www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эдил Байсалов  «жамандыктын жарчысындай» экендигин Турсунбек Чынгышев айткан «келесоолор» да билип калды. “Бөрк ал десе баш алган” макал дал ушул “азаматка” куп жарашат. Бийликтин камчысын колунда кармап, бийликке каршы адамдарга жулунуп чаппа десе да чаап салат. Эдил мырза эски адатына салып бийликке катуу жан үрөп жатыптыр. Анын айбаты ушунчалык катуу дейт Көк үй жайгашкан жерге жолоп болбойт экен.

Кыргызстандын Министрлер кабинети мамлекетти тилди өнүктүрүү программасынын алкагында NVIDIA үлгүсүндөгү суперкомпьютер сатып алды. Бул компьютер канча сомго алынганы жашыруун бойдон калды. 17-январда президенттик администрацияда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун жетекчилиги астында аталган компьютердин бет ачар аземи өттү. Байсаловдун айтымында, бул долбоор жана суперкомпьютер мамлекеттик тилди өнүктүрүүдө чоң роль ойнойт. Ал аталган жабдуу 24 саат боюу иштей турганын, аны бардык мамлекеттик мекемелер, окуу жайлар жана башка кызыкдар адамдар колдоно ала турганын кошумчалады.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясаты боюнча президентке караштуу улуттук комиссия менен “Улут Софт” компаниясы кыргыз тилинде маалыматтарды иштеп чыгуучу жасалма интеллектти киргизүүнүн үстүндө иштеп жатат. Суперкомпьютер мына ошону ишке ашыруу үчүн керектелет. Министрлер кабинетинин сайтында жазылгандай, жасалма интеллект кыргыз тилиндеги текстти үнгө айлантууга, үндү текстке айлантууга, текстти түзүүгө жана анализдөөгө кудуреттүү болот.

Суперкомпьютер – (Supercomputer) бул кадимки компьютерлерден күчтүү, ага караганда эсепти өтө ылдам жүргүзгөн адистештирилген эсептөөчү машина. Бул жабдуу катардагы компьютерлерге салыштырмалуу бир эле маалда бир нече операцияны аткара алат жана муну үчүн ага көп процессор керек болот. Компьютерлердин эсептөө кубаттуулугу адатта флопс бирдиги менен эсептелет. Орточо компьютерлердин кубаттуулугу 0,1 терафлопс деп эсептелсе, кубаттуулугу 10 терафлопстон ашкан компьютерлер суперкомпьютер деп саналат. Андан күчтүүлөрү петафлопс бирдиги менен өлчөнөт. Кыргызстандын Министрлер кабинетинин сайтында жазылгандай, алар алган суперкомпьютердин эсептөө кубаттуулугу 1 петафлопс. Ал секундасына 1 квадриллион операцияны аткара алат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg      

Последние новости