www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук тарых музейин оңдоо 2016-жылы башталган. Анда Түркиянын Эл аралык кызматташтык агенттиги (ТИКА) менен өкмөт меморандум түзүп, музейди түрк тарап өз каражатына оңдоону моюнуна алган. Музейдин тышкы бети менен айланасы оңдолгон соң кыргыз өкмөтү маданий имараттын ичин бюджеттин эсебинен оңдомок болгон. Бул үчүн бийлик 1,5 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.

Музейди оңдоо эки баскыч менен жүргөн. Биринчи этапта имараттын аймагындагы гранит такталар алмаштырылып, жарык берүү жаңыртылган. Экинчи этапта ичиндеги экспозициялык жабдуулар жаңыртылып, дизайны өзгөртүлгөн. Оңдоо иштеринен кийин аны жүргүзгөн тараптарга кылмыш иши козголуп, 2020-жылы 9-июнда Бишкектин Биринчи май райондук соту мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду 18 жылга камап, 247 миллион 650 миң 281 сом айыпка жыккан. Бул иште шектелген президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева соттолуп, Жазык кодексинин 320-беренесинин «Кызмат абалынан кыянат пайдалануу» негизинде күнөөлүү деп табылып, 260 миң сом айыпка жыгылган.

Аталган музей 1926-жылы Кыргызстандын Борбордук музейи катары М.В. Фрунзенин ата-энесинин мурдагы үйүндө негизделген. Уюштуруучусу жана алгачкы директору - этнограф Саул Менделевич Абрамзон болгон. Анын негизинде 1936-жылы өз алдынча Мамлекеттик чөлкөм таануу музейи түзүлгөн. 1943-жылдан кийин музейдин базасында улуттук маданият музейи менен Табият музейи (азыркы Зоология музейи) түзүлгөн.

Улуттук маданият музейи 1954-жылдан "Кыргыз ССР мамлекеттик тарых музейи" деп аталган. 1973-жылдын 28-декабрында музейдин тарыхында кызыктуу жаңы жана туруктуу экспозиция ачылган. 3500 чарчы/метр аянтты ээлеген 45 залга Кыргыз Республикасынын байыркы палеолит доорунан баштап эгемендик доорго чейинки тарыхын чагылдырган эстеликтердин 10 миң түп нускасы коюлган. Бул экспозиция илимий мазмуну жана көркөмдөлүшү боюнча Борбор Азия аймагындагы музейлердин эң мыктысы деп табылган.

Кезинде Ленинге арналып курулган музейдин экспозициясын Кыргызстандын байыркы доордон азыркы мезгилге чейинки тарыхын чагылдырган 100 миңден ашуун экспонаттар бар бул музей акыркы мезгилдерде өрттөнүп, кайра кымбат баада курулуп элдин оозунда турган кези.

Кыргызстандын таш доорунан берки тарыхын чагылдырган “Эң байыркы жана байыркы Кыргызстан”, “Кыргызстан орто кылымдарда”, “Кыргызстан XVI–XIX-кылымдардын ортосуна чейин”, “Кыргызстан совет доорунда” деген бөлүмдөрдүн экспозициялары каралды.

Музейдин курулуш тарыхы тууралуу сөз кылсак, ал кездеги саясат белгилүү. Республикалык орчундуу маселелер КПСС Борбордук Комитетинде, СССРдин Өкмөтүндө, Союздук органдар тарабынан чечилчү. Алардын макулдугусуз өз алдынча чоң курулуштарды курууга катуу тыюу салынган. 1970-жылдардын аягында Кыргызстандын Борбордук аянтын куруу маселеси каралган. Борбордук аянтты куруу планын ишке ашырууга кыргыз элине эркиндик, мамлекеттүүлүк алып берген Владимир Ильич Лениндин ысымын пайдалануу керек эле. Ал кезде Лениндин ысымын пайдаланып, биринчи кезекте КПСС БКнын башкы секретары Л.И.Брежневдин макулдугун алуу керек эле. Адегенде Борбордук аянттын планын дыкааттык менен иштеп, Кыргыз ССРинин Министрлер Советинде бекитилген. СССРдин жогорку бийлигинин көңүлүн буруу үчүн Борбордун көрүнүктүү жерине В.И.Лениндин эстелигин орнотуп, анын арт жагына Лениндин Москва шаарындагы Борбордук музейинин филиалын куруу пландалынган.

Максатты ишке ашыруу оңойго турбаган бул маселени чечиш үчүн, Кыргыз компартиясынын жетекчиси КПСС БКнын кезектеги Пленумдарынын биринен кийин Л.И.Брежневдин кабыл алуусунда болгонун, бул жолугушууда сөздү борбордук аянт куруудан эмес, Фрунзеде Москвадагы В.И.Лениндин Борбордук музейин курууга уруксат суроодон баштаганын, бул музей эл достугун чыңдоого, элди интернационалдык рухта тарбиялоодо чоң роль ойноорун айтып, айнып кетпесин деп, музей толук бойдон республикалык бюджеттин эсебинен курулат деп ишендириптир. Ошол жолугушууда Л.И.Брежнев Турдакун Усубалиевдин сөзүнө ынанып, сунуш жакканын, бул сунушту талкуудан өткөрүү ишин КПСС БКнын секретары К.У.Черненкого тапшыраарын айткан экен. К.Черненко менен КПСС БКнын аппаратында коңшу кабинеттерде он жылдай чогуу иштеп, өтө ысык мамиледе экен. Л.И. Брежневден чыгып түз эле К.У.Черненкого кирип иштин жайын түшүндүрсө, ал бул ишти оң жагына чечилишине жардам берем дептир. Көп узабай эле 1981-жылдын май айында К.Черненконун колу менен Фрунзе шаарында В.И.Лениндин Москвадагы музейинин филиалын куруу жөнүндө КПСС БКнын Секретариатынын токтому чыгыптыр.

Демилгени колдогону үчүн Л.И.Брежневге ыраазычылык кат жөнөтүп, анда музейдин сметалык баасы 5 млн рубль тураарын белгилеп, СССРдин Мамлекеттик пландоо комитетинин 1982-жылдагы курулуш боюнча планына киргизүүнү өтүнөт. Ошол эле катта Фрунзе шаарында В.И.Ленин атындагы китепкана курулганы жатканы, анын баасы 2,9 млн рублди түзөөрү жазылып, планга киргизип берүүнү сураныптыр. Бир катар талкуулардан кийин Кыргыз ССРинин жетекчилигинин сунуштары жактырылып, Фрунзеде В.И.Ленинге эстелик орнотууга, В.И.Лениндин Борбордук музейинин филиалын жана Ленин атындагы борбордук китепкананы курууга уруксат берилип, планга кирип, бул ишти Кыргыз ССРинин жана Кыргызстан Коммунисттик партиясынын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгы белгилене турган 1984-жылга карата бүтүрүү жөнүндө СССР Министрлер Советинин чечими чыгат.

Ушундан кийин В.И.Лениндин музейинин филиалын, анын шарапаты менен Кыргызстандын борбордук аянтын куруу иши чоң шыктануу менен башталат. Бул имараттардын курулушун Т. Усубалиев өтө тыкыр көзөмөлдөгөн. Ал ошол жылдары иш убактысынын көбүн кабинетинде эмес, курулуш жүрүп жаткан жерлерде өткөргөн. Курулушчулар аны өздөрүнчө “прораб” деп атап алышкан экен. Бул масштабдуу иш аяктап калганда Москвадан курулуш иштерин токтотуу жөнүндө кабар келет. Буга СССР Министрлер Советине Кыргызстандан барган тоголок кат себеп болуптур. Бул катта Кыргызстан үчүн “күйгөн” бирөө: “Фрунзе шаарында турак жай жетишпей жатса, Т.Усубалиев шаардын борбордук бөлүгүндө жаңы эксплуатацияга берилген төрт кабаттуу үйлөрдү буздуруп, В.И.Лениндин музейин курам деген шылтоо менен чоң аянт салдырып жатат. Эмгекчилерге курула турган турак жайдын акчалары аянт курууга чыгымдалууда. Турдакун Усубалиевдин бул кылмыштуу ишин токтотуп, жоопко тартуу керек”, - деп жазыптыр. Тоголок каттын кесепетинен кызуу жүрүп жаткан иш кадимкидей солгундаган. Турдакун Усубалиев ошол кездеги Кыргыз ССР Министрлер Советинин төрагасы Арстанбек Дүйшеев экөө СССР Министрлер Советинин төрагасы Н.А.Тихоновго, андан кийин КПСС БКга кат жазышат. Анда КПСС БКнын 1981-жылдагы токтому боюнча В.И.Лениндин Борбордук музейинин филиалы Фрунзе шаарында курула баштап, азыркы учурда имарат толук тургузулуп, чатыры жабылганы, эми негизинен жасап-түзөө иштери гана калганы, бул иш үчүн Кыргызстандан чыккан гранит, мрамор таштары пайдаланылаары, аларды иштетүү үчүн таш заводу бар экендиги, филиалды курууга республикалык бюджет сарпталып жатканы, турак жай курулушу план боюнча жүрүп, үзгүлтүккө учурабаганы, республиканын эмгекчилери музейдин курулушун чоң ынтызарлык менен колдоп, ишембиликтерди уюштуруп, акча каражаттарын которуп жатканы, бул курулуштун тарбиялык мааниси өтө чоң экендиги баса белгиленген. Аракет үзүрүн берип, СССР Министрлер Совети филиалды курууну токтотпой, улантуу жөнүндө атайын чечим кабыл алган. Ошентип, 1981-жылдын октябрь айында башталган курулуш 1984-жылы октябрда Кыргыз ССРинин жана Кыргызстандын Компартиясынын түзүлгөндүгүнүн 60 жылдыгына карата бүткөрүлүп, чоң окуя катары салтанаттуу ачылган.

Эгемендүүлүктүн өткөн жылдарында мындай аянтты кура алат белек? Бул да чоң маселе. Ошол кезде курулган кубаттуу ГЭСтерди, 150дөн ашуун завод-фабрикаларды, жол курулушундагы, социалдык, маданий турмуштагы жетишкендиктерди айтпаганда да “Ала-Тоо” аянтын курулганы туура болгон.  Бирок кийин бул музей беш жыл жабылып турду.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости