www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин G20 саммитинин алкагында Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо менен жолуккандан кийин, алардын жашыруун сүйлөшүүсүнүн мазмуну «ММКга чыгып кеткени» үчүн аны сынга алды. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
16-ноябрда эки мамлекеттин лидерлери кыска бейрасмий сүйлөшүү өткөрүшкөн. Трюдо Кытайдын өз өлкөсүндөгү шайлоого "болжолдуу кийлигишүүсүнө" тынчсыздануусун билдирген. Ошол эле маалда Кытайда жолугушуу тууралуу отчет жарыяланбаганы, ал тууралуу мамлекеттик маалымат каражаттарында айтылбаганы белгиленет.
Эртеси Кытай Эл Республикасынын президенти Канаданын премьер-министри менен бетме-бет келип, нааразычылыгын билдирди. «Кечээ биз талкуулаган нерселердин баары гезиттерге чыгып кетти. Бул туура эмес жана биздин сүйлөшүү мындай болгон жок», - деди Си Цзиньпин.
Эки лидердин чыңалган диалогу чагылдырылган видеону канадалык ММКлардын кабарчылары жарыялашты.
Анын пикиринде, диалог чын ыкластуу болушу керек, антпесе анын кандай бүтөрү белгисиз. Бул сөздөрдөн кийин Си Цзиньпин алыстап кетүүгө аракет кылды, бирок Трюдо "Канадада алар ачык жана чынчыл диалогго ишенишет" деп аны токтотту. Премьер-министр Оттава менен Пекин конструктивдүү кызматташууну уланта берет деген пикирин билдирди.
Си Цзиньпин өз кезегинде «адегенде шарт түзүү керектигин» эске салып, Трюдо менен кол алышып, кетип калды.
Булак: NazarNews.kg