www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрмөдө жатканда Жантөрө Сатыбалдиев түрмөнүн “понятиеси” боюнча “общякка” 500 миң доллар “взнос” төлөө менен бааланган.”Воровский закон” боюнча “взнос” өз ыктыяры менен болуш керек, бирок бир тыйындын артынан жөргөлөгөн Жантөке мынча акчаны жөн эле бербей калсын. Буга чейин Сатыбалдиев коррупциялык жол менен камактан суурулуп чыгуунун айласын издеген. Бирок, ал берген миллиондор орто жолдо “жанчылып”, жоопсуз калып отуруп, акыры тилегени ишке ашып, эми асманга түкүрүп отурган кези. Ортодо Тажикстандан Кыргызстанга кол салынып Саыбалдиев салкын көз менен карап турат. Көрсө да көрмөксөн, билсе да билмексен...

386 млн доллардын канын соруп байыган, ТВЕА менен Келишим түзүүдө Өкмөт башчысы катары негизги ролду ойногон Жантөрө Сатыбалдиев 121 млрд 145 млн. сомго арест салынган машиналары гана, үйүнүн эсебин айтсак дагы жүз миллиарддап кетет. Эл так маалымат алыш үчүн тизмесин, кимге катталганын жазып койолу: Сатыбалдиевдин машинасы гана: 38, 647 миллион рублдик ( 42, 511 сомдук) жана 9,823 млн евролук (же 78,634 сомдук) = 121,145 млн. сом.

Экс-премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин наамына катталган мүлктөр: Бишкек шаарындагы турак үй. Бектенов көчөсү, 128, код ЕНИ 1040100050384; 2 022 000 рублдик 2008-жылы чыккан «Тойота Камри» унаасы В3966ВА; 13 250 000 рублдик 2000-жылы чыккан «Мерседес Бенц 500» унаасы B6316AI; 13 250 000 рублдик 2000-жылы чыккан «Мерседес Бенц Б500» унаасы Е4948.

Уулу Жоомарт Жантөрөевич Сатыбалдиевге катталган мүлктөр: Ош шаарында жайгашкан дүкөн. «Анар» кичирайону, 15а/51, код ЕНИ 511040325012601051;2 022 000 рублдик 2015-жылы чыккан «Тойота Камри» унаасы 01KG881ACD.

Уулу Исламбек Жантөрөевич Сатыбалдиевге катталган мүлктөр: Чүй облусуна караштуу Сокулук районундагы Фрунзе айылындагы жер тилкеси, Проектируемая көчөсү, 81, код ЕНИ 7082010011350; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү, 80, код ЕНИ 7082010011349; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү, 115, код ЕНИ 7082010011384; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 117, код ЕНИ 7082010011386; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 101, код ЕНИ 7082010011370; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 99, код ЕНИ 7082010011368; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 63, код ЕНИ 708201001 1332; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 62, код ЕНИ 7082010011331; Сокулук районундагы Фрунзе айылы, Проектируемая көчөсү 82, код ЕНИ 7082010011351; Ош шаарындагы «Ак-Тилек» кичирайонундагы турак үй 28, код ЕНИ 5110403211682; 1 850 000 евро же көбөйтүү 79, 9: МАЗ 6303-020 унаасы 3546М; 1 220 000 евро же көбөйтүү 79,9: МАЗ 6422 унаасы О0153AG.

Жантөрө уулу Кубатка катталган мүлктөр: Баасы 950 000 евро же көбөйтүү 79: «Лексус-ЕС- 350» унаасы, 2006-жылы чыгарылган В7800АЕ; 13 250 000 рублдик «Мерседес Бенц ОЕК280», 2008-жылы чыгарылган 01KG497ABF; 1 000 000 евро же көбөйтүү 79,9 «Хонда Одиссей», 2006-жылы чыгарылган 01KG820AAR;

Жубайы Канышай Турдукеевна Смадияровага катталган мүлктөр: Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 129б дарегинде жайгашкан өндүрүш мекемеси код ЕНИ 102020036002802006; Бишкек шаары Ахунбаев көчөсү, 129б дарегинде жайгашкан батир жана гараж, код ЕНИ 102020036002801004; 1 500 000 евро же көбөйтүү 79,9 «Лексус RX330» унаасы, 2004-жылы чыгарылган Е7800Е; 2 700 000 евро же көбөйтүү 79,9 «БМВ 325» унаасы, 1993-жылы чыгарылган B5036R; 2 853 000 рублдик «Тойота Прада» унаасы, 2005-жылы чыгарылган B7800L.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости