www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек ШИИБдин ыкчам кызматкерлери сойкулукка көмөктөшкөн шектүүлөрдү кармашты. Ал экөө тууралуу сөз болот, азырынча Бишкек сауналарына «сойку кыздарды» топтогон сутенерша «Мамочка Гульхан» тууралуу кеп кылалы. Мокочо «мончочунун» жубайы Молдобекованы «Альянс» партиясы депутатыкка алып келген. Андан мурун 2007-жылы Атамбаевдин СДПК фракциясы менен парламентке депутат болуп келген күйөөсү Асанакунов 2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийликке келген соң Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Албек Ибраимовдордун «менчик» «саунщигине» айланган. Кийин Асанакунов «саясий скидкага» ыргытылып, жубайы  Бишкек сауналары жана мончолору үчүн «сойку кыздарды» топтогон сутенерша «Мамочка Гульхан» парламентте келген.

 Ал эми экинчиси, Бишкек ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнө Жумабек көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринде администратор болуп иштеген, тергөө тарабынан белгисиз аял көп убакыттан бери сойкукана уюштуруп аны тейлеп жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн. Анда акы төлөнүүчү интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга чалып, алардан кардарлардан алган төлөмүнүн 30% өлчөмүндө акча алып жүргөн. Чогултулган материалдардын негизинде кылмыш иши козголгон. Козголгон кылмыш ишинин алкагында, жарандын кылмыштуу иш-аракеттерин ачуу максатында комплекстүү тергөө иш-чаралары өткөрүлүп, жыйынтыгында буга чейин шарттуу кардарга колдонууга берилген накталай акча менен 1982-жылы туулган жаран кармалып, камакка алынган. Азыркы учурда, кылмышка тиешеси бар адамдарды табуу боюнча тергөө иш-аракеттери уланып жатат. Ошондой эле, ал администратор болуп иштеген мекеменин ээсинин катышы бар жогун текшерилүүдө.

Үчүнчүсү, ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнө Жунусалиева көчөсүндө жайгашкан сауналардын биринде администратор болуп иштеп, көп убакыттан бери сойкулук менен алектенип, аны уюштуруп, кармап келе жаткандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Акы төлөнүүчү интимдик кызмат көрсөткөн кыздарга чалып, алардан кардарлардан түшкөн төлөмдүн 30% өлчөм акчасын алат. Чогулган материалдардын негизинде Ленин РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин «Сойкулукка жана бузукулукка үгүттөө» беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Аталган кылмыш ишинин алкагында укук коргоо органдары тарабынан аялдын кылмыштуу аракетинин бетин ачуу максатында тергөө-ыкчам мүнөздөгү комплекстүү иш-чаралар жүргүзүлдү. Анын жыйынтыгы менен РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан 1975-жылы туулган Р.Э. аттуу аял кармалган.  Бардык керектүү тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин, аял ЖПКнын 96-беренесине ылайык, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Гүлкан Молдобекова 2015 –жылы канайым Раиса Атамбаеванын колдоосу менен СДПК фракциясынан депутат, кийин комитет жетекчиси болгон. Анын жубайы Мирбек Асанакуновдун каймана ысымы «мончочу» Ысык-Көл облусунун мурдагы эки жолку губернатору, «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын жетекчиси, профсоюздар Федерациясынын төрагасы, башкысы эң эле чуулуу жана жоопкерчиликтен качкан ашынган коррупционер, экстра-класстагы аферист жана шылуун. Эл ичинде Мирбек Асанакунов «саунщик»  каймана аты менен белгилүү. Анын бүтүндөй «элге каршы» турпатында кандай мамиледе болбосун, түз жүрбөгөндүгүн көрсөтүп турган энди басып коюуга дагы укумдай дагы жер калбай калган. Кайсы жакта иштебесин, мыйзамды сактабай, ызы-чуунун үстүндө жүрөт, болбосо, Атамбаевдин эркеси, Раиса Атамбаеванын жакын курбусунун күйөөсү ар бир жасаган кылыктары үчүн эбак эле түрмөгө камалып, жазасын өтөшү керек болчу.

2010-2013-жылдары Ысык-Көл облусунун губернатору болуп эки жолу дайындалуу менен ал «Кумтөр» кенинен аймактын социалдык керектөөлөрүнө жумшалуучу төлөмдөрдөн түшкөн Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондусун максатсыз пайдалануунун эсебинен эсепсиз байыган.

Мирбек Асанакунов өзү үчүн натыйжалуу, бирок, эң жөнөкөй схеманы ойлоп тапкан. Финансылык кандай которуулар болбосун, социалдык маселелерди чечүү үчүн артка кечеңдетүүлөр (откаттар) түрүндө чегерүүлөрдүн көп бөлүгүн алып турган. Үч жыл ичинде мыйзамсыз алынган суммалар ондогон миллион сомдорду түзгөн. Анын жоруктары жөнүндө көзөмөлдөөчү органдар дагы маалым болушкан. 2014-жылы Ысык-Көл облустук прокуратурасы кезектеги жолу Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондусуна жана губернатор Мирбек Асанакуновго каршы кылмыш ишин козгогон. Бул «коррупция», «карамагындагы мүлктү өзгөчө ири өлчөмдө уурдоо» жана «кызмат абалынан кыянат пайдалануу» фактылары боюнча кылмыш иштери козголгон.

Бирок, дал эле «Атамбаевдин өзүнөн телефон чалуу» болгондуктан, эргул алардын ишин чымын чакканчалык дагы көргөн эмес. Атамбаевдин сүймөнчүгү суудан кургак чыккан. Бирок, тез эле кызматынан бошотушту, анткени менен, дээрлик эртеси эле күнү «Бишкек» СЭЗдин жетекчиси кылып дайындашат. Ошондой болсо дагы, ЖМК аркылуу эл Асанакуновдун кылмыш иштери жөнүндө кабардар болушту, анда эсеп палатасынын справкасы камтылып, облуста куруу пландаштырылган бир дагы бала бакча, мектеп, оорукана же башка социалдык объектилер курулбагандыгы чагылдырылган. Фонддун элдин муктаждыгына деп бөлүнгөн акчалары асманга чачылган жана эгерде кылмыш иштеринин материалдарына жана ЖМКда жазылган маалыматтарга ишенсек, бул каражаттар каяккадыр жок болуп кеткен, болбосо, Асанакунов өз чөнтөгүнө жымырып алган десек болот жана Атамбаевге таянуу менен өзүнүн жоопкерчиликке тартылбасына ишенип, ал өз аракеттерин жашырган эмес. Мамлекеттен баш-аягы жок уурдагандыгына кыска мөөнөттүн ичинде көп сандаган мончолорду, сауналарды, квартираларды сатып алгандыгы, престиждүү мейманкананы кургандыгы, курулуш компаниясын жана башка жүздөгөн миллион сомдорду чапчыган бизнес структураларын түзгөндүгү факты десек аша чаппайбыз.  

Айына 25-30 миң сомдук айлык маяна алган губернатордун ошол убакта көп сандаган менчиги кайдан-жайдан пайда болду? Анын аялы, ошол  кезде КРнын ЖК депутаты болуп турган Молдобекова Гүлкан ошончо акча тапса дагы дейли. Белгилей кетчү нерсе, ал убакта Бишкек сауналары жана мончолору үчүн «сойку кыздарды» топтогон «Мамочка Гульхан» катары белгилүү боло элек эле. ЖМКдагы көптөгөн макалалардан улам белгилүү болгондой, ал анын ошол кезде жаңыдан гана сутенерша катары карьерасын баштап жаткан. Аны эми Кудай алсын. «Чимкирик» парламентте парламенттин СДПК фракциясынын депутаты жана КРнын Парламентинин комитеттеринин бирин жетектеп келди. Албетте, бул ийгиликке жетүүгө эмгек сиңирди. Айрыкча, ал үчүн өзү «керектүү адамдарга» узатып турган «кыздары» эмгек сиңиришти, эң башкысы, ал КРнын экс-биринчи ледиси Раиса Атамбаеванын курбусу болгон. Айтмакчы, ЖМКдагы макалаларга таянсак, бул эки айымды бир убакта «Бишкек балдар үйү» аркылуу балдарды соодалоо иши бириктирген, бул кылмыш иши 5 жылдан ашуун убакыттан бери созулуп, аягына чыкпай келе жатат. Албетте, бул башка өңүттөгү тема.

Ысык-Көл облусунун фонду Өкмөттүн токтому менен 1997-жылы түзүлгөн. Ал «Кумтөр» ишканасынын кирешесинен түшкөн бир пайыздын эсебинен уюшулган жана облустун социалдык өнүгүшүнө багытталган. Тактап айтканда, Фонд  жыл сайын социалдык программалар үчүн жүздөгөн миллиондогон сомдор менен толукталган. Антсе дагы, таза эмес жетекчи максатка багытталган каражаттарды өзүмбилемдик менен оңду-салды каалагандай калчаган.

Мисалы, эсеп палатасы басма каражаттарынын жарыялоосу боюнча, көзөмөлсүз акчалар агылган, Асанакуновдун үй-бүлөсү көзөмөлдөгөн «Иссык-Куль» микрокредиттик агенттигине мыйзамсыз акча которууларды токтотуу жана Жети-Өгүз районундагы капиталдык курулуш бөлүмүн таркатуу жөнүндө бир нече курдай көрсөтмө берген. Буга карабастан, көрсөтүлгөн бузуулар жөнгө салынган эмес жана үч жылдын ичинде микрокредиттик агенттикке 40,8 миллион сом «адашып» кирип кеткен. Уурулуктар аныкталгандан кийин Фонддун жана губернатор Асанакуновдун ишмердүүлүгүнө кошумча текшерүүлөр жүргүзүлүп, 2010-жылдан 2012-жылга чейин «Кумтөрдөн» Фонддун эсебине 962 млн. 118 миң 700 сом каражат түшкөнү белгилүү болгон. Булардын ичинен 2011-жылы кенден Фондго 463 млн. 904 миң 500 сом которулган. Расмий органдар жана Эсеп палатасы аркылуу гана бир жыл ичинде Асанакуновдун 12 млн 110 миң 380 сом акча каражатын мыйзамсыз пайдалангандыгы аныкталган. Жана мунун баары эки күндүн ичинде гана аныкталган үстүртөн алынган  маалыматтар.

Текшерүүнүн экинчи күнү бүтүп калганда Ак үйдүн 7-кабатынан чалынган телефондун коңгуроосу текшерүүчүлөрдү аферист-губернатор Асанакунов ээлеген апартаментти таштап кетүүгө мажбур кылды. Ким телефон чалды, биз кимбиз, териштирген да жок. Коңгуроо президенттин линиясынан кагылгандыгына бардыгы ишеништи жана телефонду мамлекет башчысынын кабинетин тазалаган пол жуугуч какты деп шектенүү күлкү келтирерлик болмок. Антсе дагы, Эсеп палатасынан: «Эгерде тереңирээк казганга мүмкүнчүлүк беришсе, Асанакунов короткон андан дагы ири суммадагы каражаттар табылмак» деп билдиришти. Бирок, тилекке каршы, окурман анын  коррупциялык жана  аялынын коомчулукка каршы, антиморалдык жана мыйзамсыз кылмыш иштеринин артында кимдин кулагы чыгып атканын көрүп турушат.

Асанакунов мырза менен анын аялы – алтынчы чакырылыштагы  КРнын Жогорку Кеңешинин социалдык маселелер боюнча төрайымы, СДПК фракциясынын мүчөсү, жетинчи чакырылыштагы парламентке «Альянс» партиясынан депутат болгон Г.С.Молдобекова баюунун булагын кайдан табышкандыгын жана алеки заматта байманасы ашып-ташыганын аңдоо эч кандай деле кыйынчылык жаратпаса керек. Ооба, жообу ачык-айкын: бюджеттик каражаттарды калчоонун эсебинен жана ысык-көлдүктөрдүн жашоо байгерчилигин төмөндөтүүдөн уурдалган акчаларга облустун аймагына социалдык-маданий багыттагы канчалаган объектилерди курса болмок жана Атамбаевдин жана казандык бизнесменша Раисанын, тагыраагы, Атамбаевдин аялынын бийликтен кетишинен кийин бул суроону ысык-көлдүктөр кайрадан көтөрүп чыгышкан. Бул тууралуу дагы айтып берербиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости