www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жээнбековго да киши ишенеби? Жээнбеков мамлекеттик 400 обьектин арзан баада сатып, өзү кыргыздын олигархына айланганы менен көзү акчага тойбойт. Кайсы чыр-чатак болбосун акча үчүн жанын жер сабап жүргөнү жүргөн. Жээнбеков Батыштан ала турган пайдага келгенде өз энесин да сатып кетет. Жыйырмадан ашык саясатчы, бейөкмөтчү, блогер, активисттер камакка алынышканы белгилүү. Тергөөчүлөр шакылдата кылмыш иштерин козгошуп, соттор баш коргоо чарасын карашты,кээ бирөө айлап камакка алынышты. “Өлгөндүн өзүнүн шору” дегендей, камалгандар өздөрү кыйналышат, моралдык-психологиялык кысымга кабылышат. “Кемпир-Абадды коргоо” кыймылына бириккендерди Равшан Жээнбековдун жакын адамы, Т... аттуу жардамчысы сатканы чын экен, анткени ал тымызын маалыматтарды берген деп жүрүшөт. Бул боюнча оппозициянын айрым тарапташтарынын арасында талаш-тартыш жаралып Жээнбековго карата жек көрүү сезими пайда болуптур. Анткени, Равшан Жээнбековдун жакын адамы дүңүнөн “туздап” кеткенин билип калышыптыр. “Ичтен чыккан ийри жылан” деген кеп ушундан калган окшойт.

Жээнбековдун байлыгын санабай койо туралы, анын карындашы судья Жээнбекова Мирага тиешелүү 74 элиталык үй, 19 соода, коммерция жасай турган зор жайы, 10дон ашык машина коючу жай, көптөгөн «Золотой квадраттагыдай» кымбат  баалуу жер участоктору бар.  Ал эми Жээнбеков болсо Кошмо штаттарынын Аризон штаттында хансарай сатып алып, ширеңке сатып алгандай күпүлдөгөн, анын олку-солку саясаты Батыш менен чырмалышкан. Ошондуктан ал дайыма ностальгияга батып, аны ушул байлыкка жеткизген апчеси Майрам Акаева менен Батышты дайыма эсине түшүрүп, буларга көп кайрылат. Айрыкча Батыштын буюртмасы менен «Манас-Ганси» авиабазасы тууралуу көп эскерет. Негизи Равшан Жээнбековдун колунан кантип келсин, Батыштын шамалы менен Кыргызстанда дайыма чыр болуп, бийлик алмашып турушун каалайт. Керек болсо ал кудасы Алмазбек Атамбаевди да аяган жок. «Чу» дегенде эле Жээнбековдун жүрөгүн ээлеп алган жарымысы, чүрөктөрдүн чүрөгү, көлөкө жерде өсүп чоңойгон жубайы Салкынай Алимбаева кадимки экс-депутат Үзөңгү-Куушту сатып байлыкка туйтунган Алымбай Султановдун кызы.

Алымбай Султанов казино, карта ойногон кумарчы болгону менен, «чоңдор» менен кудалашканды жакшы көрөт. Ал Семетей деген уулуна Атамбаевдин Динара деген кызын алып берип, Атамбаевке күйөө бала кылган. Атамбаевдин убагында май-талкан, баңгизатты көзөмөлдөгөн орган казиночу генерал Султановдун колунда болгон. Кыргыздын «наркобарону» десек жаңылышпайбыз.

Жээнбековду эң алгач президент Аскар Акаев Ак үйгө алып келди. Аны президенттин жардамчысы катары дайындады. Ал мезгилде Аскар Акаев тышкы иштер менен алек болуп, ал эми жардамчылары Кыргызстандын ичин өзү билип калган. Равшан Жээнбеков жаштык жалынына салып Акаевдин көңүлүнө тез эле жакты.  Аны чагылгандай тездик менен көтөрүп Президенттик аппараттын Иш башкармачылыгынын төрагысынын биринчи орун басары кызматына дайындаган. Жаш жигит иштеп жатат, өсүп жатат бул биринчиден, экинчиден Акаевге жакканы жубайы Майрам Акаеванын иниси. 2001-жылы Мамлекеттик Мүлк комитетинин төрагалыгына дайындайт. Бир заматта Жээнбеков мамлекеттик 400 обьекти арзан баада сатып, өзү да байлыкка туйтунуп чыга келди.

 Жээнбеков Акаевке жардамчы болуп, апчеси Майрам Акаева Мүлк фондун башкартып койгондо, саясат жагынан Бабанов «чүкө» ойноп жүргөн бала болчу. Балким, ал деле жээни Айдар Акаев менен бизнестин битин сыгып, тиешелүү адамдарга рейдерлик кылып жүргөндүр? Илимдин доктору Аскар Акаев «Экономика физиктин көзү менен» деген фундаменталдуу эмгек жазган. Чындыгында, «физиктин көз карашы» боюнча Кыргызстанды Аскар Акаевдин жердештери кеминдиктер тейлеп, «коммунизмден» «кеминизмди» көздөй баратканбыз. «Физиктин көз карашы» боюнча экинчи чоң топ жубайы Майрам Акаеванын классташтары, ага-инилеринен түзүлгөн таластыктар тобу элди мүлжүгөн.

Акаевдин мээси голографияны билип дүйнөлүк окумуштуу болгону менен Жээнбековдун келечегин көрө алган жок. Анткени, Акаевдин башына кара туман айланар менен өзү көтөрүп келген Равшан Жээнбеков эң биринчи каршы адамына айланган. 2005-жылы аны маммүлктү башкартып байлыкка бөлөгөн Акаевди сатып, таластан туу көтөрүп чыгып бийлик үчүн, байлык үчүн Акаевдин кетишине чоң салым кошту.

Курманбек Бакиев аны тим койгон жок Кыргызстандын Малайзиядагы Атайын жана Толук укуктуу Элчилигине койду. Жээнбеков  АКШдагы Түндүк Америка Евразиялык Университетинин департаментинин директору болду. Равшан Жээнбеков андан кийин алыскы мамлекетке элчи койгон Бакиевди сатты, оппозицияга өтүп ага ор казып, 2010-жылы бийликтин алмашуусу үчүн күрөштү. 2010-жылы Убактылуу Өкмөттүн төрайымынын орун басары Өмүрбек Текебаев менен биригип парламенттик шайлоодо жеңилүү ызасын тартышса да, догурунуп жатып депутат болуп келди. Убакыт өтпөй Текебаевдин «Ата-Мекенине» каршы чыгып, аны да сатты.

Равшан Жээнбековду АКШ Конгресси колдогондуктан ал ЛГБТ дегенде уктап жаткан уйкусунан ойгонот. Бул тууралуу өзүнчө маалымат болсун. Жээнбековдун кандай иш жүргүзүп жатканы боюнча Орусиянын ФСБсы маалыматын берген. Ал айланып келип АКШны карай берип, алар уюштурган митингдин башында жүрөт, өзүн батышчыл эсептеген Жээнбеков кыргыз элин каада-салтынан батыштын кыргыз элине туура эмес салттарынын башында турат. Аны кайрадан жарыкчылык караңгылык сыз жерден алып келер менен АКШнын долларбайына жамынып учурда Садыр Жапаровко каршы чыгып жатат. Талдап көргөн адамга «Жакшылыкка жамандык» кылып жаткан кербези.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости