www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илмияновдун калкалоосунда Ош мэрине чейин жеткен Айтмамат Кадырбаев мэр болгондо Мелис Мырзакматовдун артын казуу менен гана алек болуп калган. Орган кызматкерлери Ош мэриясынын буга чейинки иштерин текшерүүгө алышып, бир топ мыйзам бузууларды таап чыгышыптыр. Негизинен жер сатуу былыктары ачыкталчудай. Натыйжада, экс-мэр Айтмамат Кадырбаев менен Ош шаардык кеңешинин мурдагы төрагасы Жапарбек Ормоновдун камалары күтүлүүдө. Айтор, абалдары чатак! «Соодалашып» эле кетишпесе...

Чолпон-Ата шаарынын мэри Жапар Ормоновдун «репутациясы» талкууга “жем” таштады. Башынан репутациясы шектүү, булганыч иштерге аралашкан, билими, деңгээли төмөн кадрдын карьералык секирик жасаганын коомчулук жактыра берген жок. Ош шаардык кеңешинин төрагасы, вице-мэр катары иштегени маалым. Икрам Илмияновдун арты менен телчиккен, КСДПнын штабын жетектеген, бирок, бийлик алмашканда “куйругун” кесип кеткен жайы бар. 2020-жылы парламентке “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер катары чыккан.

“Шайлоонун шайтан оюнунан” төңкөрүш оту тутанып, ал арада Жапар Ормонов Оштон таяк жеп, бети-башы канжалаганы жашыруун эмес. Толкундаган көпчүлүктүн арасынан зорго суурулуп чыгып, өмүрүн араң сактап калганы айтылат. Тилекке каршы, кечээги кылык-былыктарынан сабак албаптыр. Кайрадан саясатка, кызматка жанталашуу менен Чолпон-Ата, Бостерини башкара баштаган кербези. Бул эргулдун келгенине жергиликтүү тургундар нааразы экени каңкууланды.

Ысык-Көл районунун борбору Чолпон-Ата шаарына төрт ай мурда дайындалган мэр Жапарбек Ормонов иштин көзүн билбей жатабы же дагы башка себептери барбы айтор, келгени иштеген ишинен бир жыйынтык чыкпады. Мурда Ош шаардык кеңешинде спикер болуп иштеген. Ал жерде деле жарытылуу иш жасаганын уккан жокпуз. Бул киши кандай жол менен Чолпон-Ата шаарына мэр болуп калганы белгисиз. Анын үстүнө чолпон-аталыктар анчалык деле жактырышпай, "жашап калмак беле, акыры кетчү киши да" деген таризде мурдуларын чүйрүп отурушат экен.

Жылмаңдап олтурбай жок дегенде келерки жылдагы туристтик сезонго жакшылап даярдык көрсө болду. Ушундай ары эмес, же бери эмес жетекчилердин айынан иш артка кетип, эл кыйналат да. Кадр деп эле коё беришпей, кичине ылгашса болот эле. Улам бир бийликке жармашып, бет пардасын сыйрып кете берген кошоматчы, сабатсыздын амалына чек жокпу? Эки жыл мурун Оштон жели жакшы чыкпай калыптыр. Али да кеч эмеспи? Көрө жаталык.

Атамбаев бийлигинин тушунда шопур Икрам Илмиянов мамлекетти каалагандай калчап, дөөгүрсүп жашап калбады беле?! Жээнбековдун бийлиги кезинде камалымыш этип, 150 миң доллар “кусуп”, жеңил-желпи жазадан кутулуп кеткен. Эл көзүн будамайлап. Бул дүйнөдө көп адамдарга кылган жамандыгы аркы дүйнөгө чейин эле талданып, баа берилери шексиз да.Учурда Икрамды айрым лөк саясатчылар өткөн чакты териштирүү үчүн издеп атышса, кылмыш дүйнөсүндөгү олуттуу фигуралар да ээн жерге тартуу менен “сүйлөшүүгө” кызыкдар. Кутулбас куяга калгандай. Анда-санда той-ашка башбага калган шопур соңку кездери жүрөгү титереп, баскан изин жашырып, “куйругун түйүп” качкандай. Ооба, артынан аңдыгандар пайда болсо, мындай жашоонун өзү кыяматтай сезилсе керек. Кыскасы, бул Икрам Илмияновдун “ириген” жашоосунан бир үзүм го...

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

 

Последние новости