www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Евразиялык союз деген бар, бизге окшоп битиреп сом менен төлөбөйт, ал жерде мурун доллар менен төлөй турган, Украинадагы согуштун кийин рубль менен төлөп калды. Ушул жерде биздин, тоюз бийликтин сүйкүмдүүлөрү иштешет. Ана башында көлдүк шефтин акеси Темирбек Асанбеков башын койкойтуп турат. Ал мурунку президенттер учурунда министр эмес, министрдин бутун тазалаган жумушка жологон эмес. «Заманың бөрү болсо бөрү бол, заманың түлкү болсо түлкү бол» Темирбек Асанбеков теминген атынын ооздугун койо берип министр болуп койкойуп отурат.
Аалы Токомбаев жазган «Октябрь күлүмсүрөп келген кези...» деп 2020 жылдын октябры Мамыткановго күлүмсүрөп келген. Октябрь революциясынан кийин бактысы ачылып, 10 миң доллар айлык алган кызматка, атап айтканда ЕАЭБге Кыргызстандын атынан министр болуп кеткендердин бири Мамытканов. Ага дейре жаңы бийлик алапайын таппай жаткан кырдаалдан пайдаланып, вице-премьер-министр боло калды. Бирок, колунан кокон тыйын келген жок. "Чоң казат" партиясынан шайлоого катышкан кезде, өлкөнү гүлдөтүп, босогоңордон май агызабыз деп Сыймык Жапыкеев экөөнүн оозунан ак көбүк агып, төбөсүнөн көк буу чыкты эле.
Андан бери өлкөнүн, элдин тагдырына байланышкан Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында орун алган трагедиялуу окуя, Кемпир-Абад маселеси, ак жеринен куугунтукка кабылып камалгандар сыяктуу эмне деген көрүнүштөр орун алды. Баягы, гүлдөтүп жиберчү Мамытканов үн чыгарганга жарабады. Бул Мамыткановдун кубулуп, өзгөрүп турган кылыгын көргөн хамелеон өзүн ыңгайсыз сезет. Бийлик алмашкан сайын жыландай терисин алмаштырып, кескелдириктей куйругун шарт кесип жиберген жагынан алдына ат салдырбайт го чиркин.
Элибиз, ушундай кумдай болуп салаадан куюлуп түшкөн, колго токтобой алкынды самындай жылмышкан популисттерден арылыш керек. Булар элдин эсебинен жашап, элдин ишенимин, үмүтүн тебелеп, өз жыргалчылыгын ойлоп күн көрүшөт. Элдин кыйналганы бир тыйын. Ага башын оорутпайт...
Эркелөө жагынан алдына киши салбай президент Акаевден баштап, президент Жапаровго чейин эркелеп келген Арзыбек Кожошев, көрсө «эшек бизнесине» таянат окшойт. Москваны көздөй мойтойо качкан Кожошев ЭШЕКке окшош ЕЭКтин энергетика министри болду. Уккан маалыматтарга караганда белгилүү ресторанда чоң салтанаттуу үлпөт тоюн өткөзүп кызматын жууду дешет. Албетте, бул тойго элдин барын чакырбайт, капчыгы калыңдарды жана мансабы бийиктерди гана.Эшек бизнесинин бети ачылып калган соң Арзыбек Кожошев Кыргызстанга батпай, Москвага барып жабышкан. Албетте, Москва Бишкекке караганда чоң шаар эшек бизнесин гүлдөтсө болот. Кожошевдин ордуна көлдүк Касымалиев келгени белгилүү.
«Эшек бизнеси» десе Кожошевди, Кожошев десе «Эшек бизнесин» ойлоп баратабыз. «Эшек бизнесинен» пайда көргөн Кожошев Москвада министр болуп жүрөт. Акыркы мезгилде айыл жерлеринде мурункудай айкырган эшектердин үнү угулбай калды. Көрсө, эшектерди союшуп, анын этин жылкынын эти катары кымбат баада сатышкандар бар экен. Негизи, эшекти арам катары мусулман калкы этин жешпейт, ал эми Кытай сыяктуу башка өлкөлөрдө эшектин этин жакшы эле пайдаланышат. Мусулмандарга деле эшектин этин жедирсе болот экен, мисалы, самсы жана башка эттен жасалган тамактарда ичин ачып ким текшерип жүрүптүр, эшектин этин жебеген кишилер билбей эле жылкынын эти катары жей беришет да. Анын үстүндө ар кандай чөп-чар кошушса бул эшектин эти деле даамдуу болуп калат экен. Самсыкананын биринде өтө даамдуу самсы даярдалчу экен, биздин кесиптеш агалардын бири дайым ошол жерден самсы алып жечү экен, кийин ал эшектин этинен даярдап жүргөнү маалым болуптур.
Оозу менен орок оргон менен колунан текей терген келбеген Алтынай Өмүрбекова деген Түркиядагы элчи Руслан Казакбаевдин келини бар. Евразия экономикалык комиссиясынын Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору, Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты, парламент төрагасынын орун басары, 2018-жылдан 2020-жылга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн вице-премьер-министри болуп иштеген.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg