www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Жыйырма жашында башкарма болгон Садык аксакал тууралуу жакшы сөздөр көп. 1963-жылдын 26 сентябрында перзенттүү болуп атын уэак жашасын деп «Карганбек» деп койот. Ошентип убакыт өтүп уулу алтымыш жашты көздөй жөнөгөн кези. Жаш кезде айтып калчу алтымыштын тамагын ичип атат деп. Сөздү баштар алдында айта кетейин, Түркия өлкөсүнө жүздөн ашык кыргыздын мыктылары кетти деп уктум. Бурса шаарында бир жума «МАНАС» эпосу жаңырып жатат. Ал эми ошол көчмөндөр оюнун дүйнөгө таанытып, ЮНЕСКОГО барып документине жаздырып, дүң кылган Карганбек Самаков болгон! Манасчылар менен коштоп чогуу барса, кайра көргөндөрүн айтып келип, улутка дагы эмнени жасасак деген идеяларын жаратып, ошол жерде калдайган караан болуп турса ашыкча болмок эмес! Кыргыздын мурастарын ЮНЕСКОнун баалуулуктар тизмесине кийирип жүргөн Карганбек Самаковго жок жерден ичи тарлар асылышып, темир тордун артына тыгып шайын оодарышкан.Самаков аларга таарынып жатып ала турган жаш бала эмес, мүмкүн кыргыздын эсепчилерин ЮНЕСКОнун тизмесине кийирер. Анткени кыргыз эсепчилери оргиналдуу болуп. Башка элдерде эгер эсепчилер болгон күндө төөлүк өйдө болуп турат.

Карганбек Самаковдун Кытайдан «Манасты» кайрып алып кыргыз элинин кенчине айлантып ЮНЕСКОго кошкону мактарлык иш. Ага жалаа жаппаганда ал эсепчилерди деле ЮНЕСКОдон өткөзүп коймок беле. Эсепчи, манасчылар кыргыз эли байыртан кадырлаган адамдар. Эсепчилерди даңазаласа ЮНЕСКОго каттатып Самаков даңкын чыгармак. Карганбек Самаковду ойлосок, албетте ЮНЕСКОнун элеси жарк дей түшөт. Карганбек Самаков алгач кыргыздын ала кийиз, шырдагын ЮНЕСКОдон өткөзгөн. Ал Бакиевдин заманында Кытай мамлекети баалуу мурас катары өткөзүп алган «Манас» эпосунун үчилтигин Парижден баалуулуктар мурасына өткөзүү үчүн, ал жердеги негрлерге чучук жедирип, көптөгөн акча каражаттарын сарптап «Манас» үчилтигин кыргызга алып келген. 2013-жылы 4-декабрда өз каражаты менен канчалаган манасчыларды, журналисттерди Баку шаарына алып барып келди. Карганбек Самаковдун демилгеси менен «Манас» үчилтиги Кыргызстанга кайтып келди, 4-декабрь бүткүл дүйнөлүк «Манас» эпосу күнү катары дүйнөгө таанылды. Ал кездеги Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев зор кубаныч менен Карганбек Самаков башында турган делегацияны кабыл алып, бул күн бүткүл элдик майрамга айланган.

Көпчүлүктүн оюу ушул эмгеги үчүн «Кыргыз эл Баатыры» наамын бербесе да, жок дегенде «Манас» ордени менен бийлик тарабынан сыйланышын күтүп калган. Көрсө, бийликтеги кээ бир «котур ташын койнуна каткандар» ичи тарып, Самаковго билгизбей ор казып жаткан экен. Ал эми кадимки эле кыргыздын боз үйүн Кытай мамлекети казактар менен биригип өздөрүнө каттатып аларда Карганбек Самаков киришип, кыргыз эли үчүн төшүн тосуп берип жатканы да чоң иш болгон. Бул жерде элибиздин белгилүү уулу маркум Чыныбай Турсунбековдун эмгегин да айта кетишибиз керек. Эмне үчүн баалуулуктар мурасына өткөзүп жатат? Анткени, азыркы туристтер кайсы мамлекетке барарын, эмне баалуулуктар мурасы бар экенин аныктап алышат экен.

Карганбек Самаков келечекте туристтер Кыргызстанга агылыш үчүн, негрлерге чучук сугунтуп, кыргызга тиешелүү мурастарды кыргызга каттатып жатат. Биздин мамлекетте бөйрөк оорусунан катуу жапа чегип, гемодиализ аппаратына муктаж болгондордун саны арбып баратат. Кан тазалай турган гемодиализ аппараты арзан баада сатып келе койчу аппараттардан эмес. Карганбек мырза да өткөндө бир келгенде: “Бул кымбат баалуу аппараттан онду чечип бериңиздер” деген экен. Жогорку сапаттуу, кымбат баалуу мындай аппаратты дүйнөгө атагы чыккан жапондук “Токушюкай Медикал Корпорейшн” корпорациясы берген. Аны ушул корпорациянын президенти Торао Токуда кабыл алып, бул аппаратты чечип берген. Кыргызстандык төрт медицина кызматкери Жапонияга барып, ушул аппаратты иштеткенди окуп-үйрөнүп, гемодиализ аппаратын алып келишти. Муну менен Карганбек Самаков бөйрөк оорусу менен ооругандардын алкышына татыктуу болгон.

Карганбек Самаковдун демилгеси менен Бишкекте Жапон медициналык борбору курула турган болуп чечилген. Карганбек мырза санжыраны сүрүштүрүп отуруп кыргыз менен жапондун туугандыгын тактап чыккан соң, жапон туугандар кезекте турган көп өлкөлөр бар экенине карабай “безочрет” куруп бермей болгона. Кийин барганда Торао Торуда тууган менен бул маселелер талкууланылып, макулдашылган, буга чейин бул маселени “Кыргызстан-Кагошима” уюму да бышыктап, Самаковду колдоп беришкен. Жапондун медициналык борбору жаңы типте, модернизацияланган, эң алдыңкы технологиядагы медициналык борбор болоруна шек жок эле. Ушул эле ЮНЕСКОдон Чүйдүн байыркы шаарларын баалуулуктар мурасына ѳткөзүп келгени да эл үчүн кылгандары. Катардын шейхи отурган жерде Кыргызстандын Суяб, Баласагын, Невакет тарыхый шаар калдыктарын ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизген. ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Карганбек Самаков баштаган делегация барган.

Чүй өрөөнүндө орто кылымдарга таандык шаар калдыктары бар. Мындан ондогон кылымдар мурун гүлдөп өнүгүү доорун баштан кечирген Суяб, Баласагын, Невакет шаарлары Улуу Жибек Жолунун боюндагы батыштан чыгышка, чыгыштан батышка каттаган кербендерди тосуп-узатып турган негизги шаарлардан болгон. Мына ушул шаар калдыктары жөн гана тарыхый эстелик болбостон, кыргыз элине таандык белгисиз болуп келген тарыхый маалыматтарды да өз кучагына камтып жатканында шек жок. Аталган шаар калдыктары ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк мурастарынын тизмесине катталып калды, эми ага байланышкан тарыхый маалыматтарды изилдөөгө да ыңгайлуу шарт-жагдайлар түзүлдү. Самаковдун демилгеси менен ушул тарыхый шаарлар ЮНЕСКОнун каттоосуна кирип, ал туурасындагы маалымат бүткүл дүйнөгө тарап, Кыргызстанга келе турган туристтердин кызыгуусун арттыра баштады. Ошону менен бирге эле кыргыз мамлекети, анын кылымдарды камтыган тарыхы дүйнөгө таанылат.Бул жагынан караганда да Суяб, Баласагын, Невакет шаарлары Улуу Жибек Жолунун тутумундагы байыркы шаарлар катары атагы алыска угулуп, жаңы заман шартына ылайык кыргыз элине кызмат кыла баштады. Дал ушул жагдайларды эске алганда, Карганбек Самаков баштап бараткан бул иштин мааниси зор болгон. Башкысы аны эч нерсе жасаган жок деп сындагандар көп. Алар үчүн, албетте, анын жардамын жазып отурсак толтура.

 Элдин келечеги үчүн өз жүрөгүн ДЗОТко тосуп, Кытай сыяктуу зор мамлекеттер менен талашып, элге кызмат кылды. Кыргыздын улуттук оюндарын кыргыз элине кайтарып алуу үчүн, Самаков жанталаша баштаганда анын аркасынан көрө албастардын суук тумшугу көрүнө баштады. Бул иштеринин жыйындысы анын кадыр-баркын ого бетер көтөрүп, ичи тарлардын «жемине» айлантты. Көкүрөгү көрлөр көрө албастыктын айынан Карганбек Самаковду ушак, жалаа менен айыпташып 10 жылды моюнуна илип салышкан. Муну билген эми кайсы кыргыздын чыгаан жигити батынып эл үчүн кызмат кылат?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости