www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуу Британия премьери Сунактын биринчи жылы жакшы болбосун Ванга алдын-ала айткан. 2023-жылы Ванганын айтымында Европаны алоонгон согуш бороону каптап, согуш апогейине жетет. Бул согуш Улуу  Британияны башкарып жаткан кара адамды жалмап кетиши мүмкүн. Кошмо Штаттарынын президенти Джо Байден ойду –тоону сүйлөп жүрүп, кызматынан кур жалак калат деп да айтып кеткен. Чындыгы республикачылар ноябрдагы өткөн шайлоодо Байденди ыйлатып кетишти. Ошол эле Байден катуу ооруга чалдыгат деп айтып кеткени да бар, балким 80 жаштагы Байдендин ден соолугу начардыр. 2023 - жыл АКШ президенти  Джо Байденге жамандык алып келет. Ванганын айтуусунда  «46-чы Кошмо Штаттар президенти табышмактуу дарт менен ооруп калат, ушунун кесепетинен анын кулагы укпай калат жана мээсине доо кетет». Аман эле болсун, көрө жатарбыз. Анан да адамзат рактын үстүнөн жеңишке жетишет деген. Анын айтымында темир чынжыр менен бул оору бекем таңылат деп, муну күтсө болот.

Андан тышкары Франциянын президент Орусия менен кол үзүп анысы жакшылыкка алып барбайт деген. Азыр Макрон Орусияга туура эмес мамиле жасап жатат. Бул ага жакшылык алып келбеси бышык. Ал акыр заман качан келери тууралуу да божомолдогону менен, так кесе качан келери тууралуу айткан эмес. Орусиянын  президенти Владимир Путинге катуу сактанбаса кол салуулар болушу мүмкүн деп айтып кеткен, бул кол салуулардан Путин катуу сактанып жүрөт. Көзү ачык ааламды оп тарта турган «албуут ажыдар» пайда  болорун айтып кеткен. Бул Кытайдын дүйнөнүн үстүнө ээлик кылууга даярданып жатканын түшүндүрөт. Анын пайгамбарлык айтуусунда каталиклизмдер жана зор кыйынчылыктар да белгиленген.

Ванганын айтуусуна да ишенбөөчүлүк жаратып, саясатка айланткандар бар. Washington Postтун иликтөөсүнө таянышкандар Ванганы орусиялык социалдык тармактардагы «троллдор» ойлоп тапты деп жазышкан. Ванганын алдын-ала айткандары өзүнө тийиштүү эмес дешип. Вангага таянып "Профиль" мурунураак асманда жыбырап  "Рождестонун жылдыздары" пайда болот, бул акыр замандын белгиси деп билдирген. Акыр замандын атактуу алдын-ала айтуучусу  пастор Пол Беглинин айтуусунда  Юпитер менен  Сатурндун биригиши  катастрофанын башталышы болуп эсептелтип, Жердеги бардык тиричиликти жалмап кетет имиш. Ушунун негизинде "Профиль" жыйынтык чыгарып Вангага оодарып салышы мүмкүн.

Британдык Mirror таблоид болгар көзү ачыгынын 2023- жыл тууралуу айткандарынан ичинде рактан сактануу үчүн дарылар пайда болот. Ванганын айтуусунда Орусия тууралуу алдын-ала айткандар бар. Анын ичинде Орусия мамлекет башчысына өзүнүн мамлекетиндеги кимдир бирөөлөр тарабынан кол салуу болот деген жана «үч лөк мамлекет биригет», «кээ бир адамдардын колунда жашыл эмес, кызыл акчалар болот. Мен 100, 5 жана көптөгөн нөлдөрдү көрүп турам» деген.

Ванганын айткандары кандай чечмеленет? Үч лөк мамлекеттер ким? Бул Орусия, Кытай жана Индиябы? Чындыгы Орусиянын аймагы кенен болсо, Кытай менен Индиянын калкы үч миллиардка уруп баратат.  Балким Орусия, Казакстан жана Өзбекстандын газ боюнча биригүүсүн айтып жаткандыр. «Кызыл акчалар» болсо бул 100 юань жана 5000 рублдик банкноттор. Ванганын айтуусунда Европанын экономикасы алсызданат, ислам террорчулары Европалык Биримдикке чабуул жасашат.

Болгардын азиз аялы Ванга –келечекти алдын-ала көргөн. Көпчүлүк анын жөндөмдүүлүгүнө ишенген эмес. Ал 2022-жылы Улуу Британияны кара түстүү адам башкарат деп көзү ачыктык кылган, андан тышкары Европа чоң алаамат чыгышы мүмкүн деп айткан. Анын айткандары чындыкка дал келип турат деп эсептешкен адамдар да жок эмес.  Көзү ачык Ванга 1996 жылы акты караган, бирок ал келе турган жылдарга алдын ала байкоо жүргүзүп кеткен, анын ичинде 2023- жыл да бар. Алгач анын мурунку айткандарын эскере кетсек. Expressтин айтуусунда көзү ачык Ванга Америка Кошмо Штаттарына кара түстөгү Барак Обама президент болоорун, Улуу Британия Европа Союздан чыгып кетерин алдын-ала айткан.

2023 - жылы адамзатты «албуут ажыдар» бийлегенге камына баштайт. Кээ бирөөлөрдүн айтымында азыр экономикалык жана аскердик күч жактан алдыга киши салбай таскактап бараткан Кытайды айтып жаткандыр.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости