www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ: Төрөбаев Бабановду кантип жазалаган?

Төрөбаев Бабановду да, Ташиевди да жазалап эле келатат. Ал Бабановдун “Республика” партиясынын активдүү мүчөсү катары жүрүп, президенттик шайлоодо Атамбаевди колдоп, андан оң бата алып партия түзүүгө анын жардамын алат. Ошол жарышта түштүктө Төрөбаев Ташиевди сыздатып Атамбаевке кол топтоп берген. Шайлоодон соң Бабановду премьер-министрге койдурууга көмөк көрсөткөн. Өкмөт башчысынын Бабанов түшкөн соң өз алдынча партия түзүп, аны сызга отуругузуп кеткен. Менменсинип көктү карап калган Төрөбаев башкаларды мындай койолу депутаттарга да орой, текебер мамиле жасайт. Ал эми бир кезде парламенттик шайлоо алдында жерден тургуз кылып, ишпалдасын чыгарган Ташиев “Геройду” алганы үчүн ийилип, кошоматтанып, эл алдында куттуктап жиберген. Элге көрсөтпөй эмне кошомат жасап жатканын ким билет. Анда эмнеге Ташиевди ал парламенттик шайлоодо жыга чаап салды? “Өнүгүү-Прогресс” партиясынын төрагасы болуп турганда “РАЖ” фракциясынын теңтөрагасы Ташиевге жалаа жаап депутаттыктан кетирге экс-депутат Эргеш Төрөбаевдин уулу экс-депутат Бакыт Төрөбаев болгон. Ал андан мурун уялбай ушул эле Ташиевден Өзгөчө кырдаалдар министрлигин тартып алган. Анан Бабановго ооп трактор алып келип элди жыргатам деп жүрчү, айтканынан майнап чыккан жок. Жакындарын трактор менен камсыз кылса керек.

 Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев  2023-жылга карата Билим берүү министрлигине 3 млрд сом бөлүнгөнүн айтты. Анын айтымында, каражат реформага сарпталат.Электрондук күндөлүк 1 миң 140 мектепке орнотулган жана бекер болот. Ал эми окуу китептер боюнча мамлекет тарабынан 65 млн сом бөлүнгөн. Ал ар бир райондорго бөлүнөт. Мектептер 12 жылдык билим берүү системасын киргизүүгө даярданууда. Бирок мамлекеттик билим берүү стандарттары даяр болгондон кийин ишке ашырылат. Андан сырткары окуу базасы даяр болушу керек.

Буга чейин 2023-жылдан тарта 12 жылдык мектепте билим берүүгө өтүү пландалып жатканы маалымдалган. Окутуунун жаңы моделин киргизүү, анда нөлдүк класс жоюла тургандыгы апрель айынын башында белгилүү болгон. Анда мурдагы билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев эми балдар 1-класска жети жаштан эмес, алты жаштан барарын айтты. Ошондо анын ою боюнча, “дүйнөлүк стандартка жооп беребиз. Андан кийин 12 жылдык мектепте билим берүүгө өтүү 2024-2025-окуу жылына жылдырылды. Анткени мамлекеттик билим берүү стандарттары даяр болгондон кийин ишке ашырылат. Андан сырткары окуу базасы даяр болушу керек.

Орой, текебер Төрөбаев кимдин алдында жата калганын ким билет карапайым элди мындай койолу депутаттарга да жакшы жооп бербейт. Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улан Бакасов менен Бакыт Төрөбаевдин ортосунда оозеки чыр чыкты.

Депутат Нарын шаарындагы жол эмне үчүн ушул күнгө чейин оңдолбой жатканын сурады.

“Сиз Бакыт Эргешович, 5 чакырым жолду оңдоп берем деп убада бергенсиз, бирок бир метри да оңдолгон жок, сөзүңүзгө эркекче туруңуз”,- деди.

Өз кезегинде Төрөбаев мындай убада бербегенин айтты.

"Эмне деп жатасың? Мен сага кандай сөз бердим? Мен өзүмдүн сөзүмдү билем. Планда болсо оңдоп беришет деп айттым" деп жооп берди.

Бакасов ага «сиз» деп кайрылууну талап кылды.

“Мен сизге урмат-сый менен кайрылам, боорукер болуңуз, сиз да ошондой кайрылууңуз керек”, - деди ал.

Төрөбаев 5 чакырым жол тууралуу сөз болгонун тастыктады.

«Акча бөлүнүп, титулга кирсе, оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөөрүн айттым», - деди Төрөбаев.

Депутат убада кылган жеринен видеону көрсөтө турганын айтты.

«Видеону алып кел», - деди Төрөбаев.

«Алып кел эмес, алып келиңиз» деп депутат кайра ачууланды, бирок Төрөбаев депутаттан видеону талап кыла берди.

«Адегенде мени сыйлаш керек, мени менен кол булгалап сүйлөшөсүң», - деди депутат.

«Мен сизге канча жолу чалдым, бирок сиз кабыл алган жоксуз, мен сиздин жардамчыңызга телефон чалдым», - деди депутат.

– Мага качан чалдыңыз? – деп Төрөбаев таң калды.

Депутат Төрөбаевди калп айтпоосун суранды.

«Улан, сен аша чаап жатасың. Мен бул 5 км жөнүндө билем. Мына ушул видеону алып келгиле”,- деп талап кылды Төрөбаев. 

Албетте Төрөбаевди дардалаңдаткан депутаттар жок эмес. Жыйында депутат Нурлан Ражабалиев: “Бакыт Эргешович, стандарттуу эмес суроо. Барыбыз Баткен облусун калыбына келтиребиз, көтөрүбүз, өнүктүрөбүз деп айтып жатабыз. Бирок, министрлер кабинетинде Баткен облусунан болгон бир дагы мүчө жок. Элдин көйгөйүн көтөрүш үчүн бирөөнү коюп берсек, иштеп бербейт беле? Сиздин оюңуз?”, — деп сурады.

Өз кезегинде Бакыт Төрөбаев: “Мен колдойм. Бул президенттин чечими. Баткенден чыккан эр-азаматтар бар. Баткен облусу, айрыкча Лейлек району жүрөгүбүздө турат. Баткен жана Лейлек райондоруна 125 млн сомдон акча каражаттары бөлүндү. Турак жайларды курууга 3 млрд сом каражат берилди. Учурда 420 үй жараксыз болуп турат. Жалпы 600дөн ашык үй болуп эсептелген. Биздин негизги тапшырмабыз, алардын турак жайларын куруп, үйлөргө киргизүүгө аракет кылып жатабыз. Жабыркаган үй-бүлөлөргө 200 миң сомдон компенсация берилет”, — деп жооп берди.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости