www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Байден адатынча элге дагы шылдың болду

АКШ президенти Джо Байден сүйлөшүү учурунда Австралиянын премьер-министри Скотт Моррисондун атын унутуп оңтойсуз абалда калды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.

Шаршемби күнү кечинде Улуу Британиянын премьер-министри Борис Жонсон, анын австралиялык кесиптеши жана АКШ президенти расмий түрдө коргоо жана коопсуздук чөйрөсүндө жаңы AUUKUS өнөктөштүгү түзүлгөндүгү тууралуу жарыялашкан.

Демилгенин презентациясы учурунда Байден видео сүйлөшүү аркылуу Жонсондун атын атап ыраазычылык билдирген. Андан кийин бир саамга токтоп, Моррисон турган экранга бурулуп, аны колу менен көрсөтүп рахматын айткан.

Мындан соң президент дагы бир аз убакыт сүйлөбөй туруп калган. Бир нече секунддан кийин Австралия премьер-министрин «карама-каршы тараптагы жигит», «дос» жана «премьер-министр мырза» деп атаган.

Эске салсак, буга чейин Джо Байден бир нече жолу мамлекеттердин жана өлкө башчыларынын аты-жөнүн алмаштырып айтып алган учурга кабылган. Бир ирет ал Ливия менен Сирияны алмаштырып алса, дагы биринде Ирак менен Иранды айырбаштаган. Үчүнчү жолу ал Дональд Трамп менен Барак Обаманын аты-жөнүн чаташтырып алган болчу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости