www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балкондо чоңойгон, экс-депутат атасынын колдоосу менен кызматка келип, саясатка аралашкан министрлер кабинетинин башчысы Улукбек Мариповдун күркүрөгөн күздөгү кымбатчылык менен иши да жоктой го?

Бул маалда бышыкчылык болуп, түшүм жыйналарын деле билбейт болуш керек. Анын ишенгени айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министри Аскарбек Жаныбеков NewTV каналына маек куруп, «кумшекер, суумай арзандады» деп бакылдап жатат.

Бу министрге туура эмес маалымат беришкенби, же өзү эле билип-билбей таластыктарча мактанып урдура берчу немеби? Жашы деле барып калыптыр, калп айткандан уялбайбы?

Азык-түлүк арзандаганын түшүндө эле көрбөсө, «кумшекер, суумайдын баасы түштү» дегени айтылган жерде калып, Бишкектин бир да дүкөнү бааны арзандаткан жок.

Кумшекер 46 сомдон 60 сомго чыккан, суумай 100 сомдон 176 сомго көтөрүлгөн бойдон турат. Эл болсо азык-түлүккө болгон баалардын өсүшүн жөнгө сала албаган «мактанчаак» министрдин кесепетинен кымбатчылыкты көтөрө албай мукурап турган кези.

Дегеле кымбатчылыгы боюнча Кыргызстан ЕАЭБде «чемпион» болууда. Буга өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугуна кам көрө албаган Улукбек Марипов менен Аскарбек Жаныбековдун «салымы» чоң экени талашсыз. Мындай алсыз жетекчилер менен кантип өнүгөбүз?..

Булак: Азия News гезити

Последние новости