www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыздарда макалды таамай айтышат. «Кардын башын кар жутат, кандын башын кан жутат» -дейт. 11-март токсон чыккан күнү, жамгыр аралаш, сары кар жаап, эски кардын барын шыпырып кетет. Кыргызча айтканда кыш кетти эсептелип, жаз башталат. «Токсон чыгып, томуктай кар калбай калды» - дешчү экен кыргыздар. Кыргыздар “Токсондун түшкөнү жаман, чилденин чыкканы жаман”- дешет. Бул калетсиз сөз. 11-декабрдан 11-мартка чейин токсон күн токсон деп аталат. Ушул мезгилде кар жаап катуу суук болот. Токсон да, чилде да айрым жылдары 3- күндөн 7 -күнгө чейин эрте же кеч келип жылышып калган учурлары кездешет. Негизинен туура эле келет. Жылдыз санап мезгилдин тамырын кармап, кышта жаз, жайдын, жазда күздүн, жайда кыштын кандай болоорун астына ала айтып койгон ата бабабыздан калган өнөр тилекке каршы жок болуп баратат.

Эл ичинде «жалган куранда жалама айран ичилет» -деген сөздүн мааниси, кыштын аягында эрте туулган малдын сүтүн пайдалана баштаган мезгилди билдирет. Үркөр так төбөгө келгенде кыш аяктап калат, андан соң токсон түшөт, ушул учурда жерде тоң кармалып турат. Кыш чилдесинен соң “Кемпир ыйлаактын” ичиркенген суугунан кийин 26- февралдан 11- мартка чейин “Токсондогу чал” кетет. Ошентип 11- марттан кийин кыш толук кетип жаз келди болот. Мына ушул «Токсондогу чал»  да жылдын кандай болоорун аныктап койгон. Жыл жаанчыл болобу же кургакчыл болобу. Жаз эрте келеби же кеч келеби. Жазда кайта- кайта үшүк жүрүп жер жемишке, өсүмдүктөргө зыяны тийеби же үшүк жүрбөй берекелүү жыл болобу. Эсенбай эсепчи ушул «Токсондогу чалдын» ар бир күнүн санап кандай сыр көрсөтүп, өзгөчө байкаган. Эсте сактаган. Ошондуктан ал тууралуу нечен легендалар айтылып калган. “Токсондогу чалдын” мезгилинде бирде күн жылуу болсо бирде сары карлап, бирде жамгырлайт. Муну “Токсондогу абышка онтоп, ары - бери бир ыптасынан экинчи ыптасына оодарылып атат” - деп коюшат.

Жетимишинчи жылдын аягында алай-дүлөй шамал согуп келатып, “Токсондогу чал” кеткен жатты бекен 8-марттын алды эле, ошондо бир кезде чак түштө эле, капкараңгы болуп калды. Бир топ убакыт капкараңгы болуп туруп эле бир кезде айлана-тегеректин бары кыпкызыл болуп калды. Бала кез койдун кесүүсүн кайтарып жүргөм, кесүү кайтаргандар бары эле коюн таратышты. Мен да таратып жиберип, үйгө келип саатты карасам саат 1 да боло элек экен.

Кыргыз элинде деле башка элдер сыяктуу жазгы күн-түн теңелүү 21-мартка туура келген. Нооруз майрамы перстерден ооп келгендиктен өзбек, тажик, балким түштүк тарапта белгиленгендир, арийне, аркалык кыргыздарда нооруз майрамы белгиленген эмес. Анын үстүндө байыркы кыргыздарда жер айдоо, дыйканчылык деген менен көп деле иши болгон эмес. Кыргыз эли жаз келсе жаздоого, жай келсе жайлоого, күз келсе күздөөгө, кыш келсе кыштоого көчүп, көчмөн турмушту башынан өткөзүп келген. Албетте, көчүп, конууда эсепчилердин эсеби боюнча кайсы күнү көчүү керек тууралуу, тактап алышкан. Болбосо ай арасы, суук күндөрү көчүшкөн эмес. Кокондуктар кыргыз жергесине чеп куруп, дыйканчылыкты алып келишкен. Ошондо да өзбек, уйгур, сарттар жер менен алек болушкан. Ал эми орус оторчуларынын келе башташы менен бир-аз жатакчы кыргыздар пайда болуп, колунда малы жок кыргыздар жайлоого чыгышпай, бир аздан дыйканчылыкка киришет.

Нооруз майрамын майрамдабаса да кыргыздар март айын жылдын башы катары эсептешип, кыргызда ай санагаанда жылдын баш айы, биринчи айы жалган курандан башталып саналган. Жалган курандын 15 жарыгы «үт маалы», 15 караңгысы «соор маалы» аталат. Жалган куран бешинен Үркөр менен Ай тогойт. Куут бүткөндө курандын эркеги мүйүзүн таштайт, ургаачысынын мүйүзү жок болот. Ургаачысы менен эркеги экөөнүн айырмасы жок болуп калат. Илгери Чоют сыяктуу мергенчилер экологияны окубаса да, тукум бере турган жаныбарлардын ургаачысын аткан эмес. Куран деп эликтин эркегин айтат, ургаачысын телки дейт. Жалпысынан элик деп атайбыз. Ошондуктан, жалган куранда мергенчилер ууга чыгып эликтин кайсынысы куран, кайсынысы телки экенин ажырата албагандыктан, ушул айды жалган куран деп атап калышкан. Чын куранда курандын мүйүзү чыгып 10-15 сантиметр болуп эркек, ургаачысын ажыратып калышкан. Кыргыздардын алгач жашоосу негизинен аңчылык менен өткөндүктөн, айларга кайберендердин аттарын коюп, жылдын башын «жалган куран», «чын куран», «бугу», «кулжа», «теке» – деп башташкан. «Жалган куран» деп аталганынын дагы себеби, элик тогуздун айында жүгүрүп жана токтолот. Жалган куранда түйүлдүк анча билинбейт. Бооз - кысыры жалган, арсар чагы. Ошол себептен жалган куран дейт. Чын куранда бооз - кысыры анык болгон үчүн ал айды чын куран дейт.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости