www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NASAнын окумуштуусу Эгон Чолакян Россия Федерациясынын президенти Путин, АКШнын өлкө башчысы Байден, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинге чукул кайрылуу жасады.

"Мен үч улуу мамлекеттин үч лидерлерине кайрылам. Путин мырза, Байден мырза жана Си Цзиньпин мырза, бири-бириңерге кол сунуп, тезинен кеңешүүгө убакыт келди. Силердин дүйнөлүк лидер статусуңар менен гана бул механизмди ишке киргизүүгө болот. Сиздер туура деп эсептеген платформада дүйнөнүн бардык мамлекеттеринин жетекчилеринин эл аралык жолугушуусун демилгелөөгө чакырам. Каалаган күнү жана каалаган убакытта БУУ болобу же башка платформабы айырмасы жок. Бирок бул демилгени кечиктирүүгө болбойт. Убакыт өткөн сайын биздин аман калуу мүмкүнчүлүгүбүз азайып, каза болгондордун саны, тескерисинче, көбөйүүдө. Мен жана менин бүткүл дүйнө жүзүндөгү кесиптештерим сиздерге азыркы оор климаттык кырдаал боюнча ар тараптуу маалымат берүүгө даярбыз. Биздин планетада эмне болуп жатканын жана жакынкы келечекте бизди эмне күтүп жатканын өз көзүң менен көрө алгыдай кылып, кырдаал канчалык оор экенин силерге билдирүү үчүн бизге эки саат гана жетиштүү. Менин окумуштуу кесиптештерим улуттук лидерлердин кеңешмесин тез арада уюштуруу зарыл экенине кошулушат. Азыр баардыгыбыздын амандыгыз үч лидерден көз каранды. Силер менин билдирүүмө канчалык тезирээк кулак салсаңар, дүйнө жүзүндөгү башка лидерлер ошончолук тезирээк чогулушат. Бул болсо бүткүл адамзаттын аман калуу мүмкүнчүлүгүн бир кыйла жогорулатат", - дейт Чолакян.

Макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алууга тыюу салынат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости