www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Элге канча чириген бай чиновник барып, акчасын чачып бийликти колдогула десе да, эл укпай калды. Эл акыйкатты айткан адамдардын сөзүн угуп калган. Олигархтардын алгандарын чөнтөктөрүнө салып, жең ичинен бармагын көрсөтүп коюшат. «Маалымат майданында» Акаев 14 жылдан кийин, Атамбаев 2 жылдан кийин жеңилүүгө чалына баштаган. «Элиң бай жашаса - жакыр жашаганың уят, элиң жакыр жашаса - бай жашаганың уят» дейт, кыргыздардан ким бай, сиздердин таразаңыздарга коёбуз.
«Президент» олигархтар
Бийлигине таянып «олигархка» айлангандар:
АКАЕВ Аскар Акаевич, экс - президент
Акаев үй-бүлөсү менен Москвадан «эски чемоданы», жыртык батиңкеси менен бийликке келген, кайра он төрт жылдан кийин үй-бүлөсү менен Кыргызстандагы эң бай «олигарх» катары Москвага учуп кетти. Акаев башкарганы келген убакта гүлдөгөн күнөстүү ре аспубликабызда завод-фабрикалар тарактап, калкыбыз шарактап коммунизмди көздөй түптүз эле кетип баратканбыз.Завод-фабрикалар «утилге» айланып, темир-тезекти Кытай соруп кетти. Элдин көз жашы Акаевге тийип, коштошконго сөз айта албай Москвага кирип кетти.
АТАМБАЕВ Алмазбек Шаршенович,экс - президент
Путин Санкт-Петербургдун губернатору Анатолий Собчактын «телохранитель» катары чемоданын көтөрүп жүргөндө Атамбаев «мульти-миллионер» экенин өзү айтып жүрөт. Бирок кантип мульти-миллионер болгонун ачык-айтпайт, будамайлап айтат. Анткени СССР убагында миллионер деген түшүнүк болгон эмес.
«Премьер-министр» олигархтар
Булар бийлигине таянып элди талап-тоноп жеп, өкмөт башчысынан олигархка көтөрүлгөндөр.
Феликс КУЛОВ
Демократиянын түтүнү чыга электе эле полковник Кулов оозго алынып калган. ГКЧПнын убагында Акаев шымын булгап алганда, Кулов суу куюп берген. Кулов жаш кезинде курч болчу, бирок анын болоттой курчтугу өзү тилин түшүнбөгөн «кыргыздарды» көтөрүүгө арналган жок, капчыгын калыңдоого арналып вице-президент, Чүй губернатору, Бишкек мэри, УКМК министри болуп «сыз жерди» көрүп келди. Бакиевдин заманында өкмөт башчысы катары кыргызды Африканын артта калган өлкөлөрүнүн катарына түшүрүп, ХИПК деген программасы жана башка реформаларынын аркасы менен бийиктеп учкусу келген.
Данияр ҮСӨНОВ, экс-премьер
Данияр мырза технологияны өтө тез өздөштүрөт. Бөтөнчө «арамзалыктын технологиясын». Далил керек: Ал жылаңайлак чуулдап жүргөн убакта эле, башка балдарга момпосуй берип алдап, өзү атамандыкты «арамзалык» менен алчу. Бул мезгилде «арамзалыктын алиппесин» гана үйрөнүп жүргөн. Ал эми «арамзалык илиминин докторлугун» ефрейтор Үсөнов аяш атасы Апас Жумагуловдун аркасы менен байлык топтоп, Бакиевдин заманында «корона» кийип, «ханга салам бербей» жактаган. Ефрейтор болгону менен генералдарды тизип койчу.
Экс «Супердепутат» олигархтар
Алтынбек Сулайманов
Алтынбек Сулайманов Бакиевдердин учурунда «Ак жол» партиясында болсо да, элге билинбей көлөкөдө жүргөн депутат болгон. Анын багын бир «Республика» партиясы ачса , бир бокс аренасында Камчыбек Ташиев ачты, андан соң «Бир бол» менен Досалы Эсеналиев анын «суперлигин» бекемдеди. Бүгүнкү күндө супердепутаттардын катарын толуктап турат. Ошондуктан ага ар тараптан тийишүүлөр жамгырдай жаап жаткан учуру. 2010-жылы Ош окуяларында отту кечип жүргөн Алтынбек Сулаймановду өзбек сепаратисттери чап кенедей жабышып,чет элдик басылмаларда улутчул деп күнөөлөп келишти. Алтынбек Сулаймановду чыныгы мекенчил, патриот инсандардын катарына да кошуп койсо болот. Кыргыз элинин тарыхын изилдеш үчүн кан-жанын аябай күрөшүп, акча каражатын аябай келатат.
Базар олигархтар
Аскар САЛЫМБЕКОВ, бизнесмен
Маңдай тери менен рынок экономикасынын шартында байлык топтоп, өзү жалгыз байыбай, артында Салымбековдордун «дордойгон» династиясын бүт байлыкка жеткирген.
Райкан АЛКАНОВ, бизнесмен
Райкан аксакал да, социалисттик доордон капиталисттик доорго «капиталын» топтоп өттү.эмнегедир бычак сунулганы бизнесмендерди «шокко» салды.
«Бензин» олигархтары
Өмүрбек БАБАНОВ, экс-премьер
«Эки чака» бензин менен иш баштаган Бабанов, бүгүнкү эки үлкөн олигарх болсо бири.
Исхак ПИРМАТОВ, депутат
«Бензиндин битин сыгып атып» олигархка айланган Пирматов кайда? Нефтебазада. Деги парламентке келчү убагы болор бекен? Же бензин деп жүрө береби? Чет мамлекетке качып-бозуп жүргөн капчыктуу «шефтери» ага окшогон кошоматчыларын унутта калтырган жок. Элдин энчисинен жеп кеткен миллиардарынан үлөлөштүрүп аларды кайра жалдап алды. Анан ага окшогондор бакырып чыкпаганда, эми эсине келгенсип элдин атынан сүйлөмүш болбогондо кимдер сүйлөйт? Ырас кылат, мурунку замандарда чалчактап көппөдү беле.
Юрист олигархтар
Чолпон Баекова,
Чолпон эжей парламентке келгенде бир «общий тетрады», бир бору (мель) жана бир сыйра кийими бар болчу. Анан эсибизге жара чыкпаса, Акаевге карындаш боло калып, олигарх сотко айланган. Аалы Карашевге сиңдисин берген соң, Макмалдын алтынынан аптыга сугунуп Исанов көчөсүнө имараттарды куруп, ижара акысы менен күн көрсө, бийликке жеткенде анын тегерегинде текебаевдик көп кабаттуу имараттар, жаандан кийинки козу карындай жамырап баратат. Эми анын байлыгын кайсы премьер-министр эсептейт эле? Эсептейин десе, аргымак мингизип туруп, ары карай түртүп жиберчү.Аягы «жандосу» менен тил табыша албай камакта жатат.
«Жолчубек» олигархтар
Орусияда жолдон акча таап күн көргөн «дорожная девкалар» бар, бизде жолдон байыган олигархтар бар:
Тойчубек КАСЫМОВ, экс-аппаратчы
Акаевдин заманында «жол бизнесине» негиз салып, жолдун олигархына айланып, аты да «Жолчубек» болуп калган.
Жантөрө САТЫБАЛДИЕВ
Мырза акенин коондору гана эмес, «жоондору» дагы таттуу келет. Ошол «жоондорунун» жоону Жантөрө Жолдошевич. Анын негизги адистиги «эксплуатационник». Ошондуктан Аскар Акаев, балким Майрам Акаева келишимдүү жигитти Бишкек-Ош автожолун реконструкциялоо жана «эксплуатация» боюнча директорлугуна койгон. «Эксплуататор» Бакиевдин тушунда «эксплуатационник» Сатыбалдиев «эшек такалабай» эле, Ош облусуна кошуп, Түштүктү бүт «эксплуатациялап» жүрдү. Атамбаевдин тушунда «эксплуатационник» Сатыбалдиев кыргыз элин «эксплуатациялайбыз» деп өкмөт башына келген.
Ашкана-ресторан олигархтары
Бозулан МАМАЗАИРОВ, бизнесмен
Азыркы олигархтар арасында бешиктен бели чыга элек жатып, «арзыматчылыктын» арифметикасын жадыбалдай жаттап алган «Монте-Карлолор» көп эле учурайт.Ошолордун бири Бозулан мырза. Анын кандай байыганын ким билет, «жел» дымагы менен олигархтардын катарын толуктап жүргөнү чын. Ал кыргыздын жери сатылып жатса «быш этип» да койбойт, анткени анын айында эл эмес «Монте-Карло» өссүн деген ой жатат. Бозулан мырза ресторандар тармагы менен, биздин ресторандарды «Монте-Карлого» айлантып баратат.
Абдраим КУЛБАЕВ, бизнесмен
Кыргыздын элин малга теңеп, жакырчылыктын чегине алып барып, кыштын күнү тезек тердирип, электрге бааны эки эсе кымбаттатып, ГЭС,ТЭЦтерди арзыбаган баага менчиктештирип, элди ого бетер кымбатчылык менен муунтуп аткан убакта, Абдраим мырзага окшогондор Максим Бакиевдин колтугуна кирип алып, алардын обонун созуп ырдап турушту. Эл кыйналса мейли, бир гана Абдраимге окшогондор сайрандап турушу керек эле. Бирок, кыргыз эли ага макул болгон жок, суук тумшук, жырткыч бийликти кубалап чыкты. Абдраим мырзага окшогон бекер ашка кыныккандар «Таргута» рестораны, "Кербен" базары менен баштарын башка бийликке буруп кетишти.
Унпуруш олигархтар
Бакыт ТӨРӨБАЕВ
Унпуруш олигархтар ун сатып олигарх болгондор. Бакыт мырза парламентте «эки тизгин, бир чылбырды» колуна кармап келатат. Ун кымбаттаса - элдин шору. Ал эми кимге пайда түшөт?Анысын ким билет, бирок Төрөбаев мурун элге трактор алып келип турса эми унута баштагандай. Бирок шайлоо учурларында жакшы мамиле кылат.Эстегиле мырзалар шайлоо келатат.
«Бөтөлкө» олигархтары
Шаршенбек АБДЫКЕРИМОВ
Кыргыздар аргымак минсе, Шакең «Аюну» минип алып, түз эле парламентке келген. Икрам Илмияновдун кабыл алуусунда кезек күтүп отуруп тажадыбы, 2015-жылы «Кыргызстан» партиясын токуп минип жүрдү. Шаршенбек мырзанын айтымында аны кимдир бирөөлөр телефон аркылуу коркутат имиш. Бир заманда акыйкатты айткан адамдарды күм-жам кылып, каматып, сабатып, соттоп миллиондорду моюнга салып атканда Шаршенбек мырзалар дардалаңдап ресторан, түнкү клубдарда кожоюндук кылып, кыйналып аткан элдин үнүн укту беле? Албетте, Шаки мырзанын эки жүздүүлүк менен бет тырмаарлык кылып атканы бештен белгилүү. Антпесе, мурунку «ээлери» аны «күчү-күчү» деп элдин байлыгын талатканы эсиндедир. Өзүн бир шордуу кылып көрсөтпөсө, сугунгандары жукпай калбайбы.
Таалайбек АЙДАРАЛИЕВ,экс- министр
Таалайбек мырза арактан байыган жок. Ал «паспорту бар» буудайдан жасалган арак ичпей, чет элге барып «паспорту жок» арак ичип, чатак чыгарып, арактын айынан кызматынан кол жууп, кедейленип баратат деп айгай салып, малды паспорттоштурууга өттү.
Апас ЖУМАГУЛОВ, экс-премьер
Менчиктештирүүнү пир кылып, Кыргызстанды талап-тоноп байыган.
Нурлан СУЛАЙМАНОВ, депутат
«Жолду» башкарып жүрүп, Европага чейин «жолдук» акча таап алган окшойт. Жолун карап чарчадык, көрүнбөйт.
«Распильщик» олигархтар
Сотка менен мамлекеттик мүлктү «распилить» этип бөлүп алып байыган олигархтар:
Темир САРИЕВ, министр
Темикебиз КСДП, «Ата Мекенде» айылчылап жүрүп, акыры өз партиясы «Ак шумкарды» түзгөнү менен, ак шумкары кара кузгунга айланды. Өзү финансы министри катары Убактылуу өкмөттүн учурунда сотка менен жайлагандарды «жайгарып», кайра министрге барып конду.Эми КСДПга барып конгону жатыр.
«Чиновник» олигархтар
Бүгүнкү күндө мансаптуу кызмат ээлеген олигархтар:
Тайырбек САРПАШЕВ, биринчи вице-премьер
«Жакыр элге, бучуктан бий».
Икрамжан ИЛМИЯНОВ, Президенттик аппарат жетекчисинин орун басары
Башка чиновниктер он жылдап олигархка айланса, Илмиянов он айдын ичинде эле далайларды «обгондоп» кетти.
Данияр НАРЫМБАЕВ, Президенттик аппарат жетекчиси
Данчик алтынын Нарынга алып барып катса керек. Ташиев тосмодон секиргенин угуп Нарынды көздөй уруп баратканда, араң буруп келишпедиби.
Нурханбек МОМУНАЛИЕВ
Момурап турганы менен Момуналиев, «Жоошто жоон чыгат» деп жоон-жолпусунан сугунуп жатыр.
«Кошелек» олигархтар
Муратбек МАЛАБАЕВ, экс-депутат
«Ар заманда бир куркулдай». Ар замандын өз «кошелогу» бар. Мукебиз деле Акаевдин баскан изинен калбай ээрчип жүргөнү менен, ал «бакма бала» кылып «короновать» этпегени менен «кошелогун» көтөрүп жүрчү. Каныкей апабыз Күлчорого сүт эмизип уул кылып алса, Акаев сүт эмизбей эле «олигарх уул» кылып алган.
Муратбек МАЛАБАЕВ, экс-депутат
Аскар Акаевдин «кошелогу».
«Бакма бала» олигархтар
Ар бир бийлик бирден баланы багып муратка жеткизет.
Кубанычбек ЖУМАЛИЕВ, экс-премьер
Аспиранттан премьер- министрге «чоң секирик» жасаган.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg