www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ленин округунда күрөш өтө курч болуп турган убак. Ушул жумада күрөшкө чекит коюлат, арийне мыйзамсыз иштерге багыт алган Тагаев жазаланып шайлоодон четтеп калбай, албуутанып күрөшкө кирип жатканы таң калтырат. Эмне Тагаев Шайлдабекованын сүйкүмдүү баласыбы?  Маалымат беттерин «биссимилда» дегенде эле  К.Самаков, Ы.Кадыралиева, Ырсалиевдер ээлеп алышкан. Булар бычакка сап болор депутаттыкка талапкерлер экендигин далилдеп коюшту. Калгандары эмне кылып жүрөт ким билет, балким жөн эле кызыкчылыкка талапкердигин коюп койгондур. Ленин округунда талапкерлердин саны отуздан эбак ооп кетип, шайлоого аттанышкан. «Дүжүр»  депутаттан талапкерлер да жок эмес. Булар качан болсо да «тамашалап» талапкерлигин коюшат, бул оюн сымал, балким НПО аркылуу алчусун алып жаткандыр: Нышанов Назарбек, Бакир уулу Турсунбай, Какчекеев Токтогул, Л.Саралаева. «Чиновниктер» жыдыганы , жыдыбаганы да илээлешип алган:  ТАГАЕВ Русланбек, Т. Мамытов, Э.Булекбаев  жана башкалар.

Нарын тарапта Самаков Садык деген жыйырма жашында эле башкарма болуптур. Ошол мезгилде эле толук элдин жоопкерчилигин мойнуна алып, элдин камы үчүн жанталашып иштеп калган. Ал трайбализмге такап жетигендер үчүн гана чуркабастан бардык кыргыздарды тегиз ойлогон. Самаков Садык колхозду жетектеген жылдары болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетишкен. Колхоздун экономикасы облуста алдыңкы орунда болуп, өндүрүштүн рентабелдүүлүгү 45-50 пайыздан кемиген эмес. Элдин айлыгы, кошумча төлөмдөр, колхоздон берилген эмгек күнгө сыйлыктар ошол мезгилдеги Нарындын шартында  жакшы көрсөткүчтө болгон.

Колхоздун аймагында биринчи Ильич шамдары тутанып, буга чейин салынбаган кой сарайлар курулуп, элдин жашоосу оңолгон. Самаков Садык айылдагы элдин ошол кезде эле маданий, билим деңгээлин жогорулатууну көздөгөн. Ошондуктан айылдын мыкты балдарын Нарын, Фрунзеден колхоздун эсебинен биринчи ирет окута баштаган. Анын жемишин кийин эл көрдү, Карганбек Самаковго окшогон кыргыз баалуулуктар мурасын ЮНЕСКОго кийирген  мамлекеттик адамдар чыкты. Колхоздун малы алыскы Ак-Сай, Соң-Көл жайлооолоруна чейин багылып, ошол кезде кышкы жайыттарды эң натыйжалуу пайдаланган. Кыргызстандын коомдук иштерине, жана айыл чарба өндүрүшүнө көп жылдар боюу кошкон талбас, ак ниет жана жемиштүү иштери үчүн өкмөт менен партиядан көптөгөн сыйга татыктуу болгон.

Согуш убагында ары болду, бери болду, кийин Хрущев бийликти экиге бөлүп, айыл чарба жана өнөр жай району дегенге келген. Ушул мезгилде иштеген кийин Нарын облусунун ГАИсин жетектеген Мамбеталиев Мамбетказы анын көп жакшы жагын айтып калат. 1963-жылы уулду болуп атын Карганбек деп коюп, барыбызды чакырган деп калат.

Санжар Кадыралиев үчүнчү парламентте догурунбай эле, элди ѳзʏнѳ чогултуп, «атан-тѳѳдѳй» парламентке талапкерлерге чоӊ чабуулду баштап бергенин тарых билет. Бакиевдик бийликтин сѳзʏн укпай, кенедейинен кемчилигин бетине айткан Санжар мырза, бийлик этегин ачса, эт бетинен кетип жѳргѳлѳп кирип кеткен жок.Чынын айтсак Санжар Кадыралиевдин чыпалагына татыбаган саясатчылар , бийлик кѳз кысып койсо сайгактаган бойдон кирип кетишет. Ал эми Санжар мырза жеӊил саясатчылардан эмес, «оор габариттʏʏ» инсан болгон! Анын саясий масштабы Кыргызстан менен бʏтпѳйт. Дʏйнѳлʏк деӊгээлдеги, Борбордук Азиядагы саясатчылар Санжар Кадыралиевдин этегине келип намаз окуп кетишер эле. Жириновскийге окшогон жини барлар этегин ѳѳп буркурап ыйлап ийсе, Салимбаев, Утемуратов сыяктуу дʏйнѳлʏк саясаттын «дѳѳ-шаалары» депутат Кадыралиевдин кѳз-карашы менен эсептешип келген. Анын эл-журттагы кадыр-баркы Бакиевдин «Ак –Жол» партиясын кошкондон жогору болсо, Атамбаевдин КСДП эмес, БЭКти кошкондо теӊ тайлашып турган. 

Булдогбаевби же Булекбаевби казак элинин кыргыз арасындагы тың чыкмасы. АШАнын кайра тартпас эң жакын адамы. Ошондуктан Курманбек Бакиевдин бийлиги учурунда АША менен бирге бийликке каршы чыккан. АША премьерден кетип, Бишкекке мэр болом деп жулунуп 2009-жылы чет мамлектте жүргөн Бакиевке барып бата сурап келет.Бирок бияктагы Максим Бакиев сыяктуу билермандар «кол бала» Нариман Түлеевди мэр кылып коюшат. Ушуга таарынган АША бийликке каршы чыгат. 2009 жылы жаңы түзүлгөн БЭКтин Саясий бюросунун мүчөсү Э.Булекбаев Москва районундагы Петровка айылындагы кайгылуу окуядан соң, күйүп бараткан отко май чачып, Ошко кете турган жолду бууп, өз жазасын СИЗОдо өтөп келген. 2010-жылы апрелде бийлик алмашып, Убактылуу өкмөт бийликке келер менен финполициянын жетекчиси болуп чалчаңдап калган. Учурда «Жашылдар партиясы» менен казактардын «Алашын» жетектеп жүрөт.

БШК Ленин округунда кайра шайлоону 10-сентябрга белгилеген. Бул кайра шайлоо болуп жаткандыктан, талапкерлерди көрсөтүү, каттоо жана үгүт өнөктүгүнүн мөөнөтү кыскарганын айткан. Боршайком 28-майдагы шайлоонун жыйынтыгын 16-июнда жараксыз деп тапкан. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо 35,86% добуш менен биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болуп келген Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болгон.

Эки талапкерге тең “шайлоочулардын добушун сатып алган” деген доомат айтылган.Эгерде добушканага келгендердин 30% көбүнүн добушу жокко чыгарылса, анда шайлоо өткөн жок деп табылып, бир ай ичинде жаңы шайлоо дайындалат. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

Последние новости