www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Төкөлдөштүн төрт кызынын бири трагедиялуу өлүм менен өлгөн. 1993-жылдын аягында СССРдин эл артисти, Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Ленин ордендүү, ай чырайлуу аялдын сөөгү тоңуп, өлүкканада 19 күн жатканы, аны эч ким  издебегени, редакцияга кабарлашып, араң таанышканы сай-сөөктү сыздатат. Болгондо да мүлдө  Кыргызстанга кеңири таанымал, театр жана кино жылдызы Бакен Кыдыкееваны! Бул кайдыгерликтин, таш боордуктун, наадандыктын жеткен чеги эмеспи! Мына, адамдын, өнөрдүн, эмгектин баркы кеткени! Ушундан кийин кимге ишенсек болот? Үй-бүлөгөбү, коомгобу, иштеген мекемегеби? Кайран киши, өнөрү менен кошо өлгөн экен деген ой туулат.

Советтик кыргыз киносунун жана театрынын актрисасы, СССР эл артисти, Кыргыз ССРинин кинематографисттер Союзунун  мүчөсү Бакен Кыдыкеева 1923-жылы 23-октябрда өкөлдөш айылында жарык дүйнөгө келген. Мектептен 7-классты бүтүргөн соң 1936-жылы өзүнүн чыгармачылык ишмердүүлүгүн жаш көрүүчүлөр театрында, азыркы Бакен Кыдыкеева атындагы жаштар театрында баштаган.

Бакен Кыдыкеванын атасы кызынын артист болушун каалабагандыктан, 16 жашында өзү сүйүп тандап алган  кесиптен кетүүнү чечет. Адамды өзүнө тарткан, келбеттүү  сулуунун тагдыры, кетүү тууралуу арызын жазып келген күнү эле чечилип, ошол кездеги жаштар театрынын режиссеру Самарин-Волжский  Лопе де Веганын “Кой  булак ” пьесасындагы башкы кейипкер – Лауренсиянын  ролун сунуш кылат. Режиссер мүмкүн Кыдыкееванын оргуп-ташып турган талантын ошол кезде эле сезсе керек. Спектаклдин премьерасы укмуштуудай ийгиликтүү өтүп, театр дүйнөсүн дүңгүрөткөн жаңы ысым пайда болот. Ал ысым – Бакен Кыдыкеева эле. Атасы кызындагы чоң талантты көрүп, ачуусун токтотуп, кызынын маңдайынан өөп батасын берет.

Бакен Кыдыкеева сахнанын гана көркүн ачпастан, кыргыз улуттук киносунда да жаркырап чыга келди. Анын чыгармачылык өмүрүндө жүздөн ашуун театралдык  жана кино ролдору жаралды. Аны “Биринчи” актриса деп атай башташты. Анткени анын башкаларга окшобогон азия-европалык келбети - дүйнөлүк, орус   драматургдарынын пьесаларынын башкы кейипкерлеринин образдарын түзүүдө чоң ролду ойноду. Ал кыргыздын улуттук биринчи түстүү көркөм фильминде башкы ролду – Салтанаттын ролун өзгөчө ачык боек, жылуу дем менен жараткан. Кинодогу дебюттук ролду аткарган учурда актриса 32 жашта болгон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg     

Последние новости