www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгерде дүйнөлүк кырдаал ушундай улана берсе, дүйнө Кариб кризисинен бери биринчи жолу өзөктүк куралды колдонуу коркунучуна туш болот. Бул тууралуу АКШ президенти Джо Байден 6-октябрда Демократиялык партиянын иш-чарасында сүйлөгөн сөзүндө билдирди.

«Кубадагы ракета кризисинен бери биринчи жолу биз өзөктүк курал коркунучуна туш болуп жатабыз», - деди Байден.

Ак үйдүн башчысы ошондой эле Орусиянын президенти Владимир Путинди жакшы билерин, ошондуктан тактикалык өзөктүк куралды, биологиялык же химиялык куралды колдонуу мүмкүндүгү тууралуу айтып жатып тамашалап жаткан жок деп эсептей турганын белгиледи. Ошол эле учурда Байден тактикалык өзөктүк куралды колдонуу толук масштабдуу өзөктүк согушка алып келбей турган кырдаалды элестете албасын баса белгиледи.

«Мен тактикалык өзөктүк куралды оңой колдонуу Армагеддон менен аяктайт деп ойлобойм», - деди Байден.

Үстүбүздөгү жылдын 21-сентябрында Байден БУУнун Башкы ассамблеясынын трибунасында «Москва Европага каршы өзөктүк курал колдонобуз деп ачыктан ачык коркутканын жана өзөктүк куралды жайылтпоо режиминин милдеттенмелерин ойлонбостон этибарга албаганын» айткан. Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова америкалык лидердин сөзүн «уятсыздык» деп атап, ал «Орусиянын президентине биздин өлкө дүйнөнү өзөктүк курал менен коркутуп жатканын айтты» деп билдирди.

Эске салсак, 21-сентябрда Путин элге кайрылуусунда Орусиянын коопсуздугуна коркунуч келтиргендерге өзөктүк курал менен жооп берүүдөн тартынбай турганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости