www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызда Канталамай (Ханталамай) деген салт болгон. Ата-бабаларыбыз бирөөнү Хан көтөргөндө ал Хандын колунда эмнеси бар болсо, бөлүшүп кетчү экен. Хан жакшы иштеп, кайра хандыкты өткөрүп бергенден кийин, ким эмнени алган болсо, кайра кайтарып берчү экен. Хан башкарган убакта элдин жашоо-турмушу жакшырып кеткен болсо, үстүнө кошуп беришкен экен. Бүгүн Улуттук Идеологиянын негизин ушуга окшогон өзүн тастыктаган жана далилдеген ыкмалар, салттар түзө алат. Бул норма мыйзамда бар, бирок иштебейт. Бирок салт катары элдин эсине салсак, же Ханталамай салтын уюштурсак өлкөбүз дурус иштеп кетет беле? Сырткы күчтөрдүн ишин жүргүзгөн ички душмандардын таңуулаган системасы менен жашай турган болсок, өнүгүү жолуна түшө албайбыз.
Өлкө башчы Садыр Жапаров 2021-жылы 997 миң сом иштеп тапкан. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын маалыматында айтылат. Ага ылайык, Жапаров 2021-жылы 997 803 сом иштеп тапкан, ал эми чыгашасы көрсөтүлгөн эмес. Ошондой эле мамлекет башчысынын наамына 0,6 гектар жер катталган. Ал эми жакын тууганынын наамында аянты 17,2 чарчы метрлик гараж бар. Салык кызматы саясий кызматтагылардын 2021-жылдагы декларациясын жарыялады. Тизме башында президент Садыр Жапаров турат.
Канталамай экинчи жагынан упай – чүкө оюну. Оюнга катышуучулардын макулдашуусу менен бир нече басым же үчүм чүкө (үч чүкө) ортого салынып, арасында кан (хан) аталган өзгөчө түстөгү бир чүкө же сака кошулат. Оюн ат калчашуудагы ирет боюнча башталат. Оюнга салынган чүкөлөрдү бир адам кош чеңгелдеп, кийиздин үстүнө жая чачат. Кан таа түшсө, оюнчулар чачылган чүкөлөрдү талап киришет. Шамдагай оюнчу канга, чүкөлөрдүн көбүнө ээ болот. Ушундан улам бул оюн Канталамай деп аталат. Чүкөлөр талангандан кийин ким канча чүкө алганы эсептелип, албай калгандары башка чүкөсү болбосо, оюндан чыгып калат. Канды алган киши оюнду кайра баштайт. Улам кийинки оюнга чогултулган чүкө ар бир оюнчудан бирдей санда чыгарылат. Андан артып калган чүкөлөр утуш катары ар бир оюнчуда кала берет. Калчаганда кан таа түшпөй калса, канды, чүкөлөрдү талоого болбойт. Оюнчулардын макулдашуусу боюнча кан таланбай да ойнолот. Калчаган киши сөөмөйүнүн учу менен чачылган чүкөлөрдү чикти чикке, бөктү бөккө, тааны таа, алчыны алчы менен башка чүкөлөргө тийгизбей таамай атса, атылган чүкөнү алат. Оюнчу беш үчүм, үч үчүм же бир үчүм атып алгандан кийин, колундагы чүкөлөрдү башка колуна көтөрбөй туруп, канды атат да, аны атып алса, кийинки оюнду баштоого укук берилет. Жыдыганга чейин атып алган чүкөлөр жана кан анда калат. Ок чүкө аткан чүкөгө тийбей калса же башка чүкөгө тийип кетсе, жыдып, чүкөлөрдү калчоо укугу кийинки оюнчуга тиет. Оюндун аягы чексиз. Уткан киши төөматек, чекеге чертмей жана башка жаза бере алат.
Илгери бир бай элине аябай калыс адам болуптур, ошол бай бир кедейдин баласы, байдын үйүнөн бир нерсе сурап келген экен дейт, ошондо ал: “Ой балам эмне сурап келдиң” десе , бала мукактанып: “Үйдө эч нерсе калбай калды бир кой сурап келдим эле” дейт. Тиги бай: “Кел бул жакка отурчу” деп, аттын башындай болгон алтынга отургузуп туруп: “Эми айтчы сен эмне сурап келдиң эле” десе, тиги бала: “Байым мен сиздин кызыңды алганы келдим” деген экен, баягы кыраакы бай: “Ой балам тигил босого алдына барчы, ошол жактан айтчы эмне сурап келдиң эле” деп, кайра сураса , тиги бала: “Байым , үйдө эч нерсе жок бир кой сурап келдим эле” деген экен. Мына байлык, алтын деген акылы жок адамдарды жаман жолго салат деген , ойго келиптир бай. Ошондуктан байлык кээ бир акылдуу адамдарды жакшы жолго салат, а кээ бирлерин жаман жолго салат. Байлык эки жолду тандайт, жакшы адамды жакшы жолго салат, жаман адамды жаман жол салат деген экен бай. Байлык , бийлик да акылдуу, сабырдуу, калыс , таза адамдардан эч качан кетпейт деген экен. А бирок байлык бийлик, жаман адамдарга туш болсо ал жаман гана жолго алып барат деген экен баягы акылдуу бай. Миражан айткан бул ойлор ойлонтпой койбойт.
Чын-чынына келгенде байлык да, бийлик да топтоп алып жанына жакын жолотпой калган адамдар бар. Алардын көздөрү көр болуп калат.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg