www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коомдо кадр саясатына ичи чыкпагандар арбын. Мындан улам президенттин саясатына, жүргүзүп жаткан алгылыктуу иштерине көлөкө түшүрүп, артка тартып жаткандар саны бар, сапаты жок кадрлардын кесепети экени көп айтылат. Бирок, сындан жыйынтык чыгаруу жаатында оозго алаарлык иш жүрбөйт.

Чындыгында, учурда бычакка сап, өз ишин мыкты билген кадрлар санаалуу. Санай келсең 5 манжаң жумулбай калат. Азыркы бийликтин мына ошондой көзгө басар кадрларынын бири Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов десек жарашат. 

Кыргыз тарыхын, санжырасын, салт-санаасын мыкты билген билимдүү, тажрыйбалуу инсан. Президент Мамлекеттик катчыны тандоодо гана жаңылган эмес.

Бир гана жагдай Мамлекеттик катчылык институтунун укуктук функционалдык милдети кыска. Башкача айтканда, аты улук, супарасы курук. Идеологияны жүргүзө тургандай ыйгарым укугу чектелүү. Аш-тойдо сөз сүйлөп, лента кескен эле кызмат. Башка эч бир иш жүргүзө албайт.

Андыктан Сүйүнбек Касмамбетов канчалык мыкты болсо да колу тушалуу. Болгон тажрыйбасын, билимин, идеясын төгүп, кара жанын карч уруп иштесе да, эч нерсе өзгөрөтө албайт.

Демек, Мамлекеттик каатчылыктын ыйгарым укугун узартпаса мамлекеттин идеологиясын жүргүзүү мүмкүн эмес. Болбосо аталган кызматты жоюп эле салган оң, саны бар сапаты жок мамлекеттик кызматты көбөйтпөстөн...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости