www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз медициналык окуу жайларыбызда Индиянын жарандарын окутуп жатабыз. Бирок элибиз кайра ошол Индия, Түркия өлкөлөрүнө барып, органдарын алмаштырып, ден соолуктарын чыңдап жатышат. Мындай пикирин депутат Жусупбек Коргонбай уулу бүгүн, 18-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал бул маселеге көңүл буруп, чараларды көрүү керек же мыйзам долбоорун сунуштагыла деп саламаттыкты сактоо министрлигинин өлкүлдөрүнө кайрылды.

Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Тилек Мамадалиев бул боюнча мыйзам мурунку чакырылышта колдоо таппай калганын билдирди.

"Учурда өтпөй калган мыйзамда кандай мүчүлүштүктөр болсо, баарын толуктап жатабыз. Академик, профессорлор менен талкуулап, Жогорку Кеңешке алып келебиз. Сиз туура баамдадыңыз. Орган алмаштуруучу оорулунун 3-4 тууганы чет өлкөгө барып анализ тапшырууга туура келип калып жатат. Себеби бириники туура келсе, бириники туура келбей калууда. Биз бул маселенин айланасында иштерди жүргүзүүдөбүз", - деди Мамадалиев.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу чиновниктер ооруп калса, чет өлкөгө барып дарылануусуна тыюу салуу керектигин билдирди.

"Алмаз Ахунжанович мамлекеттик чоң кызматта иштегендердин, депутаттардын жана башкалардын ден соолугу начарласа, сыртка чыгууга тыюу салып коюу керек. Ошондо биздин саламатттыкты сактоо тармагыбыз оңолот окшойт", - деди депутат. 

Ошондой эле, депутат өлүкканадагы көйгөйгө токтолду.

"Жакынын жоготкон жарандарыбыз кайгы тутуп, ыйлап жатса, сөөктү сойобуз, болбосо 5 миң, 10 миң бер дешет экен. Ушуну көзөмөлгө алып койсоңор", - деди эл өкүлү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости