www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов министр Каныбек Иманалиев менен депутат Эрулан Кокуловдун талкуу жараткан видеотасмасы боюнча өз пикирин билдирди.

“Каныбек Мырза иш бөлмөсүндө билек түрүп иштеп жаткан экен, көрдүк. Эрулан Мырза да ал жерге ойноп барбай, эл камын ойлоп барганын да көрдүк. Негизи мага экөөнүн кайым айтышы кадыресе эле көрүнүш! Эл үчүн ошентип кызыл чеке болуп "кырылышып" эле иштей бергиле! Өзүңөрдүн ишиңер үчүн жаакташпагандан кийин, Өлкөбүздүн эсин эки кылбай, кичүүң улуусуна кол сунуп, төш тийгизип койгула! Наркыңарга баш ийип, баркыңарды сактагыла!

Жагдай Жогорку Кеңеште талкуу болчу маселе эмес деп ойлоймун”,- дейт мамлекеттик катчы.

Эске сала кетсек, кечээ, 5-августта депутат Эрулан Кокулов Билим берүү министри Каныбек Иманалиевдин иш бөлмөсүнө барып, аны кезексиз тез арада кабыл алуусун талап кылган видео тараган. Анда министр менен эл өкүлү кайым айтыша кетишкен. Бул окуя коомчулукта кызуу талкуу жаратып, бири эл өкүлү аша чаап кеткен десе, бири министрдики туура эмес деген эки ача пикир пайда болду.

Последние новости