www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Ош шаарынын экс-мэри Айтмамат Кадырбаевдин уулуна өкүл ата болду. Учурунда Айтмамат Кадырбаев Оштун мыкты мэри Мелис Мырзакматовдун ордун күч менен тартып алып, Ошту гүлдөтүп деле жиберген жок. Ал 2021-жылдагы парламенттик шайлоодо депутатыкка талапкер болуп өтпөй калган. Эки жаштын үйлөнүү үлпөт тою жакында Бишкектеги кымбат ресторандардын биринде өткөн. Тойго түрмөдөн качып жүргөн Сапар Исаков өзү катышкан жок, эгиз уул төрөп берген жубайы жаңы үйлөнгөндөргө шакек тапшырды.

Сапар Исаков маркум Медет Садыркулов менен өкмөт жумушуна келген. Медет Садыркулов, Алмазбек Атамбаев менен биргеликте иштешкен. Максим Бакиев түзгөн ЦАРИИ де бир канча ай техникалык үлкөн кызматкер болуп иштеген. Апрель революциясына чындап салымдарын салган коомдор Апрель Байрагы, Айкөл Ала-Тоо, Эр Теги, Мекен Шейиттери, Бирикен Элдик кошуундар Союзу жана бир канча коомдук уюмдар Сапар Исаковго айтылган дооматтар негизсиз деп эсептеше турган. Алар убагында Сапар Исаковду колдоору тууралуу  билдирүү жасай турган. Бир топ коомдук уюмдар Сапар Исаковду колдоп келе жатышат.

Апрель революциясынын катышуучуларынын атын жамынган адамдардын айткандары түшүнүктүү жана негизсиз. Себеби, Сапар Исаковдун өзүнөн чоң амбициясы бизге түшүнүктүү. Ал учурда өкмөт башчысы катары элге жарытып иш бүткөрө албай эл бийликтен айдап жиберген. Ошондон соң ал камалган. Кийин ар кандай себептер менен, көпчүлүктүн айтуусунда "Газпромдун" далдоосу менен камактан качып чыккан. Орусиядагы май талкандуу ишке орношуп, ал жакта клиника курууга көмөк көрсөткөн. Өздөрүн аппакай көргөзгөн революциясынын катышуучулары деп атаган адамдар бүгүнкү күндө кайсы бир саясий партиялардын штабында иштеп жатканы бизге белгилүү. Мисалы, Апрель окуясында мекени үчүн окко учкан баатырларды жырткычка теңеген адамдар да болгон.

Президенттин кылган эмгектерин жокко чыгаргысы келген, бийлик үчүн элдин тагдыры менен ойноп тынчтыкты бузса да бийлик самаган саясий күчтөрдүн арам ойлору ишке ашпастарын эскертип койгубуз келет. Учурда көрө албастар биригишип Сапар Исаковдун аркасында «кара пиар» жүргүзүп жатышкандарына жол болсун.

Сапар Исаков 2020-жылдын 9-июнунда Биринчи май райондук соту тарабынан Мамлекеттик тарых музейин реконструкциялоодогу корруциялык иштери үчүн 18 жылга эркинен ажыратылган. 2020-жылдагы октябрь окуясында түрмөдөн чыгарылып, чет өлкөгө качып кеткен. Кийинчерээк ага издөө жарыяланган.

Келечекте санариптик дүйнөдөн өз ордун ээлөө – Кыргыз Республикасынын  стратегиялык милдети. "Таза коом" долбоору бешикке салынгандан баштап Сапар Исаковдун приоритетинде келе жатканын эл билет. Мамлекеттик башкаруу системасына заманбап маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизүү маселеси жана аталган тармакты реформалоого өлкө жетекчилиги өзгөчө көңүл бурууда. Бүгүнкү күнү деле өкмөт жаңы технологияларды алып жүргөн ири  өзгөрүүлөргө  дуушар болуп жатат. Өкмөткө гана таандык өзгөчөлүктөрдү сактоо менен өлкөнүн дүйнөлүк санариптик экономикага кирүүсү – бул зарыл процесс эле. Дал ошондуктан мамлекетти курууда жалпы улуттук жашы жогорку технологиялуу долбоор ишке ашырылат. Инновациялар Кыргызстанды ааламдашуу рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгү камсыздоодо кыймылдаткыч болууга тийиш. Буга жетишүү үчүн биздин өлкөдө жасалган продукциялар сапаттык жактан үлгү болушу зарыл эле. "Таза Коом" долбоору коррупцияны кыскартуу үчүн натыйжалуу инструмент болмок. Буга административдик процедураларды автоматташтыруу жолу менен жана санариптик мамлекеттик кызмат көрсөтүү жолу менне жетишүүгө болмок. Бул адам факторунун таасир этүүсүн минималдаштырмак. Биздин социалдык шарттар жөн гана натыйжалуу болбошу керек. Алар өлкөдө ар бирине ишенимдүүлүк сезимди жана келечекке берилиши керек. Адамдык капиталдын бөлүштүрүү, билим берүү маселеси, санариптик сабаттуулук өнүгүүнүн артыкчылыгы болмок. "Таза Коом" долбоорун ишке ашырууда өлкөнүн  бардык министрликтеринин жана ведомстоволорунун макулдашылган аракети жана тартип талап кылынарын билдирген. Сапар Исаковдун өкмөтү санариптик трансформациялоо боюнча толук кандуу программасын аны ишке ашыруунун реалдуу планы менен кабыл алмак. "Таза Коом" программасынын башкы максаттарынын бири – туруктуу өнүгүүгө колдоо көрсөтүүчү жагымдуу укуктук чөйрөнү түзүү. Ошондуктан артыкчылыктуу милдет катары мыйзамдуулукту жакшыртуу, мамлекеттик саясатты жөнгө салуу үчүн электрондук башкарууну ишке киргизүү, санариптик трансформациялык мамлекетти түзүү керек. Бирок анын бары ишке ашкан жок, Сапар Исаков өзү Кыргызстандан алыс качып жүрөт.

Исаков Сапар 1977-жылдын 29-июлунда Бишкек шаарында төрөлгөн. 1999-жылы Кыргызстан Эл аралык университетин аяктаган. Мамлекеттик кызматтын 3-класстагы мамлекеттик кеңешчиси. "Кыргыз Республикасынын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси" дипломатиялык рангы бар.

1999-2003-жылдары - Кыргызстан Эл аралык университетинде окутуучу; 2003-2007-жылдары - атташе, 3-катчы, 2-катчы, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Эл аралык-укуктук департаментинин бөлүм башчысы; 04.2007-08.2007-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын эл аралык кызматташтык бөлүмүнүн башчысы; 08.2007-10.2009-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы;

10.2009-04.2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин коммуникациялар кызматынын жетекчиси; 04.05.2010-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн эл аралык байланыштар бөлүмүнүн башчысы; 02.08.2010-2010-жылдары - Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы;

29.12.2010-12.2011-жылдары - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчисинин орун басары рангындагы – тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы; 2011-жылдын 7-декабрынан тарта 2017-жылдын 31-январына чейин - Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын жетекчисинин орун басарынын рангында тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы. Сапар Исаков президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары, президенттик аппараттын башчысы, өкмөт башчысы болуп иштеп келаткан.

Азыр элдин маанайын бузуп жаткан жалганчылыкка толгон Сапар Исаков тууралуу айтсак, анын кайрадан бийлик жакка жутунуп жатканы көрүнүп турат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости