www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акылбек Жапаров парламентке барып алып сайрады, катуу сайрады. Дүйнөлүк кризистен кантип чыгабыз деп ыйлап ийе жаздады. Кырдаал оор болуп турганын түшүндүргүсү келди, эптеп элге сүйкүм көрүнгүсү келди. Акылбектин ыйлаганы туура, эл жамандыккка кеттик. Свет өчүрүлө баштады.

Эгер ал Жапаров деген дагы бир куйтуң бар эле жапжаш туруп эле Кумтөрдөн 200 млн долларды сол капчыгына салып, коррупция менен кармалган. Хоменюктун билдирүүсүнөн улам, Алмазбек Атамбаев 2017-жылдын 24-июлунда журналисттер менен жолугушууда, «Кумтөр» долбоорунда биздики 67% болгон, кийин 16% болуп калды. Мен жеке өзүм эч качан кечирбеймин...» деген эле. Акаев Атамбаевдин каарына калган экен, адилеттүү чечим эми чыгат го деген үмүт артканбыз. Биз ойлогондой болбой калды. Мурда «Кумтөргө» байланыштуу кылмыш иштеринин мөөнөтү өтүп кеткенине шылтоо кылып, сот ишин токтотуп келишкен. Кыргызстан үчүн пайдасыз келишимдерге түздөн-түз катышып жүргөн Хоменюктун айтканын далили катары пайдаланып, келишимдерди териштирүүгө юридикалык жактан жол ачылган эле. Ошондуктан, Алмазбек Атамбаев мурдагы жылдары Л. Хоменюк менен бирге мыйзамсыз келишимдерге кол койгон Кыргызстан тараптын Өкмөт башчыларына, министрлерине мыйзамдык жактан чара көрүүнү унутуп койду, же А. Атамбаев аны каалаган жок. Себеби, өзүнүн «былыгы» чыгып калышы мүмкүн эле. Негизи «Кыргызалтын» мамлекеттик ишканасынын башчылары Дастан Сарыгулов, Алмазбек Жакыпов, Дилгер Жапаров, Токон Мамытов баш болгон жана башка жетекчилер эмне иш кылышты белгисиз. Лен Хоменюк мамлекеттик ишкананы күнөөлөп жатса, эмне үчүн алар өз пикирлерин билдирбеди?.. Же улуу балээдин унчукпай кутулуп кетели дештиби? Башкы прокуратура эмнеге жаңы жагдайлар боюнча кылмыш ишин козгогон жок?

Туура, Президент, Өкмөт башчысы, «Кыргызалтындын» президенти күнөлүү деп келатабыз. Ошол документтерди даярдап, эсеп-кысабын чыгаргандар, демилге көтөргөндөр жөнүндө эмне үчүн сөз кылбайбыз? Алар эмнеге жоопко тартылбайт? Азыр деле андай адистер Өкмөттүн аппаратында, Президенттин жанында иштеп жүрүшөт. Мурунку Башкы прокурорго, Финансы полициясы, Бажы кызматынын башчыларына канча сунуш айттым. «Кыргызалтындын» жетекчилеринин бардыгы «аппак» эмес. Мисалга алсак, Дилгер Жапаров, 2012-жылдагы киреше үчүн деп, «Центерранын» эсебине 200 миллион доллар дивидендди мыйзамсыз которуп жибергени парламентте ызы-чуу жараткан. Алтын казып алууда ишкана 150 миллион доллар чыгым менен чыкканына карабастан Д. Жапаров канадалыктарга ушундай «колу ачыктык» кылган. Муну жөн эле жасаган жок да. Кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланган мыйзам бузуусуна укук коргоо органы мындай баа берип:

 Киреше боюнча чечим акционерлердин жылдык жыйналышында кабыл алынат. Ал 2012-жыл аяктагандан соң кийинки жылдын 1-майынан кечиктирилбестен кабыл алынышы керек болчу. Бирок Жапаров өзүнүн бөлүштүрүүчү жана башкаруучу укуктарынан пайдаланып, «Кыргызалтындын» жана Кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгын эске албастан, «Центерранын» пайдасына иштеген. Ал 2012-жылды компания 150 миллион доллар чыгым менен аяктаганына карабай, Директорлор кеңешинин башка мүчөлөрү Ян Аткинсон, Андрей Сазанов менен биргеликте чечим кабыл алган. Башкача айтканда, түшкөн киреше жана мыйзамдуу зарылчылык жоктугун, ошондой эле 2013-жылы план боюнча дивиденд төлөөгө акча каралбаганын билип туруп, ушундай кадамга барган» деп айып коюп, кылмыш ишин козгогон.

Эң кызыгы, «Центеррага» 200 милллион доллар дивидендди которуу боюнча Директорлор кеңешинин чечими Кыргыз өкмөтү менен «Центерра» 50/50 пайыздык тең үлүшкө ээ болгон жаңы келишим түзүү боюнча сүйлөшүүлөр кызуу жүргүзүп жаткан кезге туш келген. Муну дал келүү, же кокустук деп айтууга мүмкүн эмес.

 Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости