерине чыгарып алып, Ат-Башыда маркумду көрүстөнгө коюп эл куран окуп жатса, Камчыбек Жолдошбаев гезитин таратып жүрөт дешчү. Анысын  Аскар Салымбеков тоготпой койсо керек, Камчыбек Жолдошбаев  Аскар Салымбековдун азыркы аялы андан мурун мага келип турчу деп дагы бир ойдо жок сөз таратты.  Балким болгондур, арийне, эми эки жубай ырыс-кешиктүү жашап жаткан соң, аларды чукулап кереги бар беле?

Камчыбек Жолдошбаевди 25-декабрда Рождество карата ким чакырганын билбейм, бул да Ат-Башынын салабаттуу олигархы, балким кайсы бир мамлекет чакыргандыр. Кеп анда деле эмес, Камчыбек Жолдошбаев ыйлай турган учур келди, эмнеге:

  1. Аскар Салымбековду мен мыктымын деген мамлекеттер сый тамакка чакырып жатышат. Муну ойлогон Камчыбек Жолдошбаев  шиш сайгандай уктай албай жаткандыр.
  2. «Бир кездеги Эл өкүлдөр жыйынын депутаты Сооронбай Жээнбековго волейболдон өзүм үйрөтүп, өзүм машыктыруучу болгонмун» -деп эрдемсинди эле, тарых барактарын ачсак  Сооронбай Жээнбеков мектепке окуп жүргөндө эле волейболду жакшы ойноп, кээ бир мелдештерде ал кирген команда жакшы орундарды алыптыр.
  3. Камчыбек Жолдошбаев  парламенттик жыйында кеч калып калса керек, «парламенттик жыйынды эртерек аяктагыла, үйгө барып аялдардын тамагын ичели» -дегени бир учурда катуу кеп болгон. Демек, Камчыбек Жолдошбаевдин курсагы аябай ачкан же аялын сагынган. Балким аялынын тамагына деле барбай ресторандан тамактанмактыр.
  4. Депутаттарды кымбат машинага гана түшүш керек деп чамынган Камчыбек Жолдошбаевдин тилеги таш капты. Анткени, эмки 2023-жылы депутаттар кымбат баалуу машиналардан түшүп, эл менен аралашпаса бовойт!

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg 

Последние новости