www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШ жараткан кризистердин кээрин тартып келген Европа тынчтыгы жана өнүгүүсү эмнеге Вашингтондун кызыкчылыгынан мынча көз каранды экенин ойлонуп көрүшү керек. Бул тууралуу Кытай ТИМинин расмий өкүлү Чжао Лицзянь брифингде айтканын РИА Новости жазды.

Кытай дипломаты АКШ инфляцияны төмөндөтүү жана чиптер тууралуу мыйзам долбоорлорун өз кызыкчылыгын коргоочу документ катары сунуштаганын, бирок башка мамлекеттерге, ошол эле союздаштары менен өнөктөш өлкөлөргө тийгизчү кедергисин эске албаганын белгилеген. Анын айтымында, мындай жагдай Вашингтондун "эң биринчи кезекте Америка" деген принцибинин ачык далили.

"АКШ Европа кымбатчылыктан жабыркап жаткан маалда Украина кризисинен бир топ пайда көрдү. Европа азыр деле Сирия, Афганистан, Ирак жана башка канчалаган көйгөйдү жараткан АКШнын артын тазалоого аракет кылып келет. Ал эми айрым европалык ЖМКлардын бүгүнкү европалыктар тынчтыгыбыз менен өнүгүүбүз эмне себептен АКШнын кызыкчылыгынан көз каранды болушу керек деген суроонун айланасында ойлонуусу кажет деп жазганы бекер эмес", — деди дипломат.

Анын айтымында, "бул чындап эле Европа да, жалпы дүйнө да түйшөлө турган маселе".

АКШ президенти Джо Байден августта кол койгон мыйзамда Түндүк Америкада чогултулуп, жергиликтүү материалдан АКШда даярдалган батареяларды колдонгон электромобилдерди сатып алууда салык субсидияларын кеңейтүү каралган. Администрация "Инфляцияны кыскартуу актысы" деп аталган документ таза энергетикага жана климаттык максаттарга жетүү үчүн 370 миллиард доллар бөлөт, ал эми дагы 64 миллиард доллар дары-дармек менен медициналык каражаттардын баасын түшүрүүгө колдонулмакчы.

Белгилей кетсек, буга чейин Франция президенти Американын электромобиль өндүрүшчүлөрүн шыктандыруучу чаралар камтылган мыйзамга нааразы болгон. Мындай жагдай Америка рыногунда иштеген европалык өндүрүшчүлөрдүн мүмкүнчүлүгүн чектеп коёру айтылган. Макрон Вашингтонго болгон сапарынын учурунда америкалык мыйзам чыгаруучуларды жана бизнес өкүлдөрүн сындаган болчу. Ал эми Франция лидеринин айтымында, мыйзам Дүйнөлүк соода уюмунун нормаларына каршы келип, "кастык" катары кабыл алынат.

Евробиримдикте аталган мыйзам долбоору чет жактан импорттолгон ушундай эле продукцияны дискриминациялоо катары кабыл алынды. Ички рынок боюнча еврокомиссар Тьерри Бретон эгер АКШ бизнести колдоо боюнча бул чараларды кайра карап чыкпаса жооп жасалышы мүмкүн экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости