www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Индия калкынын саны боюнча Кытайдан озуп кетти

2022-жылдын соңунда Индиянын калкынын саны 1 млрд 417 млн адамды түздү. Бул Кытайдын калкынын санынан 5 миллион адамга көп. Кытайда 1 млрд 412 млн киши жашайт. Бул тууралуу «Bloomberg» маалымат каражаты дүйнө жүзүндөгү калктын санына көз салган «World Population Review» уюмуна шилтеме берүү менен билдирди.

Буга чейин Бириккен улуттар уюму Индия калкынын саны боюнча Кытайдан ашып өтөрүн божомолдогон. «World Population Review» уюмунун 18-январдагы маалыматы боюнча, Индияда калктын саны дагы 6 миллионго көбөйүп, 1 млрд 423 млн адамды түздү. Индия расмий түрдө калкынын санын жарыялай элек.

Адатта Индия 10 жылда бир жолу жарандарын каттап турат, бирок 2021-жылы калк каттоо иши пандемияга байланыштуу жылдырылган болчу. 2022-жылы Кытайдын калкы 2021-жылга салыштырмалуу 850 миң адамга кыскарган.

Бириккен улуттар уюму 2050-жылы Индиянын калкынын саны 1 млрд 688 млн адамды түзөрүн божомолдоду. Ал эми Кытайдын калкы 1 млрд 317 млн кишини түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости