www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таламандын тал түшүндө эле министр Жаныбеков Казакстанга тийиштик кыла баштады. «Өлөөр эчки касапчынын таягына сүйкөнөт» деген кеп бар. Айыл чарба министрлиги эмне үчүн Казакстанга суу берүүнү токтотконун түшүндүрдү. Казакстан Республикасы менен суу бөлүштүрүү суу топтоо графигине ылайык ишке ашырылып жатат. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Аталган график жыл сайын вегетациялык мезгил башталганга чейин иштелип чыгат жана Чу-Талас суу чарба комиссиясынын тең төрагалары менен кол коюлат. Бирок бул графиктер булактын суусу аз болгон кырдаалды эске алуу менен быйыл июнь айында гана макулдашылган жана бекитилген. «2023-жылы 17-19-июль күндөрү Бишкек шаарында Чу жана Талас дарыялары боюнча суу бөлүштүрүү маселелерин чечүү боюнча Кыргызстан менен Казакстандын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өткөн. Казакстан тарап Жамбыл облусунун суу пайдалануучуларына сугат суу берүү боюнча Талас дарыясынын бассейниндеги суу чарба абалы оор экенин билдирип, Киров суу сактагычынан суу берүүнү үстүбүздөгү жылдын 18-июлунан 31-июлуна чейин 45 куб метрга көбөйтүү өтүнүчү менен кайрылган. Ал эми кол коюлган график боюнча 40 куб метр алышы керек болчу. Өз кезегинде кыргыз тарап суунун аздыгына, бизде да эгин талаалары куурап жатканын, Чүй жана Талас облустарындагы сугат суунун тартыштыгы жөнүндө жана казак тарапка үстүбүздөгү жылдын биринчи августуна карата 45, 0м3/сек чыгымдоодо Казакстандын үлүшү болгону 3,54 млн м3 экенин, ал эми 10,0м3/сек чыгымдоодо 4-августка карата 2023-жылдын аягына чейин түгөнөрүн маалымдады»,- деп айтылат маалыматта. Келтирилген эсептөөлөргө жана жүйөлөргө карабастан казак тарап өз өтүнүчүнөн баш тарткан жок. Ошол эле учурда кыргыз тарап суу топтоо графигин киргизүү жолу менен суу алуу лимитин үнөмдөдү, бирок Кыргызстандын фермерлери да сугат сууга абдан муктаж болушкан. Белгилей кетсек, бүгүнкү күнгө чейин Талас өрөөнүнүн булактарынын суусу өтө төмөн бойдон калууда. Жолугушуунун жыйынтыгында казак тарап Казакстан Республикасынын Экология жана жаратылыш ресурстары боюнча вице-министринин жана кыргыз тарап Суу ресурстары кызматынын директорунун атынан протоколго кол коюшту, ага ылайык август айынын 2-декадасынан баштап казак тарапка суу берилбей турган болгон Ошол эле учурда Киров суу сактагычына келип түшүүлөр көбөйгөн шартта Казакстан Республикасынын суусун топтоо карала тургандыгы айтылган. Тилекке каршы, бүгүнкү күндө суу сактагычтагы суунун агымы 1,0м 3/сек гана түзөт, агуунун көбөйүшү байкалган жок, 2022-жылы суунун келиши 13,7м3/сек түзгөн. Белгилей кетсек, Казакстандын Талас каналынан мамлекеттик чек араны бойлой коллектордук-дренаждык тармак боюнча 5-8 м3/сек өлчөмүндө алууга мүмкүнчүлүгү бар.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости