www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ооганстандын батышындагы Герат шаарында мечитте болгон жардыруудан кеминде 18 киши, анын ичинде белгилүү динаятчы набыт болду. Бул тууралуу AR билдирди.
Жардыруу мечитте жума намаз учурунда болуп, 21 адам жаракат алган.
Жардыруудан курман болгондордун бири акыркы жыйырма жылда Батыш колдогон өкмөттү сындаганы менен белгилүү динаятчы Мужиб-ул-Рахман Ансари болду. Ансарилер өлкөнү бир жыл мурда басып алган талибдерге жакын деп эсептелген.
Азырынча жардыруу үчүн эч ким жоопкерчилик ала элек.
Ооганстанда талибдер бийликти басып алгандан кийин жума намаз учурунда мечиттерге бир катар чабуулдар болууда. Алар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” тобу өзүнө алды.
Булак: NazarNews.kg