www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кайдагы алтын деши мүмкүн. Тарых музейинде алтын аралашкан экспонаттар көп болгон. Мурунку министр болгондо АША экөө бул музейди өрттөшүп, экспонаттардын изин сууткан. Баса ал кезде Максүтов саяктыгына салып аркалык болуп жүргөн. Сооронбай Шарипович келер менен «югославга» айланды, бүгүнкү күнү кайта аркалык. Эсептөө палатасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде аудит жүргүзгөндө Максүтовдун ышпалдасы чыккан. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 23 522,0 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, ордуна келтирүүгө тийиш болгон сумма 7 289,9 миң сомду түзгөн, анын ичинен 5 078,8 миң сом ордуна коюлду.
Мындан: Текшерүүнүн жыйынтыгында 734,5 миң сомдук акча каражаттарынын жана материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталган. Белгилей кетсек, 734,5 миң сом ордуна коюлган. Эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр 16 542,6 миң сомду түздү. Товардык материалдык баалуулуктарды, акча каражаттарын жана иш сапар чыгымдарын негизсиз чыгымдоо 1 386,8 миң сомду түзгөн, анын ичинен 1 386,8 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 631,5 миң сом калыбына келтирилди. Курулуш монтаждоо жумуштарынын көлөмүн ашыруу 744,7 миң сомду түзөт, мындан 744,7 миң сом, калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 333,8 миң сом калыбына келтирилди. Эсептен жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз 3 530,4 миң сомду түзүп, анын ичинен 3 511,6 миң сому мекемелерге калыбына келтирилген. Мындан сырткары, бюджеттин резервдери 4 958,8 миң сомго аныкталды, мындан 4 096,1 мин сому ордуна коюлууга тийиш болсо, 647,7 миң сому ордуна коюлду.
2023-жылдын 16-июнунда Жогорку Кеңештин "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын жыйынында депутат Жеңишбек Токторбаев маданият, маалымат, жаштар саясаты жана спорт министри Алтынбек Максүтовдун ишин сынга алды. Депутат маданият тармагындагы кемчиликтерди айтып жатып: "Сизди абдан толуп кетти, байып дагы алды деп айтып жатышат. Сиз иштесеңиз андай болбойт эле", - деди. Ал эми министр: "Ар кимдин организми ар кандай экен. Байлык боюнча сиз мени каралап жатасыз. Жөн эле кооздоп сүйлөй берген болбойт. Факты менен сүйлөш керек", - деп жооп кайтырды. Ал ортодо фракция лидери Бактыбек Сыдыков сөзгө аралашып, министрдин микрофону өчүп калды. Сыдыков: "Депутат менен айтышпаңыз, биз жардам берели деп жатабыз. Качан болсо силер үчүн биз чуркайбыз", - деп кесиптешине болушту.
Эсеп палатасы Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигин текшерүүдөн 23,5 миллион сомдук мыйзам бузууну аныктады. Бул тууралуу Эсеп палатасынын басма сөз кызматы билдирген. Маалымдалгандай, министрликте аудит жүргүзүлгөн. Андан жалпы суммасы 23 миллион 522 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар табылган. 7 млн 289,9 миң сом компенсация төлөнүүгө тийиш болсо, анын 5 миллион 78,8 миң сому калыбына келтирилген.
Табылган бузуулардын ичинен:
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg