www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзгөчө кырдаалдар министрлигин көп жылдар боюу Кубатбек Боронов жетектеп келген. Андан соң биринчи вице-премьер, премьер-министр болуп туруп, турмуштун агымы менен кызматынан бошогон. Ажыкеев ажыны вертолётторду ижарага берип, акча жасагандан башка иши деле жок. Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев деген бар. Бул тармакты мыкчып отурганына дээрлик үч жыл болду. Бул аралыкта республиканы кыдырып, аймактардагы көйгөйлөр менен таанышайын деген жок. Борбордон чыкса эле, ордун бирөө басып алчудай, чээнге кирген аюудай кабинетинен чыкпайт. 

Ушунча болуп сел, жер көчкү сыяктуу жаратылыш кырсыктары болсо, кайсы аймактарда алдын-алуу иштерин жүргүзүш керек деген менен деле башын оорутпайт. Жылда сел алган жерди, кийинки жылы бекемдеп, кайра кайталанбагандай кылалы дебейт. 

Мына айталы, Боом капчыгайында жылда сел жүрүп, таш кулап жүргүнчүлөр жолдон өтө алышпай бир нече сааттап тыгында турган көрүнүш адатка айланды. Мына ушул көйгөйдү кийинки жылы кайталанбагандай кылып, сел жүрчү жерлерге Транспорт министрлиги менен биргелешип суу өтүүчү өтмөктөрдү куруп, таштан тосуучу дубалдарды тургузуп үч жылдан бери чечсе болот беле? Болмок. Тилекке каршы, креслодон көчүгүн көтөрүп кабинетинен эшикке чыкпайт. 

Эл билген иши өлкө жетекчилери аракет кылып ӨКМге алып берген эки вертолётту ижарага берип, акча жасамай. Башка ишин көргөн киши жок. Бул министрдин абийирин дагы президент Садыр Жапаров жаап жатат. Эки жылдан бери ӨКМге канчалаган заманбап жаңы техникаларды алып берди. Мына ушуларды көрүп эл Бообек Ажыкеев иштеп жатат деп түшүнүп жатышат. Чындыгында, бул эмгек ажонуку. Ымтыраган макулуктун эч нерсе менен иши жок.

Түштүктү жамандасаң «северянин» дейт, Түндүктү жамандасаң «южанин» дейт, экөөнү тең жамандасаң «трайбалист» дейт, экөөнү тең мактасаң «журналист» дейт. Бекмамат Осмонов деген кыргыз болгон. Элим, жерим дегенде, жата калып жердеги ташты жалап жиберчү. Иш дегенде, ашын таштаган Осмонов кайсы убакта болсо талаалап, эл менен аралашып жүргөн. Кокус башкарма, раис көктү карап чалчаңдай турган болсо, андай нысапсыздарды чакырып келип, балжа-булжа кылып тумшукка урган.  Иштеген адамдарды жакшы көрүп колдоп, кыргыздар үчүн иштесе экен деп аракет кылган. Алайда райисполком болуп турганда Айылчы Боронов деген чарбада иштерман адам болгон. Бекмамат Осмонов таң заарда келеби, түн ортосунда келеби, иштин көзүн билген Айылчы Боронов дайым иш үстүндө болгон. Ал эмес киши жетпей калган убакта Кубатбекти 17-18 жашынан чарбанын жумушуна аралаштырып, ал 1982-жылдан 1983-жылдын май айына чейин Ош облусунун Алай районундагы Социализм атындагы сүт товар фермасында чарбада тоют даярдап, андан кийин эсептегич (счетчик) болуп иштеген. Ошол мезгилде ыраматылык Бекмамат Осмонов Алай райондук аткаруу комитетинин төрагасы эле, ал киши күн алыс фермага келип, жумуштун баарын жеке өзү көзөмөлгө алчу экен. Келгенде да жерге жарык кире электе башына кара шляпа, бутуна керза өтүктү кийип алып, былчылдата ылайды кечип, саанчылардын эртең мененки уй саап жаткан учурунда келчү экен. Ал келгенде саанчылар уйларды саап келип, Кубатбек мырза сүттү куюп жаткан идиштин жанында ар бир куюлган сүттүн эсебин алып отурчу. Ошондо Бекмамат Осмоновдун өзүнүн жумушуна ушунчалык берилип, баш-оту менен кирип иштегенине суктанчу экен. Көрсө атасы аны ошол кезде эле өзүнө билдирбей мамлекеттик ишке акырын тарбиялап жаткан экен. «Атың барда жер тааны, атаң барда эл тааны» дегендей бала кезинде Бекмамат Осмоновго суктанып жүргөн Кубатбек мырза элеттин экономикасын көтөрүүдө тынбаган эмгеги менен элге көрүндү.  Кубатбек Боронов тынбай иштеди, кайсы күйүп жаткан иш болсо, ал жетип барып турду.

Дагы бир вице-премьер бар Алтынай Өмүрбекова деген. Өзүнүн аты Алтынай болгону менен дат баскан калайдай эле. Социалдык тармакты жетектегендиктен мектептерге көп барат. Ал келет дегенде эле илгерки бай-манаптарды, партбоссторду тосуп алчудай ысык-суукпу окуучу балдарыбыз 3-4 саат тикесинен –тик туруп күтүшөт. Окуучулар мындай тирүүлөй «тозокко» чыдабай, катарда тизилип турган жеринен, эс-дартынан танып кулап кеткендер кезигет.

Ага салыштырмалуу кайсы жерде ысык чок болсо, ошол жерде даяр болгон генерал Боронов Өзгөчө ырдаалдар министри болуп такшалган. Башкалардай саясат оюнунда сайгактап кетпей, өз ишин дурустап алга жылдырып келатканы ага упай кошуп турат. Ал 1983-жылдын май айынан баштап 1985-жылдын июнь айына чейин Советтик Армияда кызмат өтөп, советтик башка жигиттердин катарында мекенди коргоого тарбияланды. Ал учурда армияда курал кармап, мекенди коргоого гана үйрөтпөй, мекенди сүйүүгө да тарбиялачу. Андан кийин 1991-1992-жылдары «Фрунзекурулуштун» СМУ-9 трестинде каменщик, «Кыргызкурулуш» АКсына караштуу «Стройлескомплект» ПБдө инженер, базанын башчысынын орун басары, базанын башчысы болуп, курулуш тармагындагы кара жумуштарда жүрдү. 1998-2000-жылдары «Кыргызкурулуш» АКга караштуу жыгач иштетүүчү заводунун директору, 2001-2002-жылдары «Гоктүрк» ЖЧУ директорунун орун басарлык кызматтарын аткарды.
2003–жылдын февраль айынан баштап мамлекеттик кызматка ооп, Кыргыз Республикасынын Экология жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Жарандык коргонуу штабына анык аскер кызматына чакырылып, пландык-экономикалык жана материалдык-техникалык камсыз кылуу бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындалды. 2003-2006-жылдары Кыргыз Республикасынын Экология жана Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Жарандык коргонуунун Башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары, 2006-жылдан 2008-жылга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Түндүк аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп иштеди. 2009-2010-жылдарда КРнын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, КРнын ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаментинин директору кызматтарын аркалады.
2010-жылдын август айынан баштап министрликтин жетекчилигине келип, тагыраак айтканда 2011-жылдын декабрь айына чейин КР Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, андан кийин 2011-жылдын 24-декабрынан тартып КРнын Өзгөчө кырдаалдар министри кызматын аркалап келди. 2018-жылы 20-апрелинде Мухаммедкалый Абулгазиев жаңы өкмөт түзүп Кубатбек Боронов анын орун басары катары иштеп келатат.

Көбүнчө жетекчи элге жакын жана карапайым адамдардын катарында көбүрөөк болуп, алардын көйгөйлөрүн көп угушу керек. Боронов колунан келишинче кызматына карабай, адистер менен кеңешип чечим кабыл алганды жана карапайым адамдардын арасында көбүрөөк болуп, алардын көйгөйлөрүн мүмкүн болушунча тезирээк чечкенге аракет кылат. Иштешкен адамдардын ар биринин өзүнчө мүнөзү, өзүнчө ийгилиги, өзүнчө кемчилиги жана бири-биринен артыкчылыктары бар. Болгону алардын тилин таап сүйлөшө билүү зарыл. Ошондуктан, Өзгөчө кырдаалдар министри кызматына  келгенде министрдин көчмө коомдук кабылдасынын ишин жандандырып, кызматкерлерден атайын комиссия түзүп, Кыргызстандын ар бир айыл-кыштактарына чейин кыдырткан. Алар элдин жашоо-шарты, көйгөйлөрү, ыраазычылыктары, каалоо-тилек, сунуштары боюнча маалыматтарды чогултуп келишкен. Ошолордун ичинде ӨКМ кызматкерлеринин да сунуштары, аларга элдин берген баасы бар эле. Ошол маалыматтардын негизинде атайын анализ жүргүзүп, кызматкерлердин арасында ротацияларды жасап, айрым региондорго өзгөчө көңүл буруу зарыл экендигин баамдап, ошого жараша чечимдерди кабыл алып жүрдү. Анын мындай сапаттары, саясий ыпластыктардан алыстыгы азыр да иштин көзүн таап кетүүгө мүмкүнчүлүк берген.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg   

Последние новости