www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сүйлөгөн сөзү тууралуу айтып берди.

Президент сүйлөгөн сөзүн спичрайтерлер жазбаганын айтты.

“БУУда сүйлөгөн сөзүмдү өзүм жаздым. Болгондо да учакта кетип бара жатып өтө маанилүү жерлерин толуктадым. Спичрайтерлер чек ара маселесин чечүүдө же кандайдыр бир жолугушууларга мени менен бирге катышкан эмес да. Маселе кандай чечилип же чечилбей жатканынан кабарлары жок. Спичрайтерлер менен президенттин администрациясындагы тиешелүү бөлүмдөр өлкөбүздүн ички иш-чараларда сүйлөй турган сөздөрүмдү гана алдын ала даярдашат. Бирок ошондо да баары бир көпчүлүк жерлерин өзүм оңдойм, алымча-кошумча кылам дегендей. БУУда сүйлөй турган сөзүмдүн ар бир тамгасын “Жети өлчөп, бир кеспесем” болбойт эле. Себеби БУУнун жогорку трибунасы оюнчук эмес да. Анын үстүнө бул маселе жөнөкөй маселе эмес, өтө олуттуу маселе”, - дейт өлкө башчысы.

Эскертке кетсек, президент Садыр Жапаров 20-сентябрда Нью-Йорк шаарында БУУнун Башкы ассамблеясынын 77-сессиясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости