www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Польшада ракеталардын кулашы менен болгон окуяны иликтөө бул кокустук экенин көрсөтүүдө, - деди Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
«Алгачкы тергөөгө ылайык, кырсык болгон окшойт», - деди дипломат.
Чавушоглу ошондой эле окуянын өзүн иликтөө уланып жатканын белгиледи. Ал украин жаңжалындагы тараптарды согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтотуп, сүйлөшүү үстөлүнө кайтууга чакырды.
15-ноябрда ZET радиосу Польшанын Пржеводов кыштагында дан кургаткычка эки ракета тушкондугун билдирди. Натыйжада эки адам каза болгон. Кийинчерээк Польшанын Тышкы иштер министрлиги Орусияда жасалган ракета кулаганын жарыялаган.
Кийинчерээк АКШнын президенти Джо Байден Польшадагы жарылуулар Украинанын абадан коргонуу ракеталарынын кулашынын натыйжасы деп түшүндүрдү.
Орусиянын Коргоо министрлиги окуяны провокация деп атап, снаряддар түшкөн жердеги сыныктар орусиялык ракеталардын бөлүктөрү эмес экенин баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg