www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

171 триллион деген эмне деген сан, биз 5 млрдка эле балдарыбыздын келечеги эмне болот деп кейип-кепчип атабыз. Бирок, «коногум үйүңдү ойло» дегендей эле кеп. Кыргызстандын карызы белчесинен болсо да 2029-жылы Кытайга карыздарды төлөөнүн «пигине» жетебиз. Вашингтон эч качан тыштан алган карыздарын төлөбөйт. Анын пайызы өсүп отуруп үй чарбачылыгы жана башка аны мунусу менен 171 триллион чапчып чыкканын Орусия маалыматтары билдирип жатат. АКШнын казынасынын айтуусунда тагыраак цифраны келтирип көрөлү. АКШнын мамлекеттик карызынын көлөмү тарыхый рекордду жаңылап, 31 триллион доллар чегинен ашты. 31 триллион 123 миллиард 887 миллион 781 миң доллар. Ошол эле учурда Американын башка өлкөлөргө жети триллион долларга жакын карызы бар экени, ал эми 24 триллиондон ашыгы жеке адамдардын карызы экени белгиленген.

Буга чейин Германиянын мамлекеттик карызы 2,3 триллион евродон ашканы маалымдалган. Бул өсүш коронавирустун чектөөлөрү жана пандемия учурунда калкты колдоо чаралары менен шартталган. Максималдуу өсүү федералдык өкмөт тарабынан катталып, жыл ичинде болжол менен 10% га жеткен. Жер карызы 0,4%га, муниципалитеттер 0,6%га өскөн.

Ал арада Европа өлкөлөрүндө инфляция өсүүдө. Ошентип, Улуу Британияда ал 10% га жакын. Эң начар абал Эстонияда, ал жерде инфляция 24%, Латвия жана Литвада 22%дан ашкан. Путиндин айтуусунда санкциялардан улам сайгактап кеткен баалар токтоп, Оруся инфляцияны стабилдештире баштады.

 Аналитик Лиз Пик АКШ президенти Джо Байден Батыштын чыныгы лидеринин миссиясын аткара албай, Америка менен дүйнөлүк экономиканы колдоо боюнча эң маанилүү кадамдарды таштаган жок деп билдирди: «Инфляция кармалбай жатканына карабастан, дүйнөлүк экономика эркин төмөндөөдө. Батыш дүйнөсү Америка Кошмо Штаттарынын президентине өзүнүн лидерлик сапаттарын көрсөтүүгө ишенет», - деп жазган ал The Hillге жазган макаласында.

Эксперт Байден АКШнын мунай жана газ тармагына жардам берүү үчүн эффективдүү чараларды көрө албаганын белгиледи.

Буга чейин АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп дагы бир жолу азыркы мамлекет башчысы Джо Байденди сынга алган. Трамптын айтымында, азыркы администрация өлкөнү башкаруунун бир жылында эле талкалады. Мурдагы президент ошондой эле Джо Байдендин саясатынын ийгиликсиздиги деп эсептеген нерселердин баарын санап өттү. Алардын арасында ал америкалык аскерлердин Ооганстандан башаламан чыгарылышын, инфляциянын өсүшүн, чек арадагы баш аламандыкты жана АКШдагы коронавирустун абалын атады.

«АКШнын президенти Жозеф Байден өзүнүн жеке кызыкчылыгын көздөгөндүктөн өлкөнү тышкы саясаттагы «коркунучтуу» кырсыкка алып келди», - дейт серепчи Жек МакФеррин American Thinker журналына жазган макаласында. Анын айтымында, америкалык лидер профессионалдардын пикирин такыр укпайт, бул мамлекеттин стратегиялык кызыкчылыктарына жана аброюна чоң зыян келтирет.

Мисал катары МакФеррин америкалык аскерлердин Ооганстандан чыгарылышын келтирип, ага көптөгөн эксперттер каршы чыккан. Мамлекет башчысынын Ооганстан боюнча чечимдери АКШ Ирандагы барымта кризиси маалында президент Картердин куткаруу аракети ийгиликсиз аяктагандан берки эң жаман тышкы саясий кырсык болду. Серепчи Том Энгельхардттын пикиринде, Джо Байден «эси кеткен» өлкөнүн төмөндөшүн көрсөтүп турат, ал эми анын чиновниктери «толук жашап, Кансыз согушту кайра жаратууда».

Эске салсак, АКШнын президенти Ак үйдө жаңы мыйзамга кол коюу аземинде боштукка колун сунуп, кайрадан ыңгайсыз кырдаалга туш болгон. Сенаттагы Демократиялык көпчүлүктүн лидери Чак Шумер (R-NY) менен кол алышып учурашкандан кийин, Байден бир нече секунддан кийин дагы колун сунду, бирок ал ошол учурда бурулуп кеткен. Американын Newsweek басылмасынын АКШ Украинага 25,2 миллиард доллар аскерий жардам берүүнү убада кылганы, ал эми Европа «олуттуу жаңы милдеттенмелерди албаганы» окурмандарды капа кылды.

Көптөгөн серепчилердин пикиринде, Киевге курал-жарак жана ок-дарыларды жеткирүү – бул ресурстарды ысырап кылуу, бул АКШнын президенти Байдендин жеке өзүнө жана АКШнын аскердик өнөр жай комплексине гана пайдалуу болушу мүмкүн.«Украина жөн эле акчанын, миллиарддаган жана миллиарддаган ысырап болгон жана болуп жатат», - деп жазган HH Victor лакап ат менен комментатор.

Кээ бир америкалыктар Байдендин Украинадагы уулу Хантер менен болгон «караңгы мамилеси» коомчулукка ачыкка чыгып калат деп чочулап ушундай ынталуулук көрсөтүп жатат деп божомолдошууда. Башка окурмандар Украина жаңжалынан Вашингтондун да өз пайдасы бар экенин белгилешти. Алардын айтымында, бул акчаны Украина эмес, Американын аскерий-өнөр жай комплекси алып, аны жаңы курал-жарак чыгарууга жумшайт.

Батыштык журналисттер АКШ Украинага 800 миллион долларга жакын суммадагы жаңы аскерий жардам пакетин даярдап жатканын билишкен. Киевге кошумча каражат бөлүү үчүн америкалык тарап Джо Байдендин ыйгарым укуктарын колдонууга ниеттенүүдө. Bloombergтин окурмандары АКШ бийлигинин Украинага дагы бир жардам пакетин берүү боюнча билдирүүсүнө нааразы болгон. Демек, колдонуучулардын бири «АКШ ыдырап турганда Украинага жардам берүү үчүн миллиарддаган акчаларды жөнөтүү» келесоолук экенин белгиледи.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости