www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү элдик курултайга кимдер келет? Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Мыктыбек Абдылдаев сыяктуулар келишеби? Булар Нуржан Кармабекованын жакындары. Шайлдабекова ким президент болсо да майдай жагып келатат. Негизи анын «хамалеондук» сезимдери өтө күчтүү ойгонгон. Азыр жыт билип хамалеондук, келемиштик инстинктерди курчутпаса болбойт.БШК криссталдай таза болсо, Шайлдабекова түбөлүккө төрайым болсун. Ал болсо акелери Бабанов, Сариев, Абдылдаевдерди тымызын колдоп келатат. Шайлоонун деле аягына чыктык, эми элдик курултайлар башталды. 2017-жылдан бери шайлоо Шайлдабекованын урматынап бүтпөй келаткан. БШКдагылар бары эле акпы, ким билет шайлооунун айынан кекиртекке чейин тоюшту. Алсак, Эшимов сыяктуу БШКчылар былтыйта жеп алып,түрмөнү карап турушат. Акыркы ирет Таш-Көмүр, Токтогул, Кара-Балта шаарларында жана 13 айылдык кеңештерде шайлоо болду. Шайлдабекова шайлоо жок «ачка» калып баратканда бул деле дурус.
Шайлдабекованы президенттердин бары мактады: Атамбаев, Жээнбеков, Жапаров, бирок карапайым шайлоочуларга жакпай келет. Азыркы бийликтин өз кадрлары жогунан «Күн тийген жердин күкүктөрүн» же жеткен кошоматчылар Бакыт Төрөбаев, Нуржан Шайлдабекова, Руслан Казакбаев сыяктууларды көзүр кылып алды.Булар бийликтин башына күн түшкөндө таштай качып жаңы бийликтин бутун кучактай турган немелер. Коопсуздук кеңештин жыйынында президент Садыр Жапаров менен БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабековага ода айтканы элдин эсинде: «Ар кандай провокацияга барган жарандар да чыгып калышы мүмкүн, андайлар жок эмес. Мисалы, бирөө бюллетень салып коём деп байкоочуларга кармалып калса, УШК төрагасы, ИИМдин өкүлү барып туруп, ачык көргөзгүлө, жашырчу эч нерсе жок», — деген. Ошол эле кезде Жапаров БШКнын төрайымынын адилеттүүлүгүнө көзү жеткенин белгиледи. Ал Шайлдабекованы дайыма мыйзам чегинде иштегенин жана өз ишинде тажрыйбасы чоң деп өпкө-жүрөгүн чапкылап, алкады:
«Октябрь окуяларынан кийин Нуржан Кармабекова БШКнын төрайымы болчу. Айрым эл Шайлдабекова кетсин деп жазып жатышат. Ачык айтайын, мен дагы мурун барын ушул аял кылып жатат деп жаман көрчүмүн. Барын БШК эле кылып жатат дечүмүн. Былтыр октябрь окуяларынан кийин президенттик шайлоону дайындабай туруңуз деп сурандык. Тарыхтын эски барагын жаап, жаңы барагы менен келели деп сурандык. Бирок болбой эле президенттик шайлоону үч айдан кийинкиге коюп салды. Айла жок шайлоого бардык.Ошондон улам шайлоого аралашып отуруп мен түшүндүм. Демек, маселе Нуржан Кармабековада эмес экен. Кептин баары төбөсүнөн басып отуруп алып, муну мындай кыласың, тигиндей кыласың десе көз каранды болуп айла жок жасайт экен. Кыргызда жакшы сөз бар “балык башынан сасыйт” деген. Ошондуктан, биз башындагылар сасыбасак, этеги жакшы эле болот экен. Ошондон кийин мен жаман көрсөм дагы кайра алып келип койдум. Анткени мыйзамдуулукту туу тутуп, шайлоону таза өткөрүүгө күчү да, акылы да жетет экен», — деди президент.
Жыйынтыгында президент Шайлдабекова сыяктуу кадрлар менен «жаман көрөбүзбү жакшы көрөбүздү, иштешишибиз керек» деп кошумчалаган: «Мындан ары дагы таза иштешиңер керек, эч кимди укпашыңар керек», — деген президент Шайлдабековага кайрылып.
Нуржан Шайлдабекова БШКны 2016-жылдан бери жетектейт. Бул аралыкта ал үч президент менен иштешти — Алмазбек Атамбаев, Сооронбай Жээнбеков жана учурдагы өлкө башчысы Садыр Жапаров. Президент Садыр Жапаров кол койгон «Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо коммисиясы жөнүндө» жаңы конституциялык мыйзамга ылайык, БШКнын курамына талапкерлердин 50%ын мамлекет башчысы сунуштайт.
Жаңы мыйзамга ылайык, парламенттин жаңы чакырылышына 90 депутат келди. Эл өкүлдөрү 5 жылдык мөөнөткө шайланат. Парламенттик шайлоо аралаш система менен өттү. 54 депутат партиялык тизме, 36 депутат бир мандаттуу округдан өзүн-өзү көрсөткөн талапкерлерден шайланат. Парламенттик шайлоого 21 партия катышып 7 партия жеңишке жетти.
Ушул мыйзамды кабыл аларда бийликтин алмашышына өзүнүн оюу боюнча эч кандай күнөөсү жок, дайыма ким бийликте болсо ошону карап жылмайып сүйлөгөн Нуржан Шайлдабекова:
"Партиянын ичиндеги коррупцияны көрүп жатабыз, партияларга жакшы шарттар түзүлгөн. 10 жыл бою өнүгүүгө жакшы мүмкүнчүлүк алышкан. Азыркы сунушталып жаткан мыйзам долбоорунда да партиялар маанилүү институт. Ошондуктан 55 орун берилген", — деген.
Шайлдабекова өзүндөгү төөдөн башканы бери көздөй өзүнөн түртүп жатат. Саясий чөйрөдө хамелеондор чоң көйгөй жаратат. 2017-жылы эбегейсиз административдик ресурс колдонгондо, атаандашына кылмыш ишин козгогондо Шайлдабекова башын катып отуруп алган. Ал эми 2020-жылы эки партия акча таратып, админресурс колдонгону боюнча Шайлдабековага толтура арыз жазганда чечим кабыл албай койгон. Саясий, карьералык кызыкчылыгыңардын негизинде унчукпай отуруп алды. Партияларда, албетте, күнөө бар, бирок эң чоң күнөө үч-төрт шайлоону өткөргөндөрдө.
Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун артыкчылыктары жана кемчиликтери булар:
Артыкчылыктар:
1) парламенттеги региондук өкүлчүлүктү максималдуу түрдө камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет;
2) жарандар иш жүзүндө бир мандаттуу шайлоо округу боюнча өз талапкерлигин көрсөтө алышат;
3) депутаттын шайлоочулар менен тыгыз байланышы, шайланган депутаттардын жогорку деңгээлдеги жоопкерчилиги камсыз кылынат, депутаттын шайлоочулар алдындагы жоопкерчилиги жогорулайт, шайлоочулар парламентте алардын кызыкчылыгын ким коргоп жаткандыгын так түшүнүшөт;
4) учурдагы шайлоо тутумунун артыкчылыктары жана жетишкендиктери сакталат: - квоталар аркылуу социалдык топтордун өкүлчүлүгү; - саясий партиялар институтун андан ары өнүктүрүү.
5) Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлерди көрсөтүүнүн эки субъектиси. Мындай система аз сын-пикирлерди жаратат (калктын талабы канааттандырылат);
6) аралаш шайлоо тутуму бир катар КМШ өлкөлөрүндө (Орусия, Грузия, Украина), Европада (Италия, Германия, Венгрия) колдонулат жана өзүнүн эффективдүүлүгүн эң ийкемдүү жана туруктуу катары далилдеди, айрыкча мамлекеттик институттарды калыбына келтирүү кырдаалдарында катуу кризистерден кийин.
Кемчиликтери: 1) бир мандаттуу шайлоо округдарында квоталардын сакталышы камсыздалбайт, бирок бул пропорционалдык системада сакталган жана күчөтүлгөн квоталар аркылуу компенсацияланат.
2) бир мандаттуу шайлоо округдарынын схемаларын жана чектерин түзүүнүн татаалдыгы.
3) бош мандат болгон учурда бир мандаттуу округдардагы жаңы шайлоолор өткөрүү, бюджетке кошумча финансылык жүк.
4) чет өлкөлөрдөгү шайлоочулардын бир мандаттуу округдарда добуш берүүгө укугу жок.
Мыйзам долбоорунда Жогорку Кеңештин 90 депутатын аралаш (туташ) тутум боюнча шайлоо үчүн жаңы шайлоо тутуму сунушталат (59-берене):. 35 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык тутум боюнча шайланат; 55 депутат бирдиктүү шайлоо округу боюнча партиялык тизмелер менен пропорциялык тутум боюнча шайланды.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg