www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздар тууралуу орус империясынын тушунда да, СССР убагында туура эмес маалыматтар берилип жүргөн. Орустар байыркы кыргыздарды эсинен чыгарып, белгилүү окумуштуусу Кызласов деген хакас «Кыргыз» деген эл болгон эмес, кыргыздар хакастардын башкаруучу уруусу болгон деп келжиреп турду. Мейли келжиресе келжиресин болгон күчүн ал эч кандай «энесай кыргыздары» Ала-Тоону көздөй көчүшкөн эмес, деп азыркы кыргыз элинин «Шибердеги тарыхын» кыя чаап жатат. Ал байыркы кыргыздардын 18 кылымга чейин энесайдагы тарыхын жокко чыгарып жатат. Мындай ойго орус окумуштуусу Виктор Козодой макул эмес. Козодой деген орусиялык тарыхчы энесай кыргыздарын туура эмес аташкан «шибер кыргыздары» деп аташ керек деп туура даңкылдатып жатат. Кыргыздар Шиберде биринчилерден болуп мамлекет курушкан. Ал мамлекет биздин замандын 3 кылымынан 17 кылымга чейин жашаган деп. Козодой советтик мезгилдеги окумуштуулардын гипотезаларын койдой союп, талкалап жатат. Ким мамлекет башында болсо алардын көзүн карап, тарых жаза алышпаган байкуштар ар кайсыны айтып дөөрүшкөн.

Падышачылык заманында, Совет доорундагы орустар эмне десе ошону туурагын кыргыз тарыхчылары энесай кыргыздарын ата -баба кылгандан дырдай качышчуу эле. Анан жалган тарых кантип болсун. Козодой «Шибер кыргыздары» деп атабызды бир заматта таап берип койду. Азыркы кыргыздар ошол «Шибер кыргыздарынын» тукумдары деп жазып жатат, мындайча айтканда кыргызга бүтүндөй Шиберди ыйгарып салды. Козодой  Кызласовдун теориясы туура эмес деп жокко чыгармай болду. Кызласовдун «Хакастар» деген китеби хакастарды мактап, кыргыздарды басынткан китеп. Хакас  деген эл советтик заманда эле пайда болгон. Мурун орустар аларды «миңсуулук (минусинский) казактар» деп аташкан. Совет мамлекети учурунда «хакастар» деп аталып калган. Эми жаңы ат алганына 100 жыл боло элек хакастар Кызласов аркылуу тарыхыбызды талашып жатат.

Кыргыздар керек болсо өздөрү келип тийишкен казактарды кыйратып, Кенесарыны өлтүрүп башын Санкт-Петербургга жөнөтүп жиберишкен. Кыргыздар кыя чапкан казак ханынын башын орустар 180 жылдан бери «сары майдай сактап» казактарга бербей жүрөт. Керек болсо казактар орустардан Кенесарынын башын алып, ариет менен көмүш керек эле. Казак-кыргыз чабышында Ормондун кылган эмгеги төө көтөргүс. Ал кезде Кененсары кол курап, орустарга тишин кайрап, алар менен душмандашып турган.1847-жылы салгылашуу алдында Ормон орус жандыралдары менен тынчтык келишимди жүргүзүп, орус аскерлери Кененсары көмөк көрсөткөнү келе жаткан казактардын колун өткөзбөй тосуп турган. Бул жардамдын келе албай калганы учурунда Кененсарынын жеңилишине чоң көмөк болгон. Кокус Ормон ортого түшүп орус аскерлери казактардын бул чоң аскерин токтотпогондо уруш кайсы өңүттө жүрөрүн ким билет.

 Ал Улуу жүз казагы менен алатоолук кыргыздарды багындырууну жана аларга таянып, падыша аскерлерине, Кокон хандыгына каршы күрөштү улантууну көздөгөн. Бирок ою ордунан чыкпай, анын акыркы жылдарда күч алган талоончул согуштары калктын кыйла бөлүгүн, султан, бийлердин бир тобун кыймылдан алыстоого түрткөн. 1846-жылы Улуу жүз казак султандары менен бийлеринин көбү Орусия тарапка оогон. Бирок абалынын начарлагандыгына карабастан, Кенесары 1847-жылы кыргыз жерине кол салып чапкын баштоого камынат. Орус аскерине каршы кармашта алдан тайып, түштүктү көздөй сүрүлгөн хан Кене кыргыздарды каратып, алардан салык, аскер алууга үмүттөнгөн. Кыргызстан жоого каршы күрөштү улантуу үчүн эң оңтойлуу оорукка айланмак. Бул айыгышкан салгылашууда хан Кенесарынын кошууну жеңилүүгө учурап, Кенесарынын өзүн кыргыздар туткунга түшүргөн.

 Ормон хан Ысык-Көлдөгү Байсоорунда кол жыйнап жаткан. Үч күндөн кийин керней-сурнайын тарттырып Ормон келгенде Кенесары: «Сыйырча мөөрөгөн не?» десе, жанындагы Байзак; «Ханым, сиз кыргыздын чабагы менен чабышып жаткансыз, жаяны эми келди» деп түшүндүргөн. Ормон кол башчылыкты өз колуна алып, түнкүсүн кыр-кырларга алоолонтуп от жактырып, жер жайнаган аскер келип калгандай сүр көрсөткөн. Күндүзү тал, караган-чычырканакты атка сүйрөтүп, адыр аралай, кыр ылдый өйдө-төмөн чапкылаган жигиттер уюлгуган коюу чаң чыгарып, түмөндөгөн кол топтолгондой түр көрсөтүп, жоонун жүрөгүнүн үшүн алган. Казактардын көбү чабуул башталганда эле качып, жер өңүтүн билбегендиктен Мыкандын сазына чөгүп кеткени да көп болгон. Ормон Кенесары башында турган казактардын жортуулунда акылы, кеңеши менен элге таанылган.

Ормондун кеңешин унута кетүү да туура эмес. Кенесары менен анын иниси Ноорузбайды Алмалуу-Сай деген жерден колго түшүрүп алышкан. Кыргыз жакшылары чогулуп: “Казак-кыргыз бир тууган элек. Кененсары туура эмес иш кылды, эки элди чабыштырып, Кененсарынын тукуму хан, башын аман коюп, Ноорузбай экөөнө эки кыз тартуулап, ат мингизип жөнөтпөйлүбү. Эки элдин ынтымагы үчүн” –дегендер да болгон. ”Эртең кол курап келип чабышса кантебиз?” –дегендер чыгып Ормон хан баштаган кыргыз жакшылары олку-солку болуп турганда Шамендин кеңешине муктаж болуп калышат.Ошондо Шамен Кененсары менен Ноорузбайга эки койдун башын тарткыла, кандай жейт көрөлү дешет. Бул чоң философиялык ой болуп, экөөнө эки койдун башы тартылат.Кененсары баштын мурдун кесип, кежигесин сыйрып, сыпайы жылдырып койот. Ноорузбай баштын бир көзүн ыргытып, бир кулагын кесип туруп, ооз тийбей жылдырып койот. Бул башты көргөн Шамен аттиң болбой калды деп өкүнгөн экен: “Булардын ичинде кетпес кеги калыптыр. Кененсары аман болсом мурдуңарды кесип, кежигеңерди тилем десе, Ноорузбай көзүңөрдү оюп, кулагыңарды кесермин” –деген сыр көрсөткөнүн айтат. Кыргыздар кечирген күндө да бул экөө болчудай эмес деген. Кыргыз жакшылары ошол окуядан соң бир чечимге келип, экөөнүн тең башын алдырышкан. Бул өтө кайгылуу болгон окуя. Кокус Кененсары менен Ноорузбайды кетиришсе орус аскерлери тосуп калган колду кыргыздарга буруп, кайра чатактар башталышы да мүмкүн болчу.  Устукан шааниси философиясы аркылуу достор ажырашып, мамилелери бузулуп,же тескерисинче ажырашкандар элдешкен учурлар болгон. Кенесарынын колун жеңгени үчүн кыргыздардан 12 белгилүү адамы орус бийлиги тарабынан ар кандай медалдарга татыктуу болушкан. Алардын арасында Ормон да бар. Орус империясына Ормондун калпагын тигип жиберткен да Шамен болгон. Орустар берилеп жылып келатканда бир-аз сес болсун деп боз үйдөй чоң калпак тиктирген да Ормондун калпагы деп орустарга жөнөткөн.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости