www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германия канцлери Бээжинге барып Си акенин алдында тоңколоңдоп жүгүнүп келди. Германиянын андан мурунку канцлери Ангела Меркель да Кытайга барганда Кытайдын байыркы картасын көтөрүп алыптыр. Ал жерде Кытайдын чек арасы Арал деңизи көздөй сүңгүп, монголия, орусиянын кээ бир аймактары жана дагы бир топ аймактар Кытайдын кол алдында экен. Бул карта кошуналар менен араздашууга чоң негиз түзөт. Дүйнөлүк үчүнчү согуш башталганы турат. НАТО соцмамлекеттерди тегеректеп армиясын согуштук даярдыкта кармап турат. Кытай Орусияны колдоп тургансыйт. Бул согуш башталса ядролук куралдар ишке кирип, жер огунан чыгышы мүмкүн.» - деген.Германияда жүрсөк да Кытай Кыргызстанга кол салса эмне болот деген сарсанаа болгон. Ал кезде Кытай СССРге душман болчу.

СССР тараган соң Кытайдын Төртүнчү бөлүмүнө биздин алкы бузук  Шадиевке окшогондор чек араны такташ үчүн Үзөңгү –Кууш, Хан- Теңирдин үчтөн бирин тартуулашты. Кытай, Орусия, Кыргызстан сыяктуу мамлекеттер ШКУга (ШОС) бирикти. ШКУну Орусия стратегиялык аймак катары карагысы келсе, Кытайэкономикалык бирдикте көргүсү келет. Эл аралык келишимдер боюнча Кытай Кыргызстан менен достук мамиледе. Ушуга таянып кытайлыктар кызматташабыз деп Кыргызстанга каптап кире баштады. Буга жолтоо болуунун ордуна Акаев сыяктуу депутаттар кытай туристтерин визасы жок эле өткөзүшүбүз керек деп кан какшап турат:

1.Кытай эл аралык күчтүү державага айланган сайын, Кытайды бөлүү тууралуу пландар аркылуу, жети мамлекетке бөлүнүшү мүмкүн;

2.«Мүйүздүү болом деп, кулагынан айрылыптыр» -дегендей Кытай Борбор Азияга кол салса, биринчи Борбордук Азиянын беш мамлекети бир муштумга биригет, Орусия скиф менен мусулмандардан куралган, Орусия жардамга кол сунат. Бүт дүйнөнүн мусулман мамлекеттери мунайзат менен согушкерлердин уюгуна айланган. Чечен, араб, афган согушкерлери эч кимден суранбай эле кытайлыктарга каршы чыгат. 1 млрд 350 млн Кытайга 1 жарым млрд мусулман коомчулугу туруп, Кытай Син-Цзян-Уйгурунан айрылып калышы мүмкүн.

3.120 миллион Япония Кытайга тарттырып ийген аралдарын кайта ала баштайт. Индия, Непалга таянып Тибет козголуп чыгат.

4.Батыш Кытайды Каспийди көздөй үгүттөп, бүгүн кайраштырып жатат. Байыркы заманда Кытайдын аймагы Каспийге чейин созулуп жатчу экен. Ошонун картасын түзүп алып  Ангела Меркель Бээжинге алып барган. Бээжин аны билет, Каспийге чейинки аймакты өзүнүкү деп эсептейт. Батыш үчүн 5 мамлекеттен куралган Борбордук Азия коркунучтуу эмес, Батыш үчүн Кытай коркунуч жаратат. Эгер Кытай козголсо Батыш Кытайды бөлүш үчүн катуу ишке киришет.

4.Орусия оор кырдаалдарда, Шиберде, орус ээлеп келген оор басырыктуу жерлерде «Чайн-Таундар» жайнап баратат. Орусиянын мыйзамы боюнча ким көп балалуу болсо, ага колдоо көрсөтүлөт. Бир баладан ашык балага тыюу салынган кытайлыктар үчүн, бул өтө жагымдуулукту туудурат. Орусия кытайлыктардын жыбырап кумурскадай жайнашына шарт түзөт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости