www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк элдердин бирөө катары Түркия дайыма Кыргызстанга жан тартып келатат. Жакында Бурса шаарында Бүткүл Дүйнөлүк IV көчмөндөр оюнунун утурлай, «Манас» эпосу кыргыз элинин улуттук байлыгы, түрк элдеринин көөнөрбөс руханий дөөлөтү, дүйнөлүк элдик поэзиянын шедеври катары «Манасты» даңазалоо багытында “Манас жумалыгы” аттуу улуу эпос аркылуу түрк маданияттын эл аралык масштабта таанытуу иш чарасы старт алган.

Мына ушундай жакшы саамалыкка ошол көчмөндөр оюнун дүйнөгө таанытып, "Манастын" үчилтигин ЮНЕСКОГО каттаткан азаматтардын атын атабасак болбойт. Карганбек Самаков бул ишке жеңин түрүнүп киришкени менен, манасчыларга да дем, күч бергени менен бийлик жээрип тургансыйт. Эмнеси болсо ошол болсун Атамбаевдин абагында жатып Карганбек Самаков мындан оор күндөрдү да көргөн.

Кагылайын кыргыз элим, улутубуздун көөнөргүс руханий улуу мурасы болгон “Манас” эпосубуз калктын өзү сыймыктанар аруу дүйнөсү, асыл кенчи, куну жок көркөм казынасы бар, карт тарыхынын күбөсү. Мына ушундай асыл баа көркөм дүйнөсүн эл ар качан ыйык санап, жат көздөн, жаман сөздөн алыс тутуп, кош карегиндей сактап келген. Атеисттик көз карашка сугарылган өкүм бийликтин учурунда да  «Манас» эпосубуз изилденди, китеп болуп калың элге таркатылды. Бирок, идеологиянын өкүмзорлугунан улам Манасты Туу туткандар темир тор артында жашырылып, запкы жеген учурлар болгон. Бирок, аларды Манас бабанын арбагы сактап, учурда алар оң баасын алышып, элдин урмат-сыйына ээ болуп жатышат.

Элибиз эгемендүүлүккө ээ болуп, өз алдынча түндүк көтөрүп жашап жаткан учурда улуу эпосубуздун тагдыры дагы бир сыноого туш болуп Кытайдын менчигине айланарда Карганбек Самаков сыяктуу уулдарыбыз кыргыз элине кайрып келди. Келечектеги муундарыбыз үчүн көкөлөй турган убак келген. Арийне,  ортодо ич күйдүү азыркы замандын Абыке, Көбөш, Көзкамандарынын айынан Карганбек Самаков жалган жалаалардын бутасына айланды. Карганбектей эл камын ойлогон жигитти кудайым колдосун! Манас бабабыз арбагы менен сүрөсүн! Кыргызды оор замандарда бутунан тургузуп, балээден алыс болуп, кылымдарга даңкын чыгарсын! Кудайым колдоп тетири иштер оңго бурулуп, кыргыз элим дүйнө эли суктанган элге айлансын.

«Манас» эпосу 2009 –жылы Кытайдагы кыргыздардын атынан ЮНЕСКОго катталып кетти. Муну уккан мекенчил жигиттердин арасында ыза отуна тумчуккан Карганбек Самаков 2010-жылдан баштап дээрлик үч жыл башын канжыгага байлап коюп, Манас атаны кыргызга кайрып келиш үчүн үй-жайын таштап, Париж менен Бишкектин ортосунда чапкылап калды. Алтайдан Ала-Тоого эр Манастын келиши бир тең болсо, Парижден Бишкекке «Манас» эпосунун келиши бир тең болуп, Карганбек Самаковдун канча нервдери короп, акыры тилегине жетти. 4-декабрь эл аралык «Манас» эпосунун күнү, бул күнү Бакуда ЮНЕСКОнун жыйыны өтүп Карганбек Самаковдун демилгеси менен «Манас» үчилтиги баалуулуктар мурасына кошулган.

Арсылдап үрүп, арсыз обонун созгондор, «Манас» эпосуна асылгандар түбү оңбой калчу эле. 90 жыл мурун «Манас» эпосунан кынтык таап, аны колдогон Тыныстанов сыяктуу көп кыргыз патриотторду, 70 жыл мурун Байжиев, Бектенов, Саманчиндерди каматып, акыры алар туура бааларын алган, Карганбек Самаков да 157 мамлекеттин макулдугун алып, «Манас» эпосун дүйнөлүк деңгээлге көтөрүп, ЮНЕСКОдо 198 мамлекеттин колдоосун жеңип келген. Бул ишке жеке эсебинен миллиондорду жоготкон Карганбек Самаков «Манас» эпосун кыргызга алып келгени үчүн рахат отуна бөлөнүп турганда, кыргыз эли кошо сүйүнүп, кош колдоп колдоп турса да, ич күйдүүлүгү ай- асманды сермеп турган, адам келбетин кийишкен желдеттер аяшкан жок. Арийне, эр Манастын арбагы өзү батасын берди болуш керек! Ушул ырды Кытайдан Манасты кайырып келип, ааламга боз үй, ала кийиз менен шырдакты тааныткан, кыргыздын патриоту, бирок ага тагылган жалаалардан улам, эл сүйбөгөн жерде акыйкаттуулукту күтүп отурган, оор дооматтардан кутулуу үчүн үмүт шооласы чачырап, эли үчүн ак кызматын кайрадан кылууга даяр, заманыбыздын залкар уулдарынын бири Карганбек Самаковго арнайм!

Акыйкатты көздөй дайым беттеген,

Алкы бузук жегичтерди жектеген.

Атырылып К.Самаков турганда,

Манас келген кыргыз элден четтеген.

Ал Кытай мамлекети баалуу мурас катары өткөзүп алган «Манас» эпосунун үчилтигин Парижден баалуулуктар мурасына өткөзүү үчүн, ал жердеги негрлерге чучук жедирип, көптөгөн акча каражаттарын сарптап «Манас» үчилтигин кыргызга алып келген. 2013-жылы 4-декабрда өз каражаты менен канчалаган манасчыларды, журналисттерди Баку шаарына алып барып келди. Карганбек Самаковдун демилгеси менен «Манас» үчилтиги Кыргызстанга кайтып келди, 4-декабрь бүткүл дүйнөлүк «Манас» эпосу күнү катары дүйнөгө таанылды. Ал кездеги Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев зор кубаныч менен Карганбек Самаков башында турган делегацияны кабыл алып, бул күн бүткүл элдик майрамга айланган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости