www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эстрада ырчысы Бекжан Темирхан 11-ноябрга караган түнү каза тапты. Менеджери Мырзагүл Абдрахманова менен таң эрте байланышканыбызда ырчы туулган жери Аксыдагы Кызыл-Жар айылында акыркы сапарга узатыла турганын билдирди.

«Азырынча Токмоктогу өлүк сактоочу жайда. Ал жактан айылына алып барабыз», - деди М.Абдрахманова.

Бекжан быйыл 2-октябрда 27 жашка толгон. Ырчы Кызсайкал Кабылованын айтымында, 10-ноябрда Бекжан экөө Балыкчы шаарында тойдо кызматта болушкан.

«Бекжандын гонорары бизде болчу. Телефон чалып, "доске жолдон берелиби же Бишкектен аласыңбы?" десек, азыр эле алып алайынчы деди. Анда Боомдо күтө турам деди. Телефонду койгондон кийин 10 мүнөттөн кийин телефон чалган Талгар деген досу: "машина тоголонуп кетти, авария болдук" деди. Тамашалап жатса керек деп ишенген эмес элек. Барсам, машина толтура. Бекжанды тирүү дегилечи деп ыйлап кирдим. Бекжанды көтөрүп чыккыча 30 мүнөттөй убакыт өттү.

Тез жардам келип эле текшерди. Анан "Сайкал кайрат кыл деди", нес абалда эле туруп калдым. Бекжан экөөбүз эч жөн сүйлөшчү эмес элек.

Өтө тамашакөй, шайыр адам элең...», - деп жазды Кызсайкал Кабылова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости